Жийде (Өзгөн району)
Jump to navigation
Jump to search
Отурукташкан жай
Жийде
|
Жийде — Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районундагы айыл. Ийри-Суу айыл аймагынын курамына кирет. Деңиз деңгээлинен 1285 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 23 км түн. тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 69 км. Кыштак 1870-жылы отурукташкан. Калкы 3381 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт [1].
Аба ырайы[оңдоо | булагын оңдоо]
Айылда кыш мезгили 4-5 айга чейин созулат, жай мезгилинде орточо температурада болуп, шамал түндүк-батыш тараптан согуп турат, ал эми жай мезгили салкын болот.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
Эскермелер[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.