Кыргызстандын парламенттик шайлоосу (2021)

Википедия дан

Парламенттик шайлооКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги парламенттик шайлоосу 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган. Тийиштүү жарыкка 27-августта президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул шайлоо 2020-жылы өткөрүлгөн шайлоонун кайрадан өткөрүлүшү болуп эсептелет. 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл жана партиялардын мүчөлөрү массалык нааразылык акциясын уюштуруп жыйынтыгында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кеткен. Аны менен бирге, борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Шайлоо тутуму[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күчүнө кирген мыйзам боюнча, Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзам өзгөртүлгөн. Конституцияга ылайык, парламенттин курамы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

2021-жылдын 11-апрелинде Референдум аркылуу Кыргыз Республикасы жаңы Конституция кабыл алган. Баш мыйзамга президент тарабынан 5-майда кол коюлган. Ага ылайык мамлекет президенттик башкарууга өткөн.

Шайлоого катышчу саясий партиялар 3-сентябрга чейин, жеке талапкерлер 6-сентябрга чейин БШКга шайлоого катышары тууралуу билдирме берүүгө тийиш. Партиялар үчүн шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 миллион сом. 1-сентябрга карата 15 партия шайлоого катышары белгилүү болгон.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү этабы төмөнкүчө. Шайлоого катышууну каалаган жарандар 18-октябрь саат 18:00гө чейин төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

  • Саясий партиянын мөөрү жана жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызы;
  • Өмүр баяны, паспорттун, жогорку билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалым кат, башка мамлекетте жарандыгы жок экени (мурдагы жарандыктары), соттуулугу боюнча жекече маалыматтарды текшерүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу;
  • 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Ал эми талапкерлигин койгон жарандарга төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

  • Президенттен, Жогорку Кеңеш же жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер, мамлекеттин, муниципалитеттин 30 пайыздан ашык үлүшү бар ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери талапкерлигин койсо кызматтык ыйгарым укуктарын токтотот;
  • Мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы, муниципалдык кызматчы, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат;
  • Анын кызматтан четтеп туруу боюнча жазган арызы үч күндүн ичинде кабыл алынышы шарт. Ошол эле учурда ага маянасынын орточо өлчөмү төлөнүп берилет.
  • Талапкерлигин койгон жаран ыйгарым укуктарын токтоткондугу тууралуу буйруктардын көчүрмөсүн БШКга тапшырат.


"Ата Мекен" — 1; "Бүтүн Кыргызстан" — 2; "" — 3; "" — 4; "Ыйман Нуру" — 5; "" — 6; "Багыт" либералдык-демократиялык партиясы — 7; "" — 8; "Ишеним" — 9; "Азаттык" демократиялык партиясы — 10; "Мекенчил эл" — 11; Кыргызстандын жашылдар партиясы — 12; "Жашасын Кыргызстан" — 13; "Социал-демократтар" — 14; "Аруузат-Эл куту" — 15; "Бирдиктүү Кыргызстан" — 16; "Улуттар биримдиги" — 17; "Эл үмүтү" — 18; "Ордо" — 19; "Улуу-Журт" — 20; "Ата-Журт Кыргызстан" — 21

Талапкер партиялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

Эн белгиси Талапкер партия Төрөгасы
1 «Ата-Мекен» Өмүрбек Текебаев
2 «Бүтүн Кыргызстан» Адахан Мадумаров
3 Альянс
4 ЛЕГАЛАЙЗ
5 «Ыйман Нуру» Нуржигит Кадырбеков
6 «Күчтүү регион»
7 "Багыт" либералдык-демократиялык партиясы
8 «Ынтымак»
9 «Ишеним»
10 "Азаттык" демократиялык партиясы
11 «Мекенчил эл»
12 Кыргызстандын жашылдар партиясы
13 Жашасын Кыргызстан
14 «Социал-демократтар»
15 «Аруузат-Эл куту»
16 «Бирдиктүү Кыргызстан»
17 Улуттар биримдиги
18 «Эл үмүтү»
19 «Ордо»
20 «Улуу-Журт»
21 «Ата-Журт Кыргызстан»

Бир мандаттуу талапкерлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир мандаттуу шайлоо округдарын калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзгөн. Мыйзамда шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт. Бирок Алай шайлоо округуна Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун ары жагында жайгашкан Кара-Кулжа району кошулуп калган.


Аймактар / мандат Округтар Шайлоочулардын саны

Баткен облусу
(3 мандат)
№1 Лейлек шайлоо округу

Бул округга Сүлүктү шаары толугу менен кошулат. Лейлек районунун Исфана шаары жана бардык айыл аймактары кирет.

90 075
№2 Баткен шайлоо округу

Баткен району жана Баткен шаары толугу менен, Кадамжай районунун Халмион, Совет, Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак айыл аймактары, Алга айыл өкмөтүнүн №8145, 8146, 8172, 8202 шайлоо участкалары кирет.

102 010
№3 Кадамжай шайлоо округу

Кызыл-Кыя шаары толугу менен, Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен шаарлары, Бирлик, Үч-Коргон, Чаувай, Абсамат Масалиев, Майдан, Марказ, Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактары, Алга айыл аймагынын №8147 шайлоо участкасы биригет

112 968

Ош облусу
Ош шаары
(9 мандат)
№4 Ноокат шайлоо округу

Ноокат районунун Ноокат шаары, Көк-Жар, Бел, Жаңы-Ноокат, Гулистан, Мирмахмудов, Кара-Таш, Т.Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кеңеш, Насирдин Исанов, Көк-Бел айыл аймактары кирет

120 184
№ 5 Араван шайлоо округу

Араван районунун Алля Анаров, Керме-Тоо, Мангыт, Нур-Абад, С. Юсупов, Тепе-Коргон, Чек-Абад, Төө-Моюн айыл аймактары кирет. Ноокат районунун Төөлөс, Ынтымак, Он-Эки-Бел, Найман, Т. Кулатов айыл өкмөттөрү кошулат.

110 451
№6 Ош-1 шайлоо округу

Ош шаарынын Ош-ТС-Жапалак, Ош-ТС-1, Ош-ТС-2, Ош-ТС-3; Кара-Суу районунун Папан айыл аймагы толугу менен кирет.

99 189
№7 Ош-2 шайлоо округу

Ош шаарынын Ош-ТС-4, Ош-ТС-5, Ош-ТС-6; Кара-Суу районун Төлөйкөн айыл аймагы толугу менен жана Шарк айыл аймагындагы № 5233, 5234, 5511, 5459 шайлоо участкалары толугу менен кирет.

87 318
№8 Кара-Суу-1 шайлоо округу

Кара-Суу районунун Кара-Суу шаары, Савай, Сарай, Ак-Таш, Жоош айыл аймактары толук жана Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы №5205, 5206, 5207, 5208, 5209, 5210, 5211, 5506, 5507 шайлоо участкалары, Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтү кирет.

86 598
№9 Кара-Суу-2 шайлоо округу

Кара-Суу районунун Нариман, Шарк айыл аймагындагы №5228, 5229, 5230, 5231, 5232, 5235, 5236, 5460, 5510, 5546, 5590, 5778 шайлоо участкалары, Мады, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү № 5212, 5213 шайлоо участкалары жана Кызыл-Кыштак айыл аймагы толугу менен кирет.

97 460
№10 Куршаб шайлоо округу

Өзгөн районунун Өзгөн шаарындагы № 5058, 5059, 5060, 5062, 5063, 5473, 5498, 5578, 5579 шайлоо участкалары, Кароол, Куршаб, Кара-Таш, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь айыл аймактары кирет. Ага Кара-Суу районунун Кызыл-Суу, Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Катта-Талдык, Сары-Колот айыл аймактары кошулган.

93 024
№11 Өзгөн шайлоо округу

Өзгөн районунун Ак-Жар, Алтын-Булак, Жазы, Зергер, Көлдүк, Кызыл-Тоо, Мырзаке, Салам-Алик, Баш-Дөбө, Дөң-Булак, Жылалды, Ийри-Суу, Төрт-Көл, Чаңгет айыл аймактары, Өзгөн шаарындагы №5499, 5064, 5065, 5061, 5066 шайлоо участкалары кирет.

89 141
№12 Алай шайлоо округу

Алай , Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн.

114 940

Жалал-Абад облусу
(7 мандат)
№13 Сузак шайлоо округу

Сузак районунун Көк-Жаңгак шаары, Атабеков, Багыш, Кара-Алма, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Курманбек, Кыз-Көл, Кызыл-Туу, Сузак айыл аймактары кирет.

111 287
№14 Жалал-Абад шайлоо округу

Жалал-Абад шаары толугу менен, Сузак районунун Барпы, Ырыс, Таш-Булак, Ленин айыл аймактары кирет.

106 138
№15 Базар-Коргон шайлоо округу

Базар-Коргон жана Тогуз-Торо району толугу менен кирет.

112 932
№16 Ноокен шайлоо округу

Майлуу-Суу шаары жана Ноокен району толугу менен кирет.

95 129
№17 Аксы шайлоо округу

Аксы району толугу менен кирет.

80 516
№18 Ала-Бука шайлоо округу

Ала-Бука жана Чаткал райондорунан куралган.

80453
№19 Токтогул шайлоо округу

Токтогул району жана Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары толугу менен кирет.

99 909

Талас облусу
(2 мандат)
№20 Манас шайлоо округу

Кара-Буура жана Манас райондору толугу менен, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө, Боо-Терек, Ленинполь, Миң-Булак, Оро айыл аймактары кирет.

82 676
№21 Талас шайлоо округу

Талас шаары жана Талас району, Бакай-Ата районунун Акназаров, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш айыл аймактары кирет.

80 433

Чүй облусу
(6 мандат)
№22 Жайыл шайлоо округу

Жайыл жана Панфилов районунун бардык шаар, айылдарынан куралат.

99 663
№23 Москва шайлоо округу

Москва району толугу менен Сокулук районунун Төмөнкү Чүй, Ат-Башы, Жаңы-Жер, Камышановка, Жаңы-Пахта, Биринчи май айыл аймактарынан турат.

87 801
№24 Сокулук шайлоо округу

Сокулук районунун Шопоков шаары, Орок, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Новопавловка, Военно-Антоновка, Фрунзе, Гавриловка, Сокулук, Кайназарова, Крупская, Төш-Булак, Асылбаш, Саз айыл аймактары кирет.

99 755
№25 Аламүдүн шайлоо округу

Аламүдүн району толугу менен бир округ деп эсептелет.

111 115
№30 Ысык-Ата шайлоо округу

Ысык-Ата районунун Кант шаары жана бардык айыл аймактары кирет.

96 697
№31 Кемин шайлоо округу

Токмок шаары, Кемин жана Чүй райондору толугу менен кирет.

114 743

Бишкек шаары
(4 мандат)
№26 Ленин шайлоо округу

Ленин району толугу менен киргизилип, ашып калган 11 шайлоо участкасы башка округга кошулган.

110 870
№27 Биринчи май шайлоо округу

Биринчи май району толугу менен, Ленин районундагы №1002, 1003, 1004, 1005, 1006, 1007, 1040, 1041, 1042, 1043, 1044 шайлоо участкалары кирет.

109 309
№28 Октябрь шайлоо округу

Октябрь району толугу менен, эки шайлоо участкасы башка округга кошулган.

105 320
№29 Свердлов шайлоо округу

Свердлов району толугу менен, Октябрь районундагы №1150, 1157 шайлоо участкалары кирет.

103 101

Нарын облусу
(2 мандат)
№32 Кочкор шайлоо округу

Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондору бириктирилип бир округ түзүлгөн.

104 250
№33 Нарын шайлоо округу

Нарын шаары, Ат-Башы жана Нарын району кошулган.

104 851

Ысык-Көл облусу
(3 мандат)
№34 Жети-Өгүз шайлоо округу

Тоң жана Жети-Өгүз райондору толугу менен, Каракол шаарынын №3131, 3132, 3161 шайлоо участкалары кирет.

108 452
№35 Ак-Суу шайлоо округу

Каракол шаары (№3131,3132, 3161 шайлоо участкаларынын тышкары) Ак-Суу жана Түп райондору кирет.

118 513
№36 Ысык-Көл шайлоо округу

Ысык-Көл району жана Балыкчы шаары толугу менен, Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагы кирет.

89 607

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]