Лаң Йиң

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Профессор Лаң Йиң Бээжин шаарында эл аралык илимий жыйында. 19.10.2015.

Лаң Йиң (ханзуча: 郎樱; англисче: Lang Ying; 1941-жылы чын курандын (апрелдин) 29-күнү Бээжин шаарында туулган) – кытайлык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор. Теги - ханзу. Кытайдагы «Тоо гүлү» сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын «Данакер» орденинин ээси (2011).

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

«Манас» дастанын изилдөөчү Лаң Йиң айым 1941-жылы чын курандын (апрелдин) 29-күнү Бээжин шаарында дүйнөгө келген.

1965-жылы теке (июл) айында Лаң Йиң айым Бээжиндеги Борбордук улуттар институтунун аз улуттар тил-адабияты факултетинин уйгур тил-адабияты кесибин бүтүргөн.

Ал Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун баш калаасы Артышка келип, Жуңго адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмеси элдик адабият-көркөм өнөр изилдөө коомундагы алгачкы кызматтык кадамын Жуңго элдик адабият-көркөм өнөр изилдөө коому, Шинжаң уйгур автоном райондук адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмеси, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу биргелешип жүргүзүп жаткан «Манас» эпосун жазмага алуу жана которуу кызматынан баштаган.

1966-жылы, 9 айдан кийин, «маданият ыңкылабы» маалында, Лаң Йиң айым Бээжинге кайтып келет, бирок жалган жалаа менен айыпталып, бир кыйла убакыт Жыңхай ооданында сүргүндө болот.

1976-жылы «маданият ыңкылабы» соңуна чыкканда ал жапон тилин үйрөнүп, «Ислам музыкалары», «Жапон музыка тарыхы», «Тайван тургундарынын улуттук музыкалары» котормо китептерин чыгаргандыгы үчүн маданият министирлигинин көркөм өнөр изилдөө институтуна караштуу Музыка изилдөө ордунун чет эл музыкаларын изилдөө ишканасына жиберилет.

Мында ал «Иле мукамы» тексттерин которууга салым кошот.

1979-жылы изилдөөнүн жетекчиси менен бирге Түштүк Шинжаңга келип, Кашкардан Турпанга чейин 20 күндөй коомдук текшерүүдө болгон.

1980-жылы Лаң Йиң айым Кытайдын маданият министрлиги уюштурган музыкант, бийчилер тобунун курамында котормочу катары Жапонияда бир ай зыяратта болгон.

1983-жылы Лаң Йиң айым Кытай Коомдук илимдер академиясында аз сандуу улуттар адабиятын изилдөө орду курулганда академияга которулуп келип, уйгур жана түрк адабиятын изилдөө менен алектенет.

Ал орток түрк акыны Жусуп Баласагындын мурасы жаатында «"Кут даарытар илим" жана чыгыш-батыш маданияты» китебин чыгарып, батыш-түндүк адабиятын изилдөө ишканасынын жетекчиси болуп дайындалат.

1986-жылы Лаң Йиң айым Кытай аз сандуу улуттарынын эпосторун изилдөө мамлекеттик коомдук илим изилдөө түрүнө кирип, үч эпосту изилдөө кызматы жүргөндө өз кезиндеги «Манасты» которуу иштерине катышкандык тажрыйбасы эске алынып, жетекчиликтин тапшыруусу менен «Манас» эпосун изилдөөгө баш-оту менен киришип кетет.

Лаң Йиң айым өзү айтканындай, «Манас» эпосу жандуу формада байыркыдан бүгүнгө дейре айтылып келгендиги жана «бүгүнкүнүн Гомери» атыккан Жүсүп Мамайдын толук варианты болгондугу үчүн китеп дөбөсүнө бекинип Бээжинде жатып албастан, кыргыз оодандарына үзбөй саякат кылып турду. Бул сапарлары маалында ал калың элдин турмушун көрүп, манасчыларды зыяраттап, алардын айткан «Манасын» угуп, манасчы менен угармандарын күзөтүп, бир канча жолу талаа текшерүүсүндө болуп, көптөгөн материалдарды түп нуска катары жыйнап, «Манас» эпосун терең изилдөөгө алат.

Профессор Лаң Йиң Үрүмчү шаарында манас таанууга арналган эл аралык илимий жыйында. Кытай. 25.10.2015.

Ал өзү жыйнаган мол материалдардын негизинде системалуу изилдөө жүргүзүүнүн аркасында 1990-жылы «Жуңго аз сандуу улуттардын баатырдык эпосу "Манас"» аттуу атайын эмгегин басмадан чыгарып, Кытайда манас таануу илиминин заманбап түптөлүүсүнө негиз салган.

Ушул китеби жарыялангандан кийин мамлекет ичи-сыртында жарыяланган «Манаска» байланыштуу макала, материалдарга терең үңүлүп, өзүнүн изилдөө багытын ансайын кеңиртип, «Манас» дүйнөсүнө тереӊдей кирет.

Ал мындай көп багыттуу илимий тажрыйбаларынын негизинде уландуу изилдөөсүн тереңдештирип, 1999-жылы 430 миң катты камтыган көлөмдүү изилдөө эмгеги «"Манас" жөнүндө изденүү» аттуу эмгегин жарыялайт.

Лаң Йиң айымдын «"Манас" жөнүндө изденүү» эмгеги Жуңго адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмеси менен Жуңго элдик адабият-көркөм өнөрчүлөр коому ыйгарган «Тоо гүлү» сыйлыгынын биринчи даражадагы «арналуу китеп» сыйлыгын алат.

Лаң Йиң айым 1993-жылдан 2003-жылга чейин улуттук адабият изилдөө ордунун орунбасар башчылык милдетин аркалап, Кытайдын мамлекеттик коомдук илимдер фондунун «Жуңгодогу ар кайсы улуттардын байланышын изилдөө» түрүнө моңгул изилдөөчү менен бирге жооптуу болуп 1 миллион 200 миң каттуу «Жуңгодогу ар кайсы улуттардын байланышын изилдөө» китебин түзүп, басмадан чыгарат.

Лаң Йиң айым 24 жашында «Манас» эпосун которуу кызматына киришип, 69 жашында Каражүл айыл аймагынын Кызылой айылына коомдук текшерүүгө барганга чейин 40 жылдай «Манас» баштаган элдик эпосторду изилдеп келди.

Ал Кытайдагы жана башка мамлекеттердеги илимий журналдарда 60тан ашуун китеп-макалаларын жарыялады. Уйгур, моңгул, кыргыз улутундагы беш докторду илимий жетекчи катары тарбиялап чыгарды.

2010-жылы Лаң Йиң айым ардактуу эс алууга чыгат.

Учурда Лаң Йиң айым Бээжинде жашайт. Ал дагы эле кыргыз таануу жаатында шакирттерине насаат берүүсүн улантып келет.

Манас таануудагы салымдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Профессор айымдар Ыңгөң О (오은경; Eun-kyung Oh) менен Лаң Йиң (оңдогу четте) уйгур дастандарына арналган илимий жыйында. Бээжин ш., Кытай. 19.10.2015.

«Жуңго (Кытай) аз сандуу улуттарынын баатырдык эпосу "Манас"» китеби Лаң Йиң айымдын «Манас» жөнүндөгү алгачкы арналуу эмгеги болуп саналат. Аталган чыгарма мамлекетибиздин атактуу фольклор таануучусу Лыйу Куйлы түзгөн «Жуңгонун эл маданияты желелеш жыйнагына» киргизилип, Жыйе Жаң агартуу басмасынан жарык көргөн. Китеп жалпы 117 миң кат, 1990-жылы 8-айда биринчи жолу 1995-жылы 3-айда толуктанып экинчи жолу кайра басылган.

Бул КЭРдин илимпоздору «Манас» эпосун изилдөө боюнча атайын жазып басмадан чыгарган чыгарма, ошондой эле автордун «Манасты» көп жылдар бою изилдеген, бир кыйла толук системалуу чыгарган эмгеги болуп саналат.

Бул чыгарманын жарык көрүшү КЭРдеги манас таануу илимин өнүктүрүүгө жол салып, «Манас» эпосун изилдөөнүн пайдубалын түптөдү. Китеп «"Манас" жана кыргыздар», «"Манастын" түптөлүүсү жана өнүгүүсү», «Манасчылар - эпостун улантуучулары жана жаратуучулары», «Баатыр Манастын төрөлүшү», «"Манастагы" кейипкерлер образы», «"Манастын" көркөмдүк өзгөчөлүгү», «"Манас" жана кыргыздардын эл ооз адабияты», «"Манас" жана дин», «"Манас" жана чыгыш-батыш эпостору» сыяктуу тогуз баптан куралган.

Мындан автордун «Манас» эпосундагы улуттук маданият арткы көрүнүшүнөн өңүт жүргүзүп, анын жалпылыкка келүүдөгү нугу, мазмуну, көркөмдүк өзгөчөлүктөрүн иликтеп, кыргыз эл ооз адабиятындагы орду, байланышы, ошондой эле бүткүл дүйнө эпосчулук илиминдеги орду сыяктуу ар кайсы жактардан орундуу талкууларды алып барган.

Кытайдагы коомдук илим түрү боюнча «8-беш жылдык» долбоорундагы түйүндүү темасы боюнча жазган «"Манаска" жоромол» («Ички Моңгул университети басмасы, 1991-жыл) арналуу эмгеги Лаң Йиң айымдын изилдөө эмгегине жемиштүү натыйжаларын берди. Аталган китеп «Манас» эпосун алгач жолу тарыхый жаралышы, дин, тарых, көркөм адабият менен болгон байланышы жаатында «Жаңгыр», «Гэсэр» эпостору менен салыштырууга алат жана бул дастандардын окшоштук, айырмачылыктары илимий талдоого алынат.

Лаң Йиң айым жазган «"Манаска" жоромол» китебинин 3-бабы «"Манастын" таралуу, өнүгүү жана өзгөрүү барышында» деп аталган, анда эпостун таралуусундагы өзгөчөлүктөр: 1. «Манас» эпосу баштан-бойго уйкаштыгы айкалышкан ыр формасында шыдыр айтылат. 2. «Манас» айтуудагы убакыт, орун, чөйрө анча чектемеге учурабайт. «Манас» айткандагы чөйрө болсо кыргыздардын ак үйүндө манасчы төрдө олтурса, угармандары тегеректеп олтурушат، демейде «манас» айтуу кечкурун уйуштурулат. 3. «Манас» айтуу диндик шариаттардан алкыган өзгөчөлүккө ээ болуп, ысырык салып, шам жагуу дегендей табынуу ырымдары коштолбойт деп чагылдырылат.

«"Манаска" жоромол» эмгегинин 5-бабы болгон «Угарман - "Манастын" жаны» темасында кабыл кылуу эстетикасы өңүтүнөн «Манас» эпосунун угармандары изилдөөгө алынат. Ал изилдөө баяндарында: «Угармандардын эпосту кабылдашы караманча таңууланбастан, угармандар эпосту кабыл алуу барышында манасчы менен бирге эпосту кайрадан жаратышат», - деп чечмелейт.

Лаң Йиң айым 1995-жылы баш оона (август) айында Кыргызстанда өткөн «Манас - 1000» эл аралык илимий жыйынында «Кытайдагы манас таануу» темасындагы макаласы менен атайын барып катышып, «Манас» эпосунун кезиндеги эң жаңы изилдөө учурларынан кабардар болуп, эпоско байланышкан көп багыттуу ылымдык темалар боюнча ыстыроолук изилдөөгө катышып, кундуу макалаларын арты-артынан жарыялайт.

Лаң Йиң айымдын «"Манастын" трагедиялык кунары» («"Манас" изилдөөсү» - Шинжаң эл басмасы, 1994-жыл), «Эпостун таралып, өнүгүүсүндөгү угармандардын орду жана ролу» («Улуттук адабият изилдөөсү», 1991-жыл, 3-сан) макаласында эстетика илими өңүтүнөн эпостогу эстетик категориялар камтылган эстетикалык идеялар, манасчы менен угарман ортосундагы эстетикалык кабыл алуу барышы жөнүндө талкуу жүргүзөт.

«Мамлекетибиз үч чоң эпосун салыштырып изилдөө» («Батыш өрөөн изилдөөсү», 1994-жыл, 3-сан), «"Манас" менен "Жаңгыр" эпосторун салыштыруу» («Ойроттор изилдөөсү», 1990-жыл, 3, 4- бирикме саны), «Түрк эпостору менен Грекия эпосторун салыштыруу» («Жуңго салыштырма адабияты», 1993-жыл, 2-сан, «"Манас" менен Грекия эпосторун салыштыруу» («Улуттук адабият изилдөөсү», 1995-жыл, 1-сан), «Түрк эпосторундагы баатырдын өзгөчө төрөлүү мотивиндеги шаман маданиятынын элементтери» («Элдик адабият секциясы», 1989-жыл, 2-сан), «Баатырдын кайра төрөлүүсү - түрк элдеринин баатырларынын адам-жер мотивин изилдөө» («Элдик адабият секциясы», 1994-жыл, 3-сан), «Манас образынын байыркы маданияттык катмары - баатырдын канкор, катынпоз, уйкучул, өлүп кайра тирилүү мотиви жөнүндө изилдөө» («Элдик адабият изилдөөсү», 1993-жыл, 2-сан), «Чыгыш-Батыш адабиятындагы жалгыз көздүү дөө мотиви» («Батыш өрөөн изилдөөсү», 1993-жыл, 3-сан) сыяктуу макалаларда чыгыш маданиятына таандык үч чоң эпосу менен батыш эпосторун салыштырып, алардагы айырмачылыкты жана үч чоң эпостогу ортоктук менен өзгөчөлүктү салыштырма адабият илими туругунан мотивдер боюнча карайт.

Лаң Йиңдин «"Манас" эпосунун баян курулмасы» аттуу макаласында батылдык менен батыштын бүгүнкү баян илими изилдөө негизин колдонуп, эпостун баян курулмасын изилдөө жактарындагы кемтикти толуктады. Автор изилдөөсүндө катмарлар боюнча ичкерилей кирүүнү баяндоодогу убакыт, өңүт, курулмадан турган үч жактан чечмелейт. «"Манас" эпосунун варианттары жана изилденүү абалы» аттуу макаласында «Манас» эпосунун үч вариантын салыштырып, эпос мурасталып айтылуу барышында окшобогон варианттарга бөлүнүп өзгөрсө да, эпостогу башкы линиянын өзгөрбөгөндүгүн көрсөтүп берет (Ваң Бавлоң: «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манасты" изилдөө» (ханзу тилиндеги «Шинжаң көркөм өнөр институту илимий журналы», 2010-жыл, 2-саны, 17-бет).

«"Манас" жана шаман маданияты» («Элдик адабият секциясы», 1987-жыл, 1-сан), «Алтай тилдер системасындагы улуттардын баян адабияты жана шаман маданияты» («Улуттук адабият изилдөөсү», 1988-жыл, 4-сан), «"Манас" эпосу жана кыргыз элдик адабияты» («Улуттук адабият изилдөөсү» 1990-жыл, 3-сан) макалаларында «Манас» эпосун маданияттык курам, катмарлар боюнча изилдөөгө алат.

Профессор Лаң Йиңдин «"Манас" жөнүндө изденүү» аттуу монографиясы (1999) мазмун жагынан мурдагы китептеринен чыйрак чыкты. Айрым көз караштарда алдынкы чыгармасынан кай бир маселелерди баяндоодо тереңдикке бет алды. Алып айтсак, автор кабылдоо эстетикасы илиминин назарыясынан пайдаланып угармандардын эпосту таратуу, сактап калуу, өнүктүрүү, вариантташтыруудагы ролун тереңдей түшүнүп, жандуу формадагы эпосту изилдөөнү кеңири назарыя жайыты менен камдаган.

Профессор Лаң Йиң «Манас» эпосунун эстетикалык өзгөчөлүгүн анализдеп, элдин «Манас» эпосунун трагедиялык өзгөчөлүгү менен таанымын зор даражада тереңдештирди жана «Манастын» чыгыш-батыштын баатырдык эпостору менен салмактанып турган маңыздуу өзгөчөлүктөрүн айгинелеп берди. Ал эпостун техникалык идеясы, доор арткы көрүнүшү, персонаждарга анализ жүргүзүү, жөрөлгөлүү изилдөө аргасынан арылып, эпостун эстетикалык өзгөчөлүгүнө анализ жүргүзүүгө өтүп, эстетикалык өӊүттөн жандуу формадагы оозеки эпостун улануу, өнүгүү мыйзамдарына ой жүгүрттү (Адыл Жуматурду: «"Манас" деп ураан чакырып», 229-бет).


Сыйлыктары. Наамдары.[оңдоо | булагын оңдоо]

Кытайлык профессор Лаң Йиң айым (солдо) менен кыргыз профессору Тынчтыкбек Чоротегин уйгур дастандарына арналган эл аралык илимий жыйында. Бээжин ш., Кытай. 19.10.2015.

Кытайдагы «Тоо гүлү» сыйлыгынын ээси.

1991-жылы Кытайдын маданият министрлиги менен Мамлекеттик улуттук иштер комитети тарабынан «Манас» эпосун сактоо, иреттөө, басмадан чыгаруу, изилдөөгө салым кошкондугу үчүн сыйлыгын алган.

2007-жылы Кытайдын маданият министрлиги тарабынан «мамлекеттин заттык эмес маданий мурастарын коргоо кызматындагы озот жеке» атагын алган.

2011-жылы 9-айда Кыргыз Республикасынын «Данакер» орденинин ээси болот.


Эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Лаң Йиң. "Манас" жөнүндө изденүү. – Бээжин, 1999. – 430 миң иероглиф.
  • Лаң Йиң. Жуңго аз сандуу улуттарынын баатырдык эпосу "Манас". – Бээжин: Жыйе Жаң агартуу басмасы, 1990. - 117 миң иероглиф. - «Жуңгонун эл маданияты желелеш жыйнагына» түрмөгү. – Толукталган 2-басылыш. – 1995.
  • Лаң Йиң. "Манаска" жоромол. – Хух-Хото: Ички Моңгул университети басмасы, 1991.
  • Лаң Йиң. "Манас" жана шаман маданияты // Элдик адабият секциясы, 1987-жыл, 1-сан.
  • Лаң Йиң. Мамлекетибиз үч чоң эпосун салыштырып изилдөө // «Батыш өрөөн изилдөөсү», 1994-жыл, 3-сан.
  • Лаң Йиң. "Манас" менен "Жаңгыр" эпосторун салыштыруу // «Ойроттор изилдөөсү», 1990-жыл, 3, 4- бирикме саны.
  • Лаң Йиң. Түрк эпостору менен Грекия эпосторун салыштыруу // «Жуңго салыштырма адабияты», 1993-жыл, 2-сан.
  • Лаң Йиң. "Манас" менен Грекия эпосторун салыштыруу // «Улуттук адабият изилдөөсү», 1995-жыл, 1-сан.
  • Лаң Йиң. Түрк эпосторундагы баатырдын өзгөчө төрөлүү мотивиндеги шаман маданиятынын элементтери // «Элдик адабият секциясы», 1989-жыл, 2-сан.
  • Лаң Йиң. Баатырдын кайра төрөлүүсү - түрк элдеринин баатырларынын адам-жер мотивин изилдөө // «Элдик адабият секциясы», 1994-жыл, 3-сан.
  • Лаң Йиң. Манас образынын байыркы маданияттык катмары - баатырдын канкор, катынпоз, уйкучул, өлүп кайра тирилүү мотиви жөнүндө изилдөө // «Элдик адабият изилдөөсү», 1993-жыл, 2-сан.
  • Лаң Йиң. Чыгыш-Батыш адабиятындагы жалгыз көздүү дөө мотиви // «Батыш өрөөн изилдөөсү», 1993-жыл, 3-сан.
  • Лаң Йиң. "Манастын" трагедиялык кунары // «"Манас" изилдөөсү». - Шинжаң эл басмасы, 1994.
  • Лаң Йиң. Эпостун таралып, өнүгүүсүндөгү угармандардын орду жана ролу // «Улуттук адабият изилдөөсү», 1991-жыл, 3-сан.



Ал тууралуу адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Лю Фажун. «Манас» эпосун жыйноо, которуу кызматына 30 жыл. – Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 1994.
  • Ху Чженхуа, Мухамед. «Манас» жана анын варианттарын жана булактарын изилдөө:[Текст]/Ху Чженхуа // Шинжаң коомдук улуттар кабарлары. - 1989. - № 4.
  • Ху Чженхуа, Дор Реми. Синьцзяндык кыргыздардын «Манасы» // Ала-Тоо, 1995.
  • Ху Чженхуа, Мухамед. Хэйлунцзян провинциясындагы Фуюй уездинин кыргыздары: [Текст] / Ху Чженхуа. - Үрүмчү: Борбордук улуттар ун-ти, 1981.
  • Мамбетакун М. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), М. А. Карыбаева, ж.б.; Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган илимий редактор Чолпон Субакожоева. - Бишкек: “Нур-Ас” басмасы, 2014. - 319 б. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – ISBN 978-9967-12-428-8.
  • Ысак кызы, Токтобүбү, Жуматурду уулу, Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. - “Тарых жана мурас” түрмөгү [Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ]. - ISBN 978-9967-12-401-1.
  • Мамай Ж. Манас / Айтуучу Жүсүп Мамай; Жооптуу редакторлору Абдырай Осмон, Маметкары Абдыкерим, Сабыржан Турганбай; сунушталган редактору Макелек Өмүрбай. – 2-басылыш. - Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 2012. – 1875+6 бет. – Шинжаң Уйгур аптоном райондук эл ооз адабийет – көркөм өнөрчүлөр коому. – ISBN 978-7-228-08932-1.
  • Райхл К. Тюркский эпос. Традиции, формы, поэтическая структура: [Текст] /К. Райхл. Пер. с англ. В. Трейстер под ред. Д.А. Функа. - M., Восточная литература, РАН, - 2008. - 383 с.
  • Турдуева А. Кытайлык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы (1950-1990жж.) Тарых илим. канд. диссертациясы: 07.00.02: [Текст]/А. Турдуева. Тарых ин-ту КР УИА. - Б., 1997.
  • Субакожоева Ч. Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) [Текст] / Ч. Субакожоева. Илимий ред. проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б.
  • Turdu, Mambet / Gundula Salk. "The Fu-Yu Gïrgïz and their past. Three stories collected in Manchuria during the Period of the Establishment of the People’s Republic of China". In: Turcica 30 (1998), pp. 287-296.
  • Zhang Ding Jing. Central Asian ethnic language and culture studies: Professor Hu Zhenhua 80th anniversary of the birth of the 60th anniversary of the Central University for Nationalities school building, Beijing, Central University for Nationalities Press (January 1, 2000). - ISBN-10: 7566000896. - ISBN-13: 978-7566000897
  • Ху Чжэнхуа. Макалалардын толук жыйнагы. – Т. 1-3. – Бээжин, 2012.
  • Ху Чжэнхуа. Кытайдагы кыргыздардын тили менен маданиятын изилдөө. – Бээжин, 2012.
  • Ху Чжэнхуа. Борбордук Азиядагы дунган таануу жаатындагы изилдөөлөр. - Бээжин, 2012.
  • Ху Чжэнхуа. Улуттук маданияттар тууралуу макалалар жыйнагы. - Бээжин, 2009.
  • Ваң Бавлоң. «Кыргыздардын баатырдык эпосу "Манасты" изилдөө» // (ханзу тилиндеги «Шинжаң көркөм өнөр институту илимий журналы», 2010-жыл, 2-саны, 17-бет.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Сүрөт баян[оңдоо | булагын оңдоо]

Профессорлор Ыңгөң О (солдо), Т.Чоротегин жана Лаң Йиң (оңдо) Бээжин шаарында уйгур дастандарына арналган эл аралык илимий жыйында. 20.10.2015.