Манглай субе

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Манглай Субе, (монгол тилинде «мангал» – «маңдай» [«авангард»]) – Моголстандын түштүгүнүн бир бөлүгү. Тарих-и Рашидинин автору Мухаммед Хайдар боюнча дуулаттардын эмири Ордоби (Уртубу, Урдуби) өзгөчө кызматы үчүн Чыңгыз-хандын колунан 7 артыкча укук (өз алдынча добулбас, туусу болуп, хандын жыйынына куралы менен кирүү, жыйында төргө отуруу ж. б.) алып, Чагатайдын тушунда Манглай Субе ага энчиленген. Мухаммед Хайдар «эшиги түштүктү караган үй» («афтабру») деген сөз аркылуу Манглай Субени чагатай тилинде «Күңгөй», «Күнөстүү жер» деп түшүндүрөт. Манглай Субе чыгышынан Куча, Тарбугур (Чыгыш Түркстан); батышынан Самгар, Жакишман (Фергана өрөөнү); түндүгүнөн Ысык-Көл; түштүгүнөн Черчен, Сары Уйгур (Тарым дарыясы менен Лобнор көлүнүн бассейни) чектешип турган. Ага Ак-Суу, Жаркент, Кашкар, Котон, Куча, Ат-Башы, Аксы (Аксыкент), Касан шаарлары карап, эмир Пуладчынын (Болатши) тушунда борбору Ак-Суу болуп калган. Мухаммед Хайдар Пуладчы (Ордобинин небереси) 1347/48-ж. энесинин колуна кеткен жеринен Чагатайдын тукуму Туглук Тимурду таап келип, Моголстандын тагына отургузгандыгы (1347/48) үчүн чоң атасынан калган жети артыкча укугунун үстүнө дагы эки артыкчылыкка (хандын уруксатысыз кошунга эмир дайындоо жана 9 жолу чоң күнөө кылмайын жоопко тартылбоо) ээ болгонун белгилейт. Моголстан жоюлганга чейин Манглай Субе дуулаттарга тийешелүү аймак катары эсептелген. «Тарих-и Рашидиде» бул аймакта жапайы төө менен топоздордун көп кезиккени жана кен байлыктарынан яшма абдан бааланганы тууралуу айтылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мухаммед Хайдар Дулати Тарих-и Рашиди. А., 1999.
  • Бартольд В.В., Дуглат. Соч. Т. V. М., 1968;