Мазмунга өтүү

Нефтиабад

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Нефтиабад
ӨлкөТажикстан
ОблусСогд облусу
РайонИсфара району
Координаттар40°12′52″ с. ш. 70°34′40″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышыПирдевак
Аянты2,5 км²
Убакыт аралыгыUTC+5
Калкы
Расмий тилиТажик тили
Калкы6 000 адам (2017)
Жыштыгы11,5 адам/км²
Улуттук курамытажиктер, өзбектер, кыргыздар, орустар, татарлар
Диний курамымусулмандар, христиандар
Сандык идентификаторлор
Почта индекси735920
Автоунаа коду02
Сайтыnefteabad.ru
Нефтиабад (Тажикстан)

Нефтиабад (таж. Нафтобод) — Тажикстандын Согд облусунун Исфара районундагы шаарча. Нефтибадда көптөгөн улуттар жашайт: татарлар, кыргыздар, тажиктер, өзбектер, орустар .

Фергана өрөөнүндө, Түркстан тоо кыркаларынын этектеринде жайгашкан. Климаты жылуу, субтропиктик, кескин континенттик.

Ошондой эле шаарча Канибадам —Шураб (Кокон — Хаваст линиясы) темир жол станциясына жакын жайгашкан. Райондун борбору менен Исфара — Канибадам жолу аркылуу байланышкан.

Конуш Совет доорунда мунайчылар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн конуш катары түзүлгөн. Калктын негизги иши мунай жана газ өндүрүү болгон.

Нефтиабад дарыянын жээгинде жайгашкан, айылда көптөгөн кооз жерлер бар. Шаардын борборунда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон жоокерлердин эстелиги орнотулган.