Мазмунга өтүү

Исфара

Исфара / Испара (таж. Исфара, согд. Isbara, Isfarī ← «калкан») — Тажикстандын түштүгүндөгү индустриалдуу шаар. Согд облусунун Исфара районунун борбору. Түркстан чокусунун жапыздыгында жана Исфара дарыясынын жээгинде жайгашкан Тажикстандын эң ири шаарларынын бири.

Шаар
Исфара / Испара
Исфарадагы күн чыгуусу.
Өлкө [[ Тажикстан]]
Облус [[Согд облусу]]
Координаттар 42°52′ с. ш. 74°34′ в. д.HGЯO
Ички бөлүнүшү Бахор, Навабад, Сомониён, Чоркыштак[1], Навгилем, Сурх, Чоркух
[[Шаар төрагасы]] Баховаддин Баходурзода
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 5-чи кылым
Биринчи белгиленген 10-чу кылым
Мурунку аталышы Аспара
Исфараң
Аянты 832 км2 км²
Борборунун бийиктиги 863 метр м
Климатынын түрү кескин континенталдуу
Убакыт аралыгы [[UTCUTC+05:00]]
Калкы
Расмий тили [[Тажик тилиОрус тили]]
Калкы 43-47.922[2][3] адам (2024)
Агломерация 285.000
Улуттук курамы Тажиктер — 90%
Диний курамы Ислам
Этнохороним Исфаралык, Испаралык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +992 3462
Почта индекси 735920
Расмий сайты http://isfara.tj/  (таж.)

Исфара Согд облусунун түндүк-чыгышында, эки кошуна мамлекет - Өзбекстан менен Кыргызстандын чек-арасында жайгашкан. Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда Исфара өрөөнүнүн аймагы боюнча аймактык талаштар бар.

Географиялык маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исфара бийик тоолор менен курчалган. Жаратылышы абдан ар түрдүү. Географиялык жактан Исфара Паргана чуңкурунун түштүк-батышында чектешкен Түркстан тоо кыркаларынын системасына кирет.

Köppen климаттык классификациясында Исфара "BWk" классына кирет. Жылуу аба ырайы: континенттик климат, ысык жай жана орточо суук кыш. Абанын орточо температурасы июлда +27°С, январда -3°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 200-500 мм.

Чорку (Чоркух), Исфара шаары, Тажикстан.

Кардын жаашы: климаты континенттик, январдын температурасы өрөөндөрдө 0° тегерегинде өзгөрүп турат, ал эми бийик тоолордо -27°Сге чейин төмөндөйт, июлдагы температурасы +23°Сден +30°Сге чейин. Түздүктө жаан-чачын жылына 150-300 мм, деңиз деңгээлинен 1000 мден жогору 700 мм жана андан көп (бийик тоолуу аймактарда 3000 ммге чейин) жаайт.

Шаардын калкы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаардын калкынын көбү — тажиктер. 1939 жылга карата шаарда 13.123 киши жашаган. Азыр ал сан бат убакытта күчөп жатууда. Алар Ислам дининин сүннөт багытында колдошот.

Исфара шаарынын тажик чалдары.

Шаардын миң жылдан ашык тарыхы бар, ал Саманиддер династиясынын дооруна таандык. Тарыхый булактарда биринчи жолу Исфара 10-кылымда парсы агартуучусу ат-Табаринин «Пайгамбарлар менен падышалардын тарыхы» (Тарих ал-русул вал-мулук) деп аталган тарыхый жылнаамасында эскерилет. Табари («Табари ат-Табари»).

Исфара шаарынын экономикасынын жана маданиятынын өнүгүү мезгили анын Шейбанийлер мамлекетинин курамына кириши менен байланыштуу.

19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башында Исфара Түркстан чөлкөмүндө айыл чарба өндүрүшүнүн ири аймагына айланган өнүгүүгө жаңы дем алган.

Исфара 1929-жылы октябрда Тажик ССРине Хожент районунун курамына кирген.

1977-жылдын 31-январында Исфара шаарынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан Солнечный айылында (айыл толугу менен талкаланган) болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен шаардагы көптөгөн имараттар талкаланган. Ошол эле жайында шаар Советтик армиянын аскер бөлүктөрүнүн (аскердик куруучулар) тарабынан калыбына келтирилген.

Тажик маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, шаар 2022-жылдын сентябрында Кыргызстан менен чек арадагы кагылышуулардан жапа чеккен.

Бул жерде парсы-тажик адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, перс-тажик акыны Сайфи Исфаранги туулган.

Исфарага кош келдиңиз жазуусу.

Исфара эзелтен эле өзүнүн элдик усталары менен атагы чыккан. Бул жерде байыртадан эле жыгачтан оюу, темир устачылык, карапачылык жана башка кол өнөрчүлүк өнүккөн. Айрыкча ганчтын, жыгачтан оюучулардын өнөрү кеңири жайылган.

Шаардын экономикалык абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда шаардын экономикасы тез убакыт менен өнүгүп, бул өз кезегинде калктын жашоо деңгээлин көтөрүүдө. Көптөгөн жаңы соода жана оюн-зоок борборлору, кургатылган жемиштерди кайра иштетүүчү, суусундуктарды чыгаруучу заводдор курулууда. Исфарада енер жайынын ар турдуу тармактарынын ишканалары бар: химия, металлургия, курулуш материалдары жана тамак-аш продуктылары.

Исфара дарыясы.

Исфара шаарындагы ишканалар: эт комбинаты, сүт, нан, спирт, химиялык, гидрометаллургиялык, цемент, жарык берүүчү жабдуулар, минералдык боёк, консерва жана башка заводдор, мебель фабрикасы, курулуш материалдар комбинаты, «Мохира» жана «Шахоло» тигүү бирикмелери, Бинокор. фирмасы, «Таамир-1 (Таъмир)» курулуш уюму.

Исфара шаарындагы эң ири кайра иштетүүчү ишканалар: «Баракат Исфара», «ОРО Исфара» ЖЧКсы жана «Исфарафуд» ЖЧКсы.

Акимиаттын төрагалары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Гулафзо Савриддинова (1988-1993)
  • Халимов Абдухаким (1993-2000)
  • Абдурахим Темурханов (март 2000 - март 2005)
  • Якубова, Мухиба Бобохоновна (? - 25.03.2010)
  • Ашуров, Субхонидин Бурхонович (25.03.2010 – 4.01.2012)
  • Амиров, Рахмонали (4-январь, 2012-ж. - 13.12.2013)
  • Зохидзода, Даврон Абдулкадир (13-декабрь, 2013-жыл - 11-январь, 2016-жыл)
  • Расулзода, Дилшод Жаббори (11-январь, 2016-жыл - февраль 2018-жыл)
  • Саломзода Сиджоуддин (2018-жылдын февраль айынан бери)
  • Акрам Сулаймонзода (2020-жылдын февралынан тарта)

Исфарада 6 радиостанциялары бар, алардын ичинен экөөсү (Миң Кыял FM жана Радио Санжыра) кыргыз тилдүү маалымат чыгарышат.

Транспорттук абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исфарада, ошондой эле Тажикстандын башка шаарларында, анын ичинде Душанбеде кичи автобустар коомдук транспорт катары кызмат кылат. Шаарлар аралык маршруткалар Согд облусунун шаарлары менен айылдарынын ортосунда каттайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]