Сурх

Википедия дан
Отурукташкан жай
Сурх
өзб. Surh
таж. Сурх
Өлкө Тажикстан
Облус Согд облусу
Район Исфара району
Жамаат Сурх
Координаттар 39°59′40″N 70°35′55″E / 39.99444°N 70.59861°E / 39.99444; 70.59861Координаттары: 39°59′40″N 70°35′55″E / 39.99444°N 70.59861°E / 39.99444; 70.59861
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1919
Борборунун бийиктиги 890 м
Убакыт аралыгы UTC+5
Калкы
Расмий тили Тажик тили
Калкы 10 139 адам (2017)
Агломерация 14 456 (2015)
Улуттук курамы өзбектер, тажиктер
Диний курамы Ислам
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +992 3135
Почта индекси 735920
Автоунаа коду 02
Сурх (Тажикстан)
Locator Dot2.gif

Сурх (өзб. Surh, таж. Сурх) — Тажикстан Республикасынын Согд облусунун Исфара районундагы айыл. Климаты жумшак, жылуу, субтропиктик. Бул кичинекей бурчта кеңири бактар жана талаалар бар. Ошондой эле көптөгөн кооз пейзаждар бар.

Географиясы[оңдоо | булагын оңдоо]

Аталган айыл Фергана өрөөнүндөгү Кыргызстан менен чектеш Түркстан тоо кыркасынын этегинде жайгашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен чектешет.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жамааттын аймагы деңиз деңгээлинен 850-890 метр абсолюттук бийиктикте жайгашкан, абанын жылдык орточо температурасы + 13,4 градус жылуу (июлда + 26,7 градус, январда - 2,7 градус), жылына жаан-чачындын көлөмү 140 мм.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сурх жамааты Тажикстан Республикасындагы эң байыркы шаарлардын бири. 1919-жылы 28-июлда Фергана облусунун Кокон уездинин Исфара волостунун курамында түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында бул жерден көптөгөн адамдар фронтко кеткен. Ошондой эле кол менен жасалган тамак-аш, кийим-кече жана башка ушул сыяктуу керектелүүчү нерселер фонтко жиберилип турган. Баары согуштан кайтып келген эмес. Бирок кайтып келгендердин арасында медалдары жана ордендери бар адамдар көп[1].

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Айылдын негизги бюджетти түзүүчү борбору коон-бакча жана дан өсүмдүктөрүн өндүрүүгө адистешкен колхоз болгон, ошондой эле өрүк, алма, шабдалы ж.б. бакчалары кеңири. Жамааттын жалпы аянты 3128 гектарды түзөт, анын ичинен сугат жерлери дээрлик 2901 га (жалпы аянттын 73%), 1800 га бак-дарактар (51,5%), жайыттар 230,65 га (болжол менен 7%), турак жай жана коммуналдык социалдык объектилер - 327,32 га, каналдардын жана жолдордун аянты - 279 га.

Дагы караңыз[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Сурх - История.  (орус.) Орус Уикипедиясы. Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2021.