Ницше, Фридрих

Wikipedia дан
Ницше, Фридрих
Nietzsche187a.jpg
Ф.Ницше Базелде, 1875
Толук аты-жөнү Фри́дрих Ви́льгельм Ни́цше
Англис тилинде Friedrich Wilhelm Nietzsche
Төрөлгөн 1844-жылдын 15-октябры
Рёккен, Пруссия
Көз жумган 1900-жылдын 25-августу
Веймар, Саксония, Германия империясы
Доор 19-кылымдын философиясы
Аймак Батыш философия
Мектеп Веймар классицизми, континенталдык философиянын алдын ала негиздөөчүсү, экзистенциализм, постмодернизм, постструктурализм
Кызыккан темалар эстетика, нигилизм, экспрессионизм, этика, метафизика, трагедия, аксиология, онтология, тарых философиясы, психология, поэзия, анти-фундаментализм
Олуттуу идеялары Артыкча Адам, «Кудай өлдү!», циклдүүлүк, перспективисттик субъективизм, ресентимент
Колтамгасы


Фридрих Ницше (1844—1900) — турмуш философиясына негиз салуучу катарында каралат. Анын философиялык көз карашы Гегелдин окуусуна реакция катарында пайда болгон. Өзүнүн чыгармачылыгында ал Шопенгауэрдин таасирин башынан өткөргөн, бирок ал көп маселелер боюнча андан четтеп кетет да, өзүнүн иррационализм жана волюнтаризм философиясын түзөт.

Ницше Германияда, Реккен шаарында туулат, кийин ал өзүнүн немецтик ата-тегинен баш тартат. Ал Бонндо жана Лейпцигде классикалык филологияны окуп-үйрөнөт. Швейцария граждандыгын кабыл алып, Базелде профессор болот. Вагнердин досу болгон. Ден соолугуна байланыштуу Базелдеги кызматын таштап, аздыр, көптүр обочо, түнт турмуш өткөрүп, адабият жаатында эмгектенет, философиялык чыгармаларды жазат. 1889-жылы ал жан оорусуна чалдыгат да, калган бүт өмүрүн эжесинин колунда өткөрөт. Анын кээ бир чыгармалары, мисалы, «Кудайлардын күүгүмү» деген чыгармасы жинди болуп калгандан кийин жазылган.

Ницше өзүнөн кийинки бардык философияга таасир көрсөткөн бир катар олуттуу эмгектерди жараткан. Алар: «Музыканын рухунан трагедиянын жаралышы» (1872), «Ылайыксыз убактагы ой жүгүртүү» (1873—1876), «Адамдык, ашкере адамдык нерсе» (1878—1880), «Шайыр илим» (1882), «Заратустра мындай деп айткан» (1883—1886), «Жакшылык менен жамандыктын карама-каршысында тургандар» (1886), «Антихрист» (1888), «Бийликке умтулган эрк» (1901 — 1906, өлгөндөн кийин).

Өзүнүн чыгармачылыгында Ницше анын бүткүл концепциясын түзгөн проблемалардын бүтүндөй бир комплексин карап чыккан. Булардын ичинен Ницше үчүн борбордук проблема эрк проблемасы болуп саналат. Эгерде Шопенгауэр «жашоого эрктен» баш тартуудан кутулуунун каражатым көргөн болсо, Ницше бул түшүнүккө «бийликке умтулган эркти» карама-каршы коёт. «Бийликке умтулган эрк» дегенибиз Ницшеде — бул баарынан мурда коомдук турмуштун ар кандай көрүнүштөрүнүн маанилүүлүгү жөнүндөгү маселе. Ал мындай деп жазат: «Эмне жакшы? Бийлик сезимин, бийликке умтулуучу эркти, адамдын өзүндөгү бийликти күч алдыргандын баары жакшы. Эмне жаман? Чабалдыктын кесепетинен болгон нерселердин баары жаман». «Бийликке умтулуучу эрк» — бул күчтүүнүн укугунун негизи, ал укук, мисалы, эркектин аялга карата болгон бийлигинен көрүнөт. Бийликке умтулган эркти интеллектин үстөмдүк кылышы, жакын адамды сүйүүгө үгүттөгөн мораль, адамдардын ортосундагы теңчиликти жарыялаган социализм бузат.

Мораль «жакшылык» жама «жамандык» түшүнүктөрү менен аныкталат. Мораль Ницшеде ак сөөктөрдүн, төбөлдөрдүн, башка адамдардын, кул-кутандардын, букаралардын үстүнөн болгон артыкчылыктары катары көрүнөт. Ал моралга төбөлдүк жана кулчулук моралынын карама-каршылыгынын позициясынан гана мамиле жасайт. Жаны моралдын пайда болушуп Ницше «моралдагы кулдардын көтөрүлүшү» катарында карайт.

Этика маселелеринде Ницше нигилизм позициясын тутат. Азыркы маданиятты декаденстин көрүнүшү катарында аныктайт. Декаденстин маданияты үчүн христиан моралы жана боорукерчилик дини мүнөздүү. Мораль маданиятты бузуучу элемент катарында чыгат, ал топураган карапайым калктын баш ийүүсү, инстинкти болуп саналат. «Төбөлдөрдүн моралынын» негизинде төмөнкү жоболор жатат: «Бийликке умтулуучу эрк» катарында түшүмүлгөн жашоо-турмуштун баалуулугу; адамдардын турмуштук күчтөрүнүн жана «бийликке умтулуу эркинин» айырмачылыктарына негизденген табийгый теңсиздиги; күчтүү адам эч кандай моралдык нормалар менен чектелбейт. Моралдын субьектиси катарында адамдардын белгилүү бир тиби болгон артыкча адам (сверхчеловек) чыгат, «бул адамдар бири бирине кичи пейил, токтоо, назик, сыймыктуу жана достук мамиле жасашат, бирок, тышкы дүйнөгө карата келгенде, башка жат нерселер башталгам жерде алар албууттанган жырткыч айбандардан кем калыша койбойт. Тышкы дүйнөдө алар ар кандай социалдык мажбурлуктардан өзүн эркин сезишип, ыракатка батышат, бул жапайы мейкиндикте, социалдык ынтымакта тынч жашоо менен шартталган узак бейпилдиктен улам пайда болуучу кымтынып-кысынып жашаган турмуштун эсесин чыгарышат. Алар айыбын сезбеген жырткыч жаныбарларга айланышып, салтанат курган айбандарча өлтүрүүлөргө, өрттөлөргө, зордукчулукка, кыйратууларга барышат, анан жасаган ушул жоруктарына сыймыктанышып, көңүлдөрү ордуна келип, акындар чыгарма жазып, даңазалай турган, узакка чейин унутулгус эрдик көрсөттүк деп ишенимдүү түрдө ойлошот. Мына ушул бардык болуп жаткандардын түпкү жагында жырткыч-айбандын, олжону жана жеңишти ач көздүк менен көздөгөн айлакер шумдун турганын көрбөй коюуга болбойт».

Ницшеде артыкчалуу адам (сверхчеловек) эң жогорку биологиялык тип катарында чыгат, ал өзүнөн башкаларга адам маймылга кандай мамиле жасаса ошондой мамиле жасайт. Ницше өткөн доорлордогу айрым атактуу инсандардан өзү каалаган адамдын идеалын көрсө да, ал аларды келечекте пайда боло турган артыкчалуу адамдардын үлгүсү катарында карап, аларды тарбиялап өстүрүү керек деп ойлойт. Артыкчалыктуу адам Ницшеде жеке адамдын культуна, «улуу адамдардын» культуна айланып, «Заратустра мындай деп айткан» деген китебинде өтө жогорку көркөмдүк чеберчиликте сүрөттөлгөн жаңы мифологиянын негизин түзгөн.

Артыкчылыктуу адам жөнүндөгү концепция анын башка бир концепциясы — «Түбөлүк кайталанып туруу» жөнүндөгү окуусу менен байланыштуу. Убакыт чексиз, ал эми ар түрдүү күчтөрдүн мүмкүн болуучу комбинациялары менен абалдары чектелүү, демек, биз байкап турган өнүгүү кайталанууга тийиш деп жазат Ницше. Бирок, кийинки баяндамасында Ницше өзү бул концепцияны мифке айландырып, түбөлүк кайталанып туруу жөнүндөгү идеяны: жол жана жолдогу дарбаза түрүндө элестетет. Дарбазада «Көз ирмем» деген жазуу бар. Жол бул дарбазадан артка карай кетет, өткөн чакта болуп өткөндүн баарысы келечекте кайрадан болуп өтөт, б.а. кайталанат. Көп учурда бул идея оптимизм катарында түшүндүрүлөт. Ницше өзү минтип айткан: «Мен жалпы кыйроону жана бүтпөстүктү сезүүнүн шал кылуучу таасирине түбөлүктүү кайталанып турууну каршы койдум» [Бийликке умтулуучу эрк. Аф. 417-Ш]. Ницшенин динге карата көз карашы анын «артыкчылыктуу адам» концепциясы менен да байланышып турат. Бала чагынан эле ал динчилдиги менен айырмаланат, бирок христианчылыктын кеңири жайылган үгүт-жоболорунан көңүлү калып, андан баш тартат. Ал динге каршы туруп, өзүнүн ар түрдүү чыгармаларында ага каршы чыгып, «Христианчылыкка каргыш» деген кошумча темасы бар «Антихрист» аттуу эмгекти жаратат. Дин, дейт Ницше, өз күнүн жашап бүттү жана жашоо-турмуштун орчундуу проблемаларын чечүүгө жөндөмсүз. Ницше мындай жобону көтөрүп чыгат: «Кудай өлдү! Кудай өлүк! Аны биз өлтүрдүк! «Христиан кудайына ишенүү ишенимге арзыбай калды» [Шайыр илим. Аф. 125-П, 343-11]. «Заратустрага» карата бир шилтем сомосунда ал мындай деп жазат: «Силер муну Кудайдын өзүнөн өзү бузулушу деп айтасыңар, бирок бул анын түлөгөн кабырчыгы гана: ал өзүнүн моралдык терисин сыйрып жатат! Ошондуктан силер жакында Аны жакшылык менен жамандыктын карама-каршысынан кайрадан көрүүгө тийишсиңер». Ницшенин философиясы жашоо-турмуш, прагматизм, экзистенциализм философиясына олуттуу таасир көрсөткөн. Ницшенин философиялык системасы карама-каршы болгондуктан, бирдиктүү принципке баш ийбегендиктен, ал ар түрдүүчө кабыл алынып, ар түрдүүчө түшүндүрүлгөн.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]