Окуу китеби

Wikipedia дан

Окуу китеби – белгилүү окуу предмети боюнча окутуунун максаттарына ылайык программалык жана дидактикалык талаптарга негизделген илимий билимдердин негиздерин баяндоочу китеп. Окуу жайларынын ар бир тиби үчүн (башталгыч мектеп, негизги – базалык мектеп, жалпы билим берүүчү орто мектеп, кечки мектеп, кесиптик-техникалык, атайын орто жана жогорку адистик окуу жайлары ж. б.) алардын талаптарына жооп бергидей, окуучулардын жаш-курактык ж. б. өзгөчөлүктөрүнө туура келгидей өзүнчө Окуу китеби түзүлөт. Окуу китебине кошумча хрестоматиялар, маселелердин жыйнактары, сөздүктөр, энциклопедиялар, дидактикалык материалдар, таблицалар, схемалар, предметтик буклеттер сыяктуу көптөгөн окуу-көрсөтмө колдонмолору түзүлөт. Билим берүү процессинде окуучулардын өз алдынча чыгармачылык менен изденип эмгектенүүлөрүн өнүктүрүүнүн зарылдыгы улам күчөп турган кезде мындай колдонмолордун маанилүүлүгү ого бетер күчөп жатат. Алардын ролу өзгөчө факультативдик окууну уюштурууда, кечки мектепте жана сырттан окуу жайларында, аралыктан билим берүүдө өтө зор.

Анткени окуу китебисиз жана ага кошумча түзүлүүчү колдонмолорсуз бул окуу жайларынын алдына коюлуучу милдеттердин аткарылышын элестетүү мүмкүн эмес. Мектептин окуу китеби бүткүл окуу процессинин өзүнчө бир сценарий деп эсептөөгө болот, анткени ал окутуунун мазмунун гана эмес белгилүү даражада аны менен иштөөнүн методикалык ыкмаларын да аныктайт, ал гана эмес мында иштин жалпы маанайы, окутуучунун да, окуучунун да көңүлү камтылат. Социалдык жактан багытталган базар экономикасына өтүүнүн шартындагы билим берүүнүн өнүгүү этабына ылайык окуучулардын өз алдынча иштери эң чоң мааниге ээ болуп жаткан кезде окуу китебинин ролу өзгөчө жогорулап өсүп жатат. Окуу китеби мурдагыдай информациялардын пассивдүү жыйындысы болуудан арылып, азыр эми ал дидактикалык активдүү системага айланып, окуучунун өзүн өзү контролдоосун, өзүн өзү түзөтүп оңдоосун камсыз кылуучу, анын рухий жактан жетилүүсүнүнө, логикалык ойлоосунда өсүп өнүгүшүнө жана тил маданиятынын калыптанышына натыйжалуу таасир этүүчү каражатка айланып олтурат.

Окуу китеби билим берүүнүн мазмунун өздөштүрүүнүн каражаты катары берилген предметтик программадагы окуу материалды толук камтуу менен катар ал илимдин тиешелүү тармагы боюнча окурмандарга эң керектүү энциклопедиялык сөздүк болуп да кызмат кылат. Окуу китебинде берилген илимий таануу идеяларын калыптандыруунун негизин түзөт. Анткени окуу китебинде билим берүүнүн мазмунун
1 – компоненти: жаратылыш, коом, техника, адам, иштеп эмгектенүүнүн ыкмалары, илимий далилдер, маанилүү терминдер жана таанып билүүлөр, илимдин негизги закондору жана теориялары, методологиялык жана баа берүүчүлүк билимдер баяндалып берилет. Окуу китеби окуучулардын руханий жактан жетилип өнүгүүсүнө, логикалык ойлонуусунун жана тил маданиятынын калыптанышына шарт түзүүгө тийиш. Аны үчүн тандалып алынуучу окуу материалы жана анын окуу китепте жайгаштырылышынын методикасы бирдиктүү төмөнкүдөй үч максатка багытталууга тийиш:

Билим берүүчүлүк максат – бул мамлекеттик стандартта жана расмий сунуш этилген окуу программасында көрсөтүлгөн теориялык билимдердин, практикалык билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн окуучу тарабынан өздөштүрүлгөн деңгээли менен аныкталат; Тарбиялоочулук максат – бул коомдук маанилүү инсандык сапаттардын окуучуда калыптанышынын деңгээли менен, башкача айтканда жалпы адамзаттык, улуттук жана регионалдык баалуулуктардын гармониялуу бирдиктүүлүгүнүн артыкчылыктары эске алынуу менен руханий сапаттарга тарбиялангандыктын даражасы аркылуу аныкталат;

Өнүктүрүп өстүрүүчүлүк максат – бул окуучунун таанып билүүгө кызыгуучулуктун калыптанышы менен, анын эркинин, эмоциясынын өнүгүшү менен, изденүүчүлүк ишмердүүлүккө умтулуу жөндөмдүүлүгү менен аныкталат. Окуу материалынын мазмуну жана анын окуу китебиинде методикалык, гигиеналык жактан жасалгаланып берилиши окутуудагы негизги дидактикалык төмөнкү принциптердин ишке ашырылышын камсыз кылууга тийиш: Илимийлүүлүк (окуу материалы катары берилүүчү информациялардын чындыктуулугу, негизделип аныкталгандыгы, далилдүүлүгү; бул маалыматтар эч кимди эки ача ойго келтирбей тургандай илимий жактан өтө дыкаттык менен текшерилген болууга тийиш);

Илимийлүүлүк принциби боюнча түзүлгөн китепте окулуучу курстун спецификалык бөтөнчөлүгү жана анын өзгөчөлүктөрү толук эске алынуу менен дүйнөнүн илимий картинасы кеңири сүрөттөлүп берилет. Дүйнөнүн мындай көрүнүшү:

  • Мыйзамдардын жана мыйзамченемдүүлүктөрдүн,

Жеткиликтүүлүк (ар бир класстагы окуучулардын жаш-курактык бөтөнчөлүктөрүнө ылайык алардын реалдуу окуй алуу жана таанып билүүчүлүк мүмкүнчүлүктөрүн оптималдуу эске алуу). Ошол кезде илимийлүүлүк менен жеткиликтүүлүктүн ортосунда эч кандай диспропорция болбоого тийиш. Системалуулук (окуу китебинде баяндалып берилүүчү материалдардын өтө такталган удаалаштыгы – ар бир кийинки информация сөзсүз өзүнүн мурунку информациянын логикалык уландысы болууга тийиш). Сезимталдуулук жана бекемдүүлүк (окуучунун алган теориялык билимдеринин жана практикалык билгичтиктеринин ар бир порциясы анын педагогикалык кызматташтыкынын негизинде мугалим менен биргелешип эмгектенүүсүнүн натыйжасы болууга тийиш экендигин эске алынуу менен окуу материалынын канчалык даражада өздөштүрүлгөндүгүнүн деңгээлин контролдоп текшерүү үчүн (ошондой эле өзүн өзү текшерүү үчүн) пайдаланыла турган керектүү көнүгүүлөр, суроолор жана көрсөтмөлөр, тесттик тапшырмалар менен текстин методикалык жактан камсыз кылынышы).

Окуу китеби үзгүлтүксүз билим берүүнүн негизин түзүүчү, практикалык билгичтерди жана көнүмдөрдү калыптандыруучу фундаменталдык билимдерге багытталуусу зарыл. Ошол кезде окуучулар келечекте кандай кесипте иштей тургандыгына карабастан алардын бардыгына тез зарыл түрдө сөзсүз керек боло тургандардын негизгилери өзүнчө белгиленип көрсөтүлүүгө тийиш. Көрсөтмөлүүлүк (окуу материалын керектүү сүрөттөр, схемалар, таблицалар, диаграммалар, графиктер менен абстрактуу жана образдуу сөз түрүндөгү көрсөтмөлүүлүктөр менен жабдуу).


Уланмалуулук (берилген предмет боюнча мурунку класстардын Окуу китеби материалдардын мазмунун максималдуу эсепке алуу, аларга ссылка (шилтеме) жасоо, окуучуларды мурунку алган билимдерин пайдаланууга (актуалдаштырууга ынтызар кылып кызыктыруучу суроолор менен китептин текстин жабдуу, башкача айтканда мурда өтүлүп өздөштүрүлгөндөрдү текстин сезимдүү активдүү өздөштүрүүнүн таянычы катарында кайталап пайдалануу). Окуу китеби окуучуларды өз алдынча изденип эмгектенип билимге ээ болууга багыттоого тийиш, башкача айтканда, ал окуучулардын мындай иштерине жетекчилик кылуу үчүн мугалимге зарыл жагдайды түзүүсү зарыл, анткени бул эң негизги, эң баалуу практикалык иш болуп эсептелет, ошондо гана окуучунун интеллектуалдык байлыгы өсөт. Окуу китеби барыдан мурда окуучулардын билимдерге өз алдынча изденип эмгектенүү жолу менен ээ болууларына мугалимдин жетекчилигин камсыз кыла тургандай сабактын формасын кеңири жайылтууну камсыз кылууга тийиш. Чыгармачылык бул принципке ылайык китептеги окуу материалынын проблемалуу мүнөздө болушу, башкача айтканда аны баяндоодо маселелерди пайдалануу ыкмасынын талап кылынышы зарыл. Билимдерге ээ болуу процессинин толук циклин шарттуу түрдө төмөнкүдөй үч деңгээлден турат деп эсептөөгө болот:

  • Түшүнүп билүү (аңдап баамдоо, маани берүү, жалпылоо);
  • Өздөштүрүү (утурумдуу, тематикалык жана жыйынтыктоочу кайталоо);

Колдонуу репродуктивдүү стандарттык жана продуктивдүү чыгармачылык менен ошондуктан Оуу китеббиндеги текст окуучуну материалды түшүнүүгө да, өздөштүрүүгө да, пайдаланууга да багыттоого тийиш. Окуу китебин маселелерди пайдалануу ыкмасынын негизинде түзүү зарыл. Мындагы негизги аракет: «Эмне үчүн?», «Эмне себептен?», «Кандайча?», «Кантип?» деген суроолорго таянат. Биринчи эки суроого берилүүчү жооп маселенин мааниси эмнеде экендигин ачып көрсөтөт, ал эми үчүнчү жана төртүнчү суроонун жооптору болсо маселенин чыгарылыш жолун жана натыйжасын көрсөтөт.

Дифференцирленгендик – (Окуу китебиинде окуучулардын негизги психологиялык группаларынын бөтөнчө өзгөчөлүктөрүн максималдуу эсепке алуу үчүн колдонууга жарамдуу болгон ар түрдүү татаалдыктагы көнүгүүлөрдүн жана тапшырмалардын болушу). Окуу китеби мугалимди өзүнүн окутуу ишин кандайдыр абстрактуу «орточо» окуучуга ылайыкташтырылган темпте иштөөгө багыттабастан, тескерисинче, базалык тексти боюнча да, тапшырмаларынын системасы боюнча да, тексттик материалды колдонууда илимий-практикалык дифференциациялоону камсыз кылууга багыттай тургандай болуп түзүлүшү керек. Эгерде окуу китебинин мазмуну жогоруда көрсөтүлгөн принциптерге ылайык аныкталса, анда анын структурасы жана андагы негизги тексттик элементтердин жайгаштырылуусу төмөндөгүдөй болушу ыктымал.

Мазмуну – Сөз башы – Кириш сөз – Негизги текст (иллюстрациялар, суроолор жана тапшырмалар менен коштолуучу текст) – Корутунду – Тиркемелер – Көрсөткүчтөр. Окутуунун максаттарына жана милдеттерине ылайык, ошондой эле окуучуларды билимдүүлүккө даярдоонун деңгээлине жараша окуу китебинде үйрөнүлө турган билимдердин көлөмү жана системасы такталып берилет. Жыйынтыктап айтканда жогоруда көрс өтүлгөн талаптарга ылайык түзүлгөн Окуу китебин пайдаланууда окуучунун көз карашы калыптанат, предметке болгон кызыгуусу артат, логикалык ойлоосу, эстеп калуусу өнүгөт, жана китеп менен өз алдынча эмгектенүүгө үйрөнөт, анын сөз байлыгы өсүп, сүйлөө чеберчилиги өркүндөйт, эстетикалык жактан тарбияланат.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004