Карл Райхл

Википедия дан
Райхл, Карл‎»‎ барагынан багытталды)
Karl Reichl
Туулган жылы:

1943-жыл 04-июль (теке айы)

Туулган жери:

Вайден шаары, Бавария жергеси, Германия

Өлкө:

Германия желеги Германия

Илимий чөйрөсү:

Эпос таануу, Чыгыш таануу, Түркология, Манас таануу, Котормо, Кыргыз таануу

Иштеген жери:

Бонн университети; ардагер профессор (Professor Emeritus)

Илимий даражасы:

Философия доктору (1971); (Dr. phil. habil.) (1977)

Илимий наамы:

профессор (1977)

Альма-матер:

Бонн университети

Белгилүү окуучулары:

тарыхчы жана фолклорчу Гундула Салк

Белгилүү болгондугу:

Манас таануу; “Манас” эпосунун жана башка түрк дастандарынын англисче жана немисче котормолору

Белгилүү болгондугу:

Манас таануу; “Манас” эпосунун жана башка түрк дастандарынын англисче жана немисче котормолору

Карл Райхл (нем. Karl Reichl) (1943-жылы 4-июлда Германиянын Вайден шаарында туулган) – германиялык заманбап түрколог, манас таануучу, кыргыз таануучу, дастан таануучу, Бонн университетинин профессору.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карл Райхл 1943-жылы 4-июлда Германиянын Бавария жергесиндеги Вайден (Weiden) шаарында жарык дүйнөгө келген. 1963-68-жылдары Мүнхендеги (Германия) жана Монпеллье шаарындагы (Франция) университеттерде англис жана роман филологиясы ажистиги боюнча таалим алган. 1968-жылы англис жана француз тилдери боюнча мамлекеттик сынактар тапшырган. 1968-1970-жылдары Кэмбриж университетине (University of Cambridge) караштуу Магдален коллежинде (Magdalene College) илимий багытта окуган.

1971-жылы Мүнхен шаарындагы Мүнхен университетинде Орто кылымдар жаатында докторлук диссертациясын коргоп, философия доктору (Ph.D.) даражасын алган жана анын орто кылымдардагы Англиядагы диний поэзияга арналган бул диссертациясы 1973-жылы Мүнхенде жарык көргөн.

Кесиптик таржымакалынан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1971-1977-жылдары Мүнхен университетинде доцент (Assistant Professor) болуп иштеди. 1977-жылы философия доктору (Dr. phil. habil.) жана профессор даражасы үчүн тил илими тармагында “Түрдүк грамматика жана сөз калыптанышы” (Professorial thesis in linguistics: Categorial Grammar and Word-Formation) темасында диссертациясын жактаган жана бул диссертация Түбинген (Tübingen) шаарында 1982-жылы жарык көргөн.

1977-1978-жылдары Бохум (Bochum) университетинде доцент болуп иштеди. 1978-2008-жылдары Бонн университетине (the University of Bonn) караштуу Англистика, американистика жана келтология институтунда Орто кылымдар адабияты жана тарыхый тил таануу адистиги боюнча толук профессор кызматын аркалады.

2008-жылдан тартып ардагер профессор (Professor Emeritus) болуп илимий-чыгармачыл иштерин улантууда.

Илимий жана илимий-педагогдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карл Райхл 1978-жылдан тартып Бонн университетинде (ротациялык тартипте) кафедра башчысы, декандын чет өлкөлүк студенттер үчүн жооптуу орун басары, ар кыл комиссиялардын мүчөсү, Орто кылымдар борборунун катчысы сыяктуу иштерди аркалады.

1978-88-жылдары Бонн университетинде Борбордук Азия боюнча атайын Иликтөө Тобунун (Sonderforschungsbereich) шерик мүчөсү болду.

1995-жылдан Каракалпакстандын борборундагы Бердах атындагы Нөкис мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

1999-жылдан Түндүк Рейн-Вестфалия Илимдер академиясынын мүчөсү.

2010-жылдан тартып КЭРдин борбору Бээжиндеги Кытай Коомдук илимдер академиясына караштуу Этностук адабият институтунун илимий кеңешчиси болду.

Чет мамлекеттердеги дарстары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-жылы Карл Райхл АКШнын Гарвард университетине (Harvard University) караштуу Салыштырма адабият факултетинде жана Жакынкы Чыгыш тилдери жана цивилизациялары факултетинде чакырылган профессор (Visiting Professor) болду.

1995-жылы Франциянын Париж шаарындагы Жогорку иликтөөлөр боюнча тажрыйбалык мектепте (École Pratique des Hautes Études) чакырылган профессор болду.

2007-жылы Израилдеги Иерусалим Жөөт университетинде (the Hebrew University of Jerusalem) Ислам таануу жана Ортоңку Чыгыш таануу факултетинде чакырылган профессор болду.

2009-жылы Иерусалим Жөөт университетинде Салыштырма адабият факултетинде чакырылган профессор болуп иштеди. 2011-жылы АКШдагы Мэдисон шаарындагы Висконсин университетинде (the University of Wisconsin) англис тил факултетинде чакырылган профессор жана Гуманитардык билимдер боюнча изилдөө институтунун илимий кызматкери (Fellow of the Institute for Research in the Humanities) болуп иштеди.

Түрк тилдериндеги адабиятты иликтөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Карл Райхл түрк, өзбек, уйгур, каракалпак, казак, кыргыз, түркмөн ж.б. тилдерди үйрөнгөн түрколог адис. Ал фарсы тилин да өздөштүргөн.

Профессор К.Райхлдын эмгектеринин бир катары түрк калктарынын оозеки адабий чыгармачылыгын, эпосторун жана чакан дастандарын иликтөөгө жана алардын айрымдарын кыргыз, өзбек, каракалпак, түркмөн, казак жана уйгур тилдеринен батыш европалык тилдерге (немис, англис) которууга байланыштуу болду.

Анын өзүнүн Т.Чоротегинге 2017-жылы 8-апрелде жазган катына караганда, ал оболу өзбек тилин үйрөнгөн жана өзбек эл жомокторунун өрнөктөрүн которгон (бул котормо 1978-жылы Бохумда жарык көргөн). 1982-жылы болсо түркмөн эл жомокторун которуп жарыялады. 1985-жылы ал которгон каракалпак эл жомоктору да басмадан чыкты.

1981-жылы Карл Райхл совет-герман маданий жана илимий алмашуу программасынын алкагында Өзбекстанда илимий сапарда болду. Ал Ташкен шаарында Өзбекстан Илимдер академиясынын Адабият институтундагы Фолклор таануу бөлүмүндө профессор Төрө Мирзаевдин илимий жетекчилиги астында иштеди. Андан соң ал Нөкис шаарында Өзбекстан ИАсынын Каракалпак бөлүмүндө профессор Кабул Максетовдун илимий жетекчилиги астында изилдөөлөр жүргүздү.

Бул сапары маалында Карл Райхл өзбек жана каракалпак тилдеринде айрым фолклордук чыгармалардын үзүндүлөрүн жандуу аткарып жаткан учурунда үн жазгычка жазып алган.

Кийинчерээк ал өзбек элинин эки дастанын немисчеге которуп жарыялады (“Равшан” дастаны, 1985; “Алпамыш” дастаны, 2001). Ошондой эле К.Райхл каракалпак тилинен англис тилине “Эдиге” дастанын которуп, 2007-жылы жарыялады. Бул дастанды Райхл мырза өзү 1981-жылы алгач жолуккан бир каракалпак дастанчыдан үн жаздыргычка жазып алган болчу.

Манас таануудагы салымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Карл Райхл Мүнхен университетинде студент болуп жүргөн чагында кыргыз элинин “Манас” эпосунун Вилгелм Радлофф жазып алган вариантын окуп, манас таануу тармагына да кызыгып калган.

1985-жылы ал кытай-герман маданий жана илимий алмашуу программасынын алкагында алгачкы ирет Шинжаңга илимий саякат жасайт. Ошол эле жылы ал Кытайдагы түрк тилдүү калктардын жомокторунун бир томдугун өз котормосунда жарыялаган. Алардын арасында кыргыз эл жомоктору да болгон.

Дал ошол 1985-жылы ал алгачкы жолу кытайлык кыргыздардын чыгаан манасчысы Жусуп Мамай менен кезиккен.

XXI кылымдын башында Кытайдын Шинжаң аймагындагы “Манас” изилдөө борбору жана башка илимий институттар Карл Райхлга кайрылып, “Манас” дастанынын Жусуп Мамайдын айтуусудагы вариантын кыргыз тилинен англис жана немис тилдерине которуу өтүнүчүн билдиришет.

Карл Райхл Жусуп Мамай айткан “Манас” дастанынын үзүндүлөрүн англис жана немис тилдерине которуп, жарыялады. Азырынча кыргыз жана немис тилдеринде бир том (2014) жана кыргыз жана англис тилдеринде эки том (2014, 2015) жарык көрдү.

1995-жылы ал “Манас” дастанынын шарттуу 1000 жылдык мааракесине катышуу үчүн расмий герман делегациясынын курамында Кыргызстанга келген.

1999-жылы ЮНЕСКО уюштурган “Борбордук Азиядагы тынчтык жана дин” конференциясына (Бишкек) катышкан. Ошол эле жылы “Дүйнө элдеринин эпостору” эл аралык бирикмесин уюштуруу чараларына катышуу үчүн Бишкекке дагы бир жолу келген. Бул уюмга Бексултан Жакиев президент болуп, К.Райхл вице-президенттердин бири болуп шайланган.

Профессор Карл Райхл Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйында. Бишкек. 15.11.2013.

2013-жылы 15-ноябрда Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйынга (Бишкек) катышкан жана ачылыш отурумда “Көөнө Кыргыз тарыхы тууралуу жобо манасчы Жүсүп Мамайдын варианты боюнча” (The Concept of Early Kyrgyz History According to the Manaschy Jüsüp Mamay) деген темада баяндама жасаган.

Кыскача чыгармалар тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Карл Райхл дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдө 200дөн ашуун эмгектерин жарыялаган. Анын ичинде “Манас” дастаны жаатындагы макалалары Кыргызстанда да илимий жыйнактарда жарык көргөн.

Орто кылымдар жаатындагы иликтөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Religiöse Dichtung im englischen Hochmittelalter. Untersuchung und Edition der Handschrift B.14.39 des Trinity College in Cambridge. [Religious poetry in the Late Middle Ages in England. Analysis and edition of MS B.14.39 of the Trinity College in Cambridge.] München, 1973.
  • “Tractatus de Grammatica”. Eine fälschlich Robert Grosseteste zuge¬schriebene spekulative Grammatik. Edition und Kommentar. [“Tractatus de Grammatica”: A speculative grammar erroneously ascribed to Robert Grosseteste. Edition and commentary.] München, 1976.
  • (Ed. with Walter Sauer) A Concordance to Six Middle English Tail Rhyme Romances. Frankfurt a. M., 1993.
  • (Ed. with Joseph Harris) Prosimetrum: Crosscultural Perspectives on Narrative in Prose and Verse. Cambridge, 1997.
  • Spielmannsidiom, Dialektmischung und Kunstsprache in der mittelenglischen volkstümlichen Epik. Nordrhein-Westfälische Akademie der Wissenschaften. Geisteswissenschaften. Vorträge G 383. Paderborn, 2002.
  • Die Anfänge der mittelenglischen weltlichen Lyrik: Text, Musik, Kontext. [The beginnings of the Middle English secular lyrics.] Paderborn, 2005. [English translation publ. in 2011]
  • Musik und Spiritualität im englischen Psalter des spätmittelenglischen Mystikers Richard Rolle. [Music and spirituality in the English Psalter of the late Middle English mystic Richard Rolle.] Paderborn, 2012.
  • (Ed.) Medieval Oral Literature. De Gruyter Lexikon. Berlin, 2012 [pb. 2016].

Тил илимине байланыштуу эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Categorial Grammar and Word-Formation: The De-adjectival Abstract Noun in English. Tübingen, 1982.
  • Englische Sprachwissenschaft. Eine Bibliographie. [English linguistics. A bibliography.] Berlin, 1993.

Оозеки адабият. Түрк тилдериндеги акындар поэзиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Usbekische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Uzbek folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1978.
  • Türkmenische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Türkmen folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1978.
  • Karakalpakische Märchen, mit Übersetzung, Glossar und Anmerkungen. [Uzbek folktales, with translation, glossary and notes.] Bochum, 1985.
  • Rawšan. Ein usbekisches mündliches Epos. [Ravshan. An Uzbek oral epic.] Wiesbaden, 1985.
  • Märchen aus Sinkiang. Überlieferungen der Turkvölker Chinas. [Folktales from Xinjiang. Traditions of the Turkic peoples of China.] Köln, 1986.
  • Turkic Oral Epic Poetry. Traditions, Forms, Poetic Structure. The Albert Bates Lord Studies in Oral Tradition 7. New York, 1992. (Turkish translation Ankara, 2002, Russian translation Moscow, 2008; Chinese translation Beijing, 2011.)
  • (Ed.) The Oral Epic: Performance and Music. Berlin, 2000.
  • Singing the Past: Turkic and Medieval Heroic Poetry. Ithaca, NY, 2000.
  • Das usbekische Heldenepos Alpomish: Einführung, Text, Übersetzung. [The Uzbek heroic epic Alpomish: Introduction, text, translation.] Wiesbaden, 2001.
  • Edige. A Karakalpak Oral Epic as Performed by Jumabay Bazarov. Helsinki, 2007.
  • Manas in der Version von Jüsüp Mamay. Übersetzt von Karl Reichl. Bd. 1. Publikationen des Xinjiang “Manas” Forschungszentrums 5. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.
  • Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 1. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2014.
  • Manas in the Version of Jüsüp Mamay. Translated by Karl Reichl. Vol. 2. Xinjiang “Manas” Research Centre Publications 4. Beijing: China Intercontinental Press, 2015.

Макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессор Карл Райхл дүйнөдөгү ар кыл илимий журналдарда жана жыйнактарда 90дон ашуун илимий макалалар жарыялады. Алардын көбү орто кылымдар тарыхына, лингвистикага жана түрк калктарынын фолклордук мурасына, акындар поэзиясына арналды.

Ар кыл энциклопедиялар үчүн 63 макала жазды.

Орто кылымдар тарыхына, лингвистикага жана түрк калктарынын фолклордук мурасына, акындар поэзиясына байланыштуу ар башка илимий китептерге 96 илимий пикир жарыялады.

  • Reichl Karl. The Concept Of Early Kyrgyz History According To The Manaschy Jüsüp Mamay // Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык илимий жыйындагы баяндамалардын жыйнагы: 2013-жылдын 15-16-ноябры, Бишкек ш. / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), ж.б. - Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 494 б. - “Мурас” коомдук фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. – Б. 47-53.
  • http://kh-davron.uz/kutubxona/turk/karl-rajxl-tyurkskij-epos-tradicii-formy-poeticheskaya-struktura-karl-reichl-singing-the-past-turkic-and-medieval-heroic-poetry.html

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Salk, Gundula. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860-1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - 374 s. - ISBN 978-3-447-06161-2. ISBN-13: 978-3447061612. ISSN 0340-6423. Series: Veroffentlichungen Der Societas Uralo-Altaica (Book 79). ISBN-10: 3447061618.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүрөт баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Профессорлор Карл Райхл (оңдо) жана Т.Чоротегин Мухаммед Ху Чженхуанын Бээжиндеги үйүндө. Ортодо - Фатима Ху Чженхуа айым. Кытай. 22.10.2015.