Төлөпберген Кайыпбергенов
Төлөпберген Кайыпбергенов | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Шортанбай айылы, Кегейли району, Каракалпакстан АССР, Өзбекстан ССР, СССР |
Өлгөн датасы: |
14 -сентябрь 2010 (81 жаш) |
Өлгөн жери: | |
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: |
прозаик |
Чыгармачылык жылдары: |
1950-2010 |
Жанр: | |
Чыгармаларынын тилдери: |
Төлөпберген Кайыпбергенов (1929-2010) — советтик жана каракалпакстандык жазуучу, Каракалпакстан эл жазуучусу (1974), Өзбекстан эл жазуучусу (1993), Өзбекстан Каарманы (2003).
Биографиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ходжейли педагогика институтун (1947), Каракалпакстан педагогика институтунун орус тили жана адабияты факультетин (1955) бүтүргөн. 1955-жылы Каракалпак мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөндөн кийин Каракалпакстан Жазуучулар союзуна караштуу «Амударыя» адабий-көркөм журналында адабий кызматкер (1955-1957) болуп иштеген. Каракалпакстан Жазуучулар союзунун жооптуу катчысы (1957-1958), редактор, Каракалпакстан телерадио комитетинин төрагасынын орун басары (1958-1959), "Жас Ленинши" гезитинин башкы редактору (1959-1960), "Каракалпакстан" баспасынын директоры, "Совет Каракалпакстаны" газетинин бас редакторы (1962-1972), Каракалпакстан Мамлекеттик басма, полиграфия жана китеп соодасы комитетинин башчысы (1972-жылдан), Каракалпакстан Жазуучулар союзунун төрагасы, Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары (1980-жылдан) кызматтарында иштеген[1].
1980-жылы съездде Ибрайым Юсуповдун альтернативасынын негизинде көпчүлүк добуш менен Каракалпакстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп шайланып, өмүрүнүн акырына чейин бул кызматты аркалап келген. Ошол эле жылы Өзбекстан Жазуучулар союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун жетекчи органдарынын төрагасынын орун басары болуп шайланган. Кошумча 1982-жылы Т. Кайыпбергеновдун демилгеси менен Каракалпакстанда биринчи жолу СССР республикаларынын адабият күндөрү өткөрүлдү.
1987-жылы Каракалпакстан Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланып, ошол эле учурда Жазуучулар союзун жетектеген.
1995-жылдан бери Борбордук Азия элдеринин маданият ассамблеясынын фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп шайланган.
1989-1991-жылдары СССР эл депутаты, СССР Жогорку Кеңешинин Улуттар кеңешинин депутаты болгон.
Чыгармачылыгы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Т. Кайыпбергеновдун чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн башталган беш жылындагы эмгектери кичи көлөмдөгү ырлардан турган. Анын бул доордо жарык көргөн "Тилегим" (1951), "Келинчектин кубанычы" (1954), "Мугалим" (1955) сыяктуу ырларында өзүнүн тилек-ойлорун билдирген[2].
Жазуучунун 50-жылдардын ортолорундагы кадамдары "Адашуунун акыры" (1954), "Арза" (1955), "Тракторчу" (1955), "Жолдогу жаңжал" (1955) сыяктуу кичи-кичи аңгемелерден башталган. Ошол жылдардан 1956-жылга чейин башка "Ишиң сөзүндөй эмес", "Почталён келгенде", "Ана", "Эки көздүү", "Ким күнөлүү", "Максат", "Өкүнүч", "Тартыш", "Батыл кадам", "Айгүл" сыяктуу аңгемелер де жазды. Автордун мындай прозалык чыгармалары 1961-жылы "Блокнот сөйлөйт" деген аталышта өз алдынча китеп болуп басылып чыкты[2].
Аңгемелерден кейин 1956-жылы "Секретарь" аттуу өзүнүн алгачкы повестин жазат. 1958-жылы "Мугалимге рахмат", 1960-жылы "Соңку согуш", "Суук тамчы", "Уйкусуз түндөр" повесттери жарык көрдү[2].
Бул повесттердин изи менен 1968-жылы "Каракалпак дастаны" романынын "Маман бий апсанасы" аттуу биринчи китебин жарыкка чыгарды. Анан 1971-жылы романдардын экинчи китеби "Бактысыздар", 1976-жылы үчүнчү китеби "Түшүнүксүздөр" романы жарык көрөт[2].
Т. Кайыпбергенов 80-жылдары каракалпак прозасында жакшы кадамдарды таштады. Ошол жылдары "Каракалпак кызы", "Каракалпакнама" (1985), "Көздин кареги" (1986), "Каракалпактын өз калпагы менен сырдашуусу" (1990) романдары менен бирге "Кара үйдөн кең дүйнөгө" (1987), "Кудайдын канча аты бар" (1990) китептерине кирген бир катар публицистикалык чыгармалар да жазды[2].
Т. Кайыпбергенов 90-жылдары "Көңүлүмдүн камусы» (1995), "О дүйнөдөгү атама каттар" (1992), "Айдос баба" ("Миң дилдеге тигилген келде") (2001), "Каракалпакпын. Тобокелчимин" (2003) сыяктуу бир катар повесть, роман, драмалык чыгармалар жазып, эгемендик доорундагы адабиятка салым кошкон[2].
Чыгармаларын изилдөө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Т. Кайыпбергеновдун чыгармалары ар түрдүү аспекттерде илимий изилдөөчүлөр тарабынан тастыкталган. Анын чыгармачылыгы боюнча академик М. Нурмухамедов, филология илимдеринин доктору К. Максетов, К. Султанов, З. А. Насруллаева, К. Камалов, С. Бакадырова, К. Алламбергенов, филология илимдеринин кандидаттары Т. Курбанбаева, А. Кожыкбаев , П. Нуржанов жана башкалар илимий изилдөөлөр жүргүзгөн[2].
Сыйлыктары. Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1967 - "Каракалпак кызы" роман-диалогиясы үчүн Бердак атындагы Мамлекеттик сыйлыгы;
- 1971 - "Мугалимге рахмат" повести үчүн Хамза атындагы Өзбекстан Мамлекеттик сыйлыгы;
- 1974 - "Каракалпакстан эл жазуучусу";
- 1986 - "Каракалпак дастаны" роман трилогиясы үчүн СССР Мамлекеттик сыйлыгы;
- 1987 - "Правда" гезитинин сыйлыгы;
- 1988 - "Крестьянка" журналынын сыйлыгы;
- 1993 - "Өзбекстан эл жазуучусу"[3];
- 1994 - "Достук" ордени;
- 1995 - "Каракалпакнама" роман-эссеси үчүн Махмуд Кашкари атындагы эл аралык сыйлыгы;
- 2003 - "Өзбекстан Каарманы";
- 2004 - "О дүйнөдөгү атама каттар" чыгармасы үчүн М. Шолохов атындагы эл аралык сыйлыгы ыйгарылат.
Ч. Айтматов жана Т. Кайыпбергенов
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эки калыктын жазуучусу тең дос болгон, өз ара кат алышуулар кылып турган. Ч. Айтматов автордун "Каракалпак дастаны"н окугандан кийин ага мындай кат жазат:
... сенин "жаздыктай" трилогияңды окуп чыктым. Окуганда аябай кызыгып, чынын айтсам, сүйүнүп окудум. Автор, ягни сиз каракалпактардын үч кылымдагы (XVII-XIX кылымдар) тарыхын ишенимдүү түрдө сүрөттөгөнүңүзгө дагы аябай кубандым. Трилогияда сүрөттөлгөн эл аз болсо да, терең тарыхы жана тамыры бар, ушул күнгө чейин өзүнүн теңдигин, бүтүндүгүн, бузулбас улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган.
Мен өмүрүмдө көптөгөн тарыхый романдарды окудум. Көптөгөн тарыхый чыгармаларда чет элдик баскынчылар же башкаруучулар душман катары көрсөтүлөт. Мен сенин "Дастан"ыңда таптакыр башка көрүнүштөрдү көрдүм. Мында эл (Маман бий, Айдос баба, Эрназар Алакөз жана башкалар) башка улуттун, уруунун өкүлдөрүн душман катары тааныган эмес. Тескерисинче, душмандар алардын айланасында болот. Алар сен менен бир тилде сүйлөшөт, көбүнчө кошуна үй-бүлөдө жашашат. Аттиң, мындай адат бардык түрк элдерине мүнөздүү. Муну тарых дагы тастыктайт[4].
Эстелиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ташкенттеги Жазуучулар аллеясында Төлөпберген Кайыпбергеновдун айкели тургузулду. Каракалпакстан Республикасы райондорунун жана шаарларынын негизги көчөлөрү аттары жазуучунун жаркын элесине коюлган.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ "Ádebiyatı. 8-klass." Nókis, "Bilim", 2014, 360 бет.
- ↑ 2.0 2.1 2.2 2.3 2.4 2.5 2.6 "Qaraqalpaq ádebiyatı. 11-klass." Nókis, "Bilim", 2018, 256 бет.
- ↑ Указ Президента Республики Узбекистан от 28 -январь (үчтүн айы) 1993 года № УП-553 «О награждении группы участников Дней культуры Республики Каракалпакстан в Республике Узбекистан
- ↑ https://kknews.uz/kk/194793.html