Мазмунга өтүү

Халифа бин Салман Аль Халифа

Википедия дан
Халифа ибн Салман Аль Халифа
ар. خليفة بن سلمان آل خليفة
Халифа ибн Салман Аль Халифа
Желек
Желек
Бахрейндин 1-чи премьер-министри
1971-жыл 16-август — 2020-жыл 11-ноябрь
Монарх: Иса ибн Салман Аль Халифа
Хамад ибн Иса Аль Халифа
Андан мурунку: кызматы жаңы түзүлгөн
Андан кийинки: Салман ибн Хамад ибн Иса Аль Халифа
Желек
Желек
Бахрейндин Мамлекеттик кеңешинин төрагасы
1970-жыл 19-январь — 1971-жыл 16-август
Монарх: Иса ибн Салман Аль Халифа
Андан мурунку: кызматы жаңы түзүлгөн
Андан кийинки: кызмат жоюлган
 
Дини: ислам, cүннөт
Туулган жылы: 24 -ноябрь 1935(1935-11-24)
Туулган жери: Бахрейн, Түндүк мухафаза, Жасра
Каза болгон жылы: 11 -ноябрь 2020(2020-11-11) (84 жаш)
Каза болгон жери: АКШ, Миннесота, Рочестер
Мүрзөсүнүн орду: Риффа, Хунайния көрүстөнү
Уруусу: Аль Халифа
Атасы: Салман ибн Хамад Аль Халифа
Жубайы: Хесса бинт Али Аль Халифа
Балдары: балдары: Мохаммад, Али, Салман
кызы:Лулва
 
Сыйлыктары:

 Бахрейн — Аль-Халифа ордени
 Бахрейн — Иса бин Салман аль Халифа орденинин атайын классынын кавалери
 Бахрейн — Хамада падышасынын кайра жаралуу доорунун орденин 1-класстагы кавалери
 Ирак — Дарыялар арасынын ордени
 Дания — Данеброг ордени
 Ливан — Улуттук Кедр ордени
 Испания — Католик Изабелланын ордени
 Иордания — Кайра жаралуу ордени
 Малайзия — Падышалыктын коргоочусу ордени
 Филиппин — Сикатуна ордени
 Таиланд — Ак пил ордени
 Франция — Ардактуу легион ордени
 Марокко — Алауит тактысынын ордени
 Филиппин — Лакандула ордени

Халифа ибн Салман Аль Халифа (ар. خليفة بن سلمان آل خليفة‎) — Бахрейндин падышалык династиясынын мүчөсү жана Бахрейндин 1970-2020 жж. премьер-министри[1].

Халифа бин Салман Аль Халифа (солдо). 1962-жыл.

1935-жылы 24-ноябрда Байхрейндин Түндүк мухафазасынын Жасра аймагында туулган[1]. Бийликтеги падыша Хамад ибн Иса аль-Халифанын бир тууганы.

1970-жылы улуу агасы Иса ибн Салман аль-Халифа тарабынан премьер-министр болуп дайындалган. 1971-жылдын 16-августуна чейин анын кызматы Мамлекеттик кеңештин төрагасы деп аталган. Премьер-министр болуп 50 жыл иштеген, бирок 2002-жылдагы Конституцияга ылайык, министрлерди дайындоо жана кызматтан кетирүү сыяктуу ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн падышага өткөрүп берген. Халифа канзаадасы бийликтеги үй-бүлөнүн эң бай мүчөсү жана Бахрейндеги эң ири ишкерлердин бири.

Халифа бин Салман Аль Халифа ден соолугуна байланыштуу 2019-жылдын сентябрь айында дарылануу үчүн Германияга барып, 2020-жылдын март айында Бахрейнге кайтып келген. Ал акыркы жолу 2020-жылдын июль айында өкмөттө жыйын өткөрүп, 2020-жылдын август айында дарылануу үчүн АКШга барган.

2020-жылдын 11-ноябрында АКШнын Миннесота штатынын Рочестер шаарында 85 жаш курагында каза болгон[2][3]. Халифа бин Салман Аль Халифа каза болгондон кийин Бахрейнде жети күндүк улуттук аза күтүү жана Бангладеште 17-ноябрь мамлекеттик аза күтүү күнү деп жарыяланган[4][5]. Сөгү 2020-жылдын 11-ноябрында Риффадагы Хунайния көрүстөнүнө коюлган[6][7].

Өмүрүнүн 50 жыл 11 айын премьер-министр кызматын аткарууга арнап, тарыхта эң узак премьер-министр болгон адам катары калды[8].

Али бин Хамада Аль Халифанын төртүнчү кызы Хессе бинт Али Аль Халифага үйлөнгөн. Жубайлардын үч уулу жана бир кызы бар[1]:

  • Мохаммад ибн Халифа Аль Халифа (1951 — 14-июль 1974-жыл) — үйлөнгөн эмес, балдары жок.
  • Али ибн Халифа Аль Халифа (15-февраль 1955-жыл) — мурдагы премьер-министрдин орун басары. Үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.
  • Салман ибн Халифа Аль Халифа — 2018-жылдан бери каржы жана улуттук экономика министри.
  • Лулва бинт Халифа Аль Халифа (1952-жылы туулган) — Рашид ибн Халифа Аль Халифага турмушка чыккан, 6 балалуу.

Белгилүү туугандары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жээни Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа Riyada Group компаниялар тобунун президенти. 2014-жылы Forbes журанлынын версиясы боюнча Жакынкы Чыгыштагы эң таасирдүү аялдардын тизмесине кирген[9].

Бахрейндин сыйлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  •  Бахрейн — Аль-Халифа ордени
  •  Бахрейн — Иса бин Салман аль Халифа орденинин атайын классынын кавалери
  •  Бахрейн — Хамада падышасынын кайра жаралуу доорунун орденин 1-класстагы кавалери

Чет мамлекеттердин сыйлыктары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]