Хосе Лаурел

Википедия дан
Хосе Пасиано Лаурел
исп. José Paciano Laurel
Хосе Пасиано Лаурел
Хосе Пасиано Лаурел
Желек
Желек
Филиппиндин президенти
желек
желек
14-октябрь 1943 — 17-август 1954
Андан мурунку: Мануэл Кесон
Андан кийинки: Серхио Осменья
 
Дини: Католик чиркөөсү
Туулган жылы: 9-март 1891
Туулган жери: Танауан, Батангас, Капитан генерал Филиппиндер, Жаңы Испания, Испания империясы, Испания
Каза болгон жылы: 6-ноябрь 1959
Каза болгон жери: Манила, Филиппин
Мүрзөсүнүн орду: Танауан
Атасы: Сотеро Ремокильо Лаурел
Апасы: Джейкоба Гарсиа-Лаурел
Жубайы: Пасенсия Лаурел
Балдары: Хосе Лаурел III, Хосе Лаурел кичүү, Сотеро Лаурел, Арсенио Лаурел жана Сальвадор Идальго Лаурел
Партиясы: Улутчул партия
Билими: Филиппин университетинин юридикалык факультети, Санто-Томас университети, Йел юридикалык мектеби,
 
Автограф: Кол тамгасы

Хосе Пасиано Лаурел и Гарсия (исп. José Paciano Laurel y García; 9-март 1891-жыл, Танауан, Батангас6-ноябрь 1959-жыл, Манила) — филиппиндик саясатчы, Экинчи Филиппин Республикасынын президенти (14-октябрь 1943-жыл17-август 1954-жыл). Азыркы Филиппинде ал өлкөнүн үчүнчү президенти катары таанылган.[1][2]

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бай филиппиндик үй-бүлөдө төрөлгөн Хосе Лаурел 1915-жылы Филиппин университетинин Юридикалык факультети, андан соң 1919-жылы Филиппиндеги Санто-Томас университетин жана АКШдагы Йел юридикалык мектебин бүтүргөн. Мекенине кайтып келгенден кийин 1922—1923-жылдары Филиппиндин ички иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри болгон. Кийинчерээк Филиппин сенатында сенатор жана Жогорку соттун мүчөсү болуп иштеген.[3][4]

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, 1942-жылы жапон аскерлери Филиппинди басып алганда, Лаурел жапон оккупациялык бийликтери менен кызматташып, убактылуу өкмөттү уюштурууга катышкан, андан кийин конституцияны иштеп чыгуу боюнча комитеттин төрагасы; 1943-жылдагы шайлоолордо ал Экинчи Филиппин Республикасынын президенти болуп шайланган. 1943-жылы Токиодо өткөн Улуу Чыгыш Азия конференциясында Филиппиндин өкүлү болгон. Согуш учурунда Лаурелге партизандар эки жолу кол салышкан. 1945-жылы март айында Томоюки Ямасита командачылыгындагы жапониялык кошумча күчтөр коргонуу үчүн Филиппинге келгенде, ал ага олуттуу колдоо көрсөткөн. 1945-жылы 15-августта Жапония багынып бергенден кийин Лаурел Филиппин Республикасынын өкмөтүн таркатканын жарыялаган жана көп өтпөй генерал Д.Макартур баштаган америкалык оккупациялык бийликтер аны камакка алып, Токиодогу Сугамо түрмөсүнө камап салышкан.[5][6]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]