Экинчи Филиппин Республикасы

Википедия дан
Филиппин Республикасы
тагал. Repúbliká ng Pilipinas исп. República de Filipinas жап. フィリピン共和国


Жапония империясынын куурчак мамлекети


14-октябрь 1943 — 17-август 1945



 

Желек Герб
Борбор калаа Манила, Багио
Тил Тагал тили
Аянт 300 000 км²
Калк 18,846,800
Башкаруу формасы Авторитардык республика
Президент Хосе Лаурел
Өкмөт башчысы Хорхе Б. Варгас
Улуттук чогулуштун спикери Бенигно Акино
Мыйзам чыгаруучу орган Улуттук Ассамблея
Тарых
 -  Режим коюлган: 14-октябрь 1943
 -  Режим жокко чыгарылды: 17-август 1945
Өтүүчүлүк
Филиппин Шериктештиги
Филиппин Шериктештиги
Америка Кошмо Штаттары

Экинчи Филиппин Республикасы, расмий аталышы — Филиппин Республикасы (тагал. Repúbliká ng Pilipinas, исп. República de Filipinas, жап. フィリピン共和国 , Firipin-kyōwakoku) — Жапония империясы басып алган Филиппиндин аймагында түзүлгөн мамлекет (14-октябрь 1943-жыл17-август 1945-жыл).[1][2]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жапон оккупациясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жапон аскерлери 1941-жылы декабрда Филиппинге десант жасашкан. 1942-жылдын 2-январында алар Маниланы басып алышкан. 1942-жылдын 6-майында Коррегидор аралындагы акыркы америкалык бөлүктөр багынып беришкен. Жапония Филиппинди 1942-жылы 6-майда Коррегидор согушунан кийин толугу менен басып алган.

1942-жылдын январында граждандык администрациянын түзүлгөндүгү жарыяланып, Мамлекеттик Консультативдик Совет жана Аткаруу Комиссиясы түзүлүп, аны Х.Варгас жетектеген. Муну менен катар бардык саясий партияларга тыюу салынды. 1943-жылдын 14-октябрында Филиппин Республикасынын формалдуу көз карандысыздыгы жарыяланган. Президенттикти улутчул Хосе Пасьяно Лаурел алды.

Чындыгында архипелагдагы бийлик жапондук оккупациялык бийликтерге өтүп, алар Филиппиндин экономикасын Жапониянын муктаждыктарына ылайык кайра курууга киришкен.[3][4]

Филиппиндин АКШга кайтып келиши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1945-жылдын февраль айында АКШнын армиясы каршылык көрсөтүүчү партизандары менен бирге Маниланы бошоткон. Акыркы жапондук бөлүктөр 1945-жылдын июлуна чейин талкаланган.

Филиппинди оккупациялап алган америкалык аскерлер жергиликтүү бийликти таркатып, башкаруучу партиянын бир катар лидерлерин камакка алышкан.

1946-жылы 4-июлда Филиппиндин көз карандысыздыгы жарыяланган.[5][6]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]