Мазмунга өтүү

Ынтымак (Кадамжай району, Исхак-Полотхан айыл аймагы)

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Ынтымак
ӨлкөКыргызстан
ОблусБаткен облусу
РайонКадамжай району
Айыл аймагыИсхак-Полотхан
Координаттар40°15′34″ с. ш. 71°38′39″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышыКөтал (Көк-Тал)[1]
Борборунун бийиктиги721 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Расмий тилиКыргыз тили
Калкы1 320[2] адам (2023)
Улуттук курамыКыргыздар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+996
Автоунаа коду03
Ынтымак (Кадамжай району, Исхак-Полотхан айыл аймагы) (Кыргызстан)

ЫнтымакКыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай районундагы айыл. Исхак-Полотхан айыл аймагына курамына кирет[3].

Айылдын аталышы 1965-жылга чейин "Көтал" — деп аталган, андан кийин Ынтымак болуп өзгөртүлгөн. Бул аймакта катар-катар көк тал дарактары өсүп тургандыктан, айылдын түпкү аталышы Көк-Тал болгон. Кийинчерээк бул жерге түрк улутундагы элдер отурукташып, кыштоо катары пайдаланып келишкен. Алар "Көк-Тал" деген аталышты айтууда кыйынчылыкка туш болуп, алардын сүйлөө ыргагы боюнча "Көтал" деген аталышта айтылып калган. Ал эми совет доорундагы айрым расмий документтерде да айылдын аталышы "Көтал" деп берилген[1].

Айыл облустун чыгыш тарабында, Өзбекстандын Ак-Билал аймагына чектеш, мамлекеттик чек арага жакын, райондун административдик борбору Кадамжай шаарынан түндүк-батышты карай болжол менен 14 чакырым алыстыкта бөксө тоолордун этегинде ​​жайгашкан. Абсолюттук бийиктиги деңиз деңгээлинен 721 метр[4]. Адырлардын айрым бөлүктөрү кызгылт түстө, кылымдар бою сакталган үлүлдөрдүн кабыктары, ошондой эле бүркүттүн тумшугун элестеткен өзгөчө таштар көп кездешет.

№ 43 "Ынтымак" жалпы билим берүү мектеби[5]

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, 2023-жылдын башына карата айылдын калкынын саны 1320 адамды түзгөн[2].

Жылы2009[6]2014[7]2015[8]2020[9]2021[10] 2023[2]
адам103912381189123812551320
  1. 1 2 Как кыргызстанское село с необычным названием стало Ынтымаком. TURMUSH. Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2026.  (орусча)
  2. 1 2 3 Численность населения областей, районов, городов, посёлков городского типа, айылных аймаков и айылов (сёл) Кыргызской Республики в 2023 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики.
  3. Государственный классификатор системы обозначений объектов административно-территориальных и территориальных единиц Кыргызской Республики (СОАТЕ), 12.06.2025 г..
  4. Yntymak. GeoNames.
  5. Мектептердин тизмеси. Кыргыз Республикасынын агартуу министрлиги. Текшерилген күнү 29 -январь (үчтүн айы) 2026.
  6. Перепись населения Кыргызской Республики 2009 года. Баткенская область. Текшерилген күнү 30 -январь (үчтүн айы) 2026. Түп булактан архивделген күнү 8 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
  7. Численность постоянного сельского населения Кыргызской Республики по айылным аймакам и айылам (селам) в 2014 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики.
  8. Численность постоянного сельского населения Кыргызской Республики по айылным аймакам и айылам (селам) в 2015 г.. Национальный статистический комитет Кыргызской Республики.
  9. Численность населения областей, районов, городов, поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2020 г.).
  10. Численность населения областей, районов, городов, поселков городского типа, айылных аймаков и айылов (сел) Кыргызской Республики (по данным айыл окмоту на начало 2021 г.).