Климат: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links
м →‎Адабият: {{Жер}}
11-сап: 11-сап:


== Адабият ==
== Адабият ==
* [http://www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo *Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004.] ISBN 9967-14-006-2
* [http://www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004.] ISBN 9967-14-006-2


{{Жер}}
[[Категория:Климат| ]]
[[Категория:Климат| ]]
[[Категория:Тумар-2011]]
[[Категория:Тумар-2011]]

20 июнь 2018, саат 22:02 учурдагы нуска

Климат.

Климат – белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими.

Байыркы гректер Жер шарынын климаты негизинен күн нурунун жер бетине кыйгач тийишине байланыштуу экендигин билишкен; мис., ысык алкактарда күн нуру жер бетине тик, мелүүн алкактарда бир кыйла кыйгыч түшөт, ал эми Түндүк жана Түштүк уюлдарда Күн бир нече ай бою көрүнбөй дакалат (к. Уюлдук түн макаласын). Ошого байланыштуу «климат» деген түшүнүк пайда болгон (грекче «клима» – жантайуу деген маанини берет).

Климатты пайда кылуучу жалпы процесстерге жылуулук жана нымдуулуктун алмашуусу, атмосфера циркуляциясы жана башка кирет. Климаттын негизги мүнөзү белгилүү бир жердин аба ырайына көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат.

Климаттын ар кандай болушу географиялык шарттарга байланыштуу. Жердин климаты геологиялык доорлордо дайыма өзгөрүп келген. Азыркы учурда жер бетинин климаты географиялык кеңдиктерге ылайык экватордук, 2 субэкватордук, 2 тропиктик, 2 субтропиктик, 2 мелүүн, субарктикалык, субантрактикалык, арктикалык, антарктикалык климаттык алкактарга бөлүнөт. Ээлеген аймагы бооюнча макроклимат, мезоклимат, микроклимат, аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук жана башка климаттарга ажыратылат. Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.

Кыргызстандын аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан континенттик климат үстөмдүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан ага климаттык бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү.

Адабият