Мазмунга өтүү

Күн

Википедия дан

Күн

1) Күн - сутканын жарык бөлүгү, Күн чыккандан батканга чейинки убакыт. Күндүн узактыгы ал жердин географиялык кеңдигине жана жыл мезгилине жараша болуп, күндүн жантайышына карата өзгөрөт.

2) Күн - сутка, башкача айтканда узактыгы 24 саатка барабар мезгил. Апта ичиндеги күндөрдүн аттары: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.

Күн ☉
Жалпы маалымат
Экваториалдык радиусу 6.955×105 км

109 эсе жер радиусунан

Бетинин аянты (S) 6.0877×1012 km2
Көлөмү (V) 1.412×1018 km3
Массасы (m) 1.9891×1030 kg

0,107 жер массасынан

Орточо тыгыздыгы (ρ) 1.408×103 kg/m3

3) Күн, күйөш, жашык - Күн системасындагы, аны баардык объектилери: планеталар жана алардын жандоочулары, кодоо планеталар, астероиддер, метеориттер, кометалар, космостук чандар айланган, жалгыз гана жылдызы: Өзүнөн жарык нур, жылуулук таратып, негизги жана борбордук планета катары эсептелинүүчү асман телосу; өтө ысык плазмалуу шар.

Азыркы убакта 500000ден ашуун жылдыздардын спектрлери аркылуу алардын химиялык түзүлүшү жакшы аныкталган. Күн дагы ошол жылдыздардын бирин түзүп, жылдыздардын спектри (түсү) боюнча G классына кирет жана ага окшогон көптөгөн жылдыздар бар. Алсак, алардын бири Возничий (Арабакеч) топ жылдызынын өтө жарык жылдызы Капелла.

Бизге жакын турган жылдыз – a — Центаврдин аралыгы 270000 астрономиялык бирдикти түзөт. Ал эми Күн бар болгону 1 астрономиялык бирдикке гана барабар. Ошондуктан аны эң жакынкы жылдыз деп аташат. Тагыраак айтканда, Күндүн массасы 2•1030 кг, тыгыздыгы 1,41 г/см³га барабар. Эркин түшүүнүн ылдамдануусу 274 м/сек²ка, радиусу 696000 кмге барабар же Жер радиусуна салыштырганда 109 эсе чоң.

Температуранын маанисине жана ал аркылуу аныкталуучу процесстердин мүнөзүнө жараша Күндү шарттуу түрдө 4 областка бөлүүгө болот.

1. Ички, борбордук область (ядросу), бул жерде басым жана температура ядролук реакциянын жүрүшүн камсыз кылат да, ал борборунан баштап, болжол менен радиусунун 1/3 аралыгына чейин созулат.
2. «Нурдуу» зона борбордук областтан баштап Күн радиусунун 1/3инен 2/3 чисине чейинки радиустук аралыкты ээлеп, электр-магниттик энергиянын нурланышынын жана жутулушунун натыйжасында энергия катмардан катмарга берилип, сыртка чыгарылат. Мына ушул зона Күн жарыгынын табигый булагы болуп саналат.
3. Конвекция зонасы «нурдуу» зонанын жогорку бөлүгүнөн баштап, дээрлик Күндүн көзгө көрүнгөн чегине чейин созулат.
4. Атмосфера түз эле конвекция зонасынан баштап Күндүн көзгө көрүнгөн фотосферасынын чегинен да алыска кетет.

Химиялык составы:суутек 90%тей, гелий 10%, калган элементтери 0,1%тен аз. Күн энергиясынын булагы – Күндүн борбордук бөлөгүндө суутектин гелийге айлануусу болуп саналат: анда температура 10млн. градустан ашык болот. Күн атмосферасы (хромосфера жана күн таажысы) өтө кыймылдуу, анда хромосфералык жарк этүүлөр, протуберанецтер байкалат, планета аралык мейкиндикке таажы заттары таралып турат (күн шамалы). Күн жердин географиялык кабыгында, биосферада, магнитосферада өтүүчү бүт процесстер үчүн энергиянын негизги булагы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов