Апас Бакиров

Википедия дан

Бакиров Апас (12.2.1935-ж. т., Жумгал району, Түгөл-Сай айылы) — геолог, минерология илимдеринин доктору (1975), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1997; корреспондент мүчө, 1984), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).

Өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апас Бакиров 1935-жылы 12-февралда Кыргызстандын Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылында туулган.

1957-ж. Бишкек политехникалык институтунун тоо кен-геология факультетин бүткөн.
1957-жылдан Кыргызстан ИАнын геология институтунун кенже, 1969-жылдан улук илимий кызматкери, лаборатория башчысы болду.

1988-жылдан Кыргызстан УИАсынын геология институтунун директору болуп иштеп келет.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

А.Бакиров Теңир-Тоонун аймактык геологиясына, өзгөчө эң байыркы күчтүү өзгөрүүлөргө учураган тоо катмарларынын өзгөчөлүктөрүнө арналган. Көптөгөн катмарлардын жашын аныктаган, жер кыртышынын тектоникалык түзүлүшүнө, өнүгүш тарыхына жаңы көз караштарды киргизген.

Борбордук Азия аймагындагы тоо тектердин метаморфизмин (физикалык жана химиялык жактан өзгөрүлүшүн) изилдеп, биринчилерден болуп метаморфизм менен тектоника кубулуштарынын байланышын аныктаган.

Мурун Борбордук Азияда белгисиз болгон сейрек учурай турган минералдарды таап, метаморфизмдин жаңы типтерин бөлгөн. Метаморфизм комплекстеринин металло-гениялык картасын түзүп, аларда учурай турган пайдалуу кендердин прогнозун берген.

Ысык-Көл облусундагы Үч-Кошкон калай кенин ачкандардын бири, Талас өрөөнүндөгү Бала-Чычкан жана Кичи-Кайыңды ванадийлүү титан-магнетит кендерин негиздеген.

Академик А.Бакировдун Кыргызстандагы кендер тууралуу айтканы бар:

"Дегеле бизде кендерибиз өтө көп. Глауконит чыккан жерден гипстин кени да бар экени аныкталды. Гипс шор баскан жерлерди кургатууга табылгыс, жакшы минерал. Таш-Көмүрдө кремний чыгаруучу заводдун курулушу жүрүп жатат. Эгерде бул бүтүп, ишке кирчү болсо мунун бир өзү он Кумтөргө татымак. Таза кварцтын чалгындалган, иштеткенге даяр кени турат. Эч ким карабай келди эле, жакында кайсыл бир орус фирмасы өздөштүргөнгө уруксат алды деп угубатам. Волостанит деп аталган курулуш материалдарын жасоодо табылгыс минерал бар бизде, ага да көңүл бурган эч ким жок. Дегеле кыргыз геологиясынын тарыхында минералдарга байланышкан кызыктуу, сыймыктанаар окуялар көп. Фашисттер Украинаны (октун дүрмөтү жасалчу ртуть чыккан кен бар эле) басып алып "эми Кызыл Армияны жеңебиз" дешкенде, совет өкмөтү Айдаркенден сымаптын кенин ачкан. Атом бомба үчүн керектүү сырье- уран Майлы- Сайдан табылган. 60-жылдары батыш түстүү телевизорлорду жасай баштаган соң, ага керектүү сейрек элементтер мобул эле Актүздүн Куту-Сайынан табылган. Тилекке каршы, азыркы учурда инвестициялар алтынга гана келип калды... Алтынды калктын санына эсептегенде Кыргызстан дүйнөдө 3-орунду ээлейт экен. Бизде алтын кени бар деген 3000 байкалган жерлер катталган. Анын 100ү гана перспективдүү азырынча"[1].

Бакиров 150дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография, Теөңир-Тоону, Памирди, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарын камтыган 10дон ашык ар түрдүү геологиялык карталардын) автору.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1997; мүчө-кабарчы, 1984).

Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).

"Кенди биринчи изилдегич" , (СССР) төш белгисинин ээси.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. – 544 с., илл. - ISBN 5-89750-142-4.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тийешелүү шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [А. Бакиров: Кенди казып алуу оңой-олтоң иш эмес. http://presskg.com/aal/09/0630_12.htm Archived 2017-06-11 at the Wayback Machine]