Аткаруучу бийлик

Википедия дан

Аткаруучу бийлик – мамлекеттик бийликтин бир бутагы. Адам укугунун жана эркиндигинин корголушун, аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички жана тышкы ишмердигин уюштуруп жана багыттап турат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ага баш ийген министрлик, мамлекеттик комитет, админстрациялык ведомстволор, мамлекеттик жергиликтүү админстрациялар аткаруучу бийликти жүргүзөт. Аткаруучу бийликтин формалары ар башка өлкөлөрдө ар түрдүүчө. АКШда жана көпчүлүк латын-америкалык өлкөлөрдө жогорку аткаруучу бийлик бир адамдын колуна топтолуп, ал министрлер кабинетиндеги бардык дайындоолорду жүргүзөт жана ага бардык саясий чечимдер үчүн акыркы жана толук жоопкерчилик милдети жүктөлөт. АКШнын Президенти мамлекет башчысы болуу менен бирге аткаруучу бийликти да жетектейт жана анын ишмердиги үчүн жооп берет. Швейцарияда федералдык Кеңеш Мыйзам чыгаруучу жыйын тарабынан төрт жылдык мөөнүткө шайланган жети Мүчөдөн турат. Ал эми Сан-Марино ж.б. бир катар өлкөлөрдө «коллегиалдуу президентчилик» бар. Өтө кеңири тараган аткаруучу бийликтин формасы, бул – министрлер кабинети. Парламенттик Республика системасында мыйзам чыгаруу бийлик өз ичинен аткаруучу бийликти түзөт. Өкмөттүн жетекчилери жана мүчөлөрү парламентке киришет, ал эми Улуу Британия, Германия, Япония, Израиль өлкөлөрүндө премьер-министрлер жалаң гана парламенттин мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат. Министрлер парламенттин алдында отчет берип турушат жана алар өздөрү да депутат экендигин эске алсак, анда министрлер кабинети парламенттик комитетке жана комиссияга окшошуп кетет. Бирок парламенттик комитеттер эч качан министрлердин иштерине кийлигишпейт жана тоскоолдук кылбайт, алардын ишмердигине көзөмөлдүк кылат. Европа өлкөлөрүндө өкмөт башчысынын же кээ бир министрлердин кызматтан кетиши министрлер кабинетинин калган бөлүгү алмашылбайт. Анткени аткаруучу бийлик саясий кармаштардан формалдуу четте турган жана анын таасири менен күчү министрлердин профессионалдык дэңгээлине жараша болот. Өкмөт башчысы парламентти (же төмөнкү палатасын) таркатып жиберүүгө жана чукул шайлоолорду белгилөөгө укуктуу. Ушундан улам аткаруучу бийлик мыйзам чыгаруучу бийликке күчтүү таасир тийгизип турат. Эгерде партиялык тартипти да эске алсак, анда АКШ менен Россияга караганда Европа өлкөлөрү менен Японияда кандай саясий чечимдер кабылданаарын алдын ала айтса болот. Башкаруусу көп партиялуулук негизде болгон өлкөлөрдө, адатта коалициялык өкмөттөр түзүлөт. Эң ири партиялык фракция – өкмөт башчысы кызматын, андан кийинкиси – тышкы иштер жана финансы министрлиги ж.б. ээлешет. Бул өкмөттүн күчүн, ийкемдүүлүгүн жана тез убакытта чечимди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн азайтат. Башкаруучу партия өтө күчтүү жана таасирдүү болгондо гана жогорудагыдай мүчүлүштөргө жол бербейт. Булардын катарына Улуу Британия, Германия, Япония, Швеция, Испания ж.б. кирет. Өкмөттүн туруктуулугу бул өлкөлөрдөгү майда партиялардын колдоосунан да көбүн эсе көз каранды болот. Парламенттик республика системасында өкмөт мыйзам чыгаруу демилгесине, мыйзамдын кабылдашына вето коюу укуктарына ээ. Ал эми Президенттик республикада аткаруучу бийлик мыйзам чыгаруучу бийликтен тышкары өз алдынча түзүлөт. АКШ Конгресси иш жүзүндө президент сунуш кылган өкмөт составын бекитпей кое албайт, ошондой эле Конгрессти таркатып жиберүүгө Президенттин укугу жок. АКШда өкмөт мүчөлөрү депутат боло алышпайт. Бир гана АКШ вице-президенти депутат болот, анткени ал Сенаттын төрагасы. Президенттин ветосу өкүлчүлүк бийлигинин үчтөн эки бөлүгүнөн добушу менен гана четке кагылат. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө аткаруучу бийлик жогоруда айтылган башкаруунун эки системасынын тең белгилерин, элементтерин камтыйт. Бул жарым-президенттик башкаруунун формасы. Францияда президенттин бийлиги, эгерде анын партиясы Улуттук жыйында көпчүлүктү түзсө күчтүү болот. Тескерисинче чыныгы бийлик премьер-министрге өтөт. Кыргыз Республикасында Конституциянын 70-статьясына ылайык өкмөттүн составын премьер-министрдин сунушу боюнча Президент аныктайт. Иш жүзүндө өкмөт башчысын жана анын мүчөлөрүн Президент өзү түзөт, бирок алардын ишине тикелей жооп бербейт, жоопкерчилик Премьер-министрге жүктөлгөн. Мындан тышкары Президентке парламентти таркатып жиберүү укугу берилген. Саясий өнүгүүнүн мындай багыты авторитардык саясий режимге алып келиши мүмкүн. Солчул же оңчул радикалдык оппозиция күчтүү болгон учурда жарым президенттик башкаруу системасы (биздин өлкөдө ушундай) тигил же бул диктатуралык режимдин орношуна дуушар болоору дүйнөлүк практикада далилденген (Мисалы, Веймар республикасынын кулашы жана Германияда фашисттик диктатурага өтүү ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9