Жолойдун эт уурдаганы, Коңурбайдынкүч менен Мааникерди сураганы

Википедия дан

Жолойдун эт уурдаганы, Коңурбайдынкүч менен Мааникерди сураганы — сюжеттин татаалданып өнүгүүсү — окуядагы жаңы бутак.

Жолой конокко тарткан этке алымсынбай кемеге башына келип, казанда кайнап жаткан этке кол салып, жей баштайт. Эт бышырып жаткан Сукумбек аттуу баланын чакыруусу менен атчан өтүп бараткан Бокмурун кайрылып, Жолойго жолуң болгур, ушул сен кыла турган ишпи — деп ачууланат. Эки казан этти жеп одурайып карап турган Жолой дөө Бокмурундун кебине көңүл бурбай, минген аты Мааникерге көзү түшөт. Алакандай бурутта ушундай мыкты тулпар турганы кандай, эмдигиче тартып албай биздин калдайлар эмне болушкан? — деп ойлойт да Коңурбайга жөнөйт. Мааникерди ыгын таап тартып алуу керек деп Коңурбайды көкүтөт. Жолойдун акылын туура көрүп, ашты шылтоолоп Мааникерди тартып алмакчы болгон Коңурбай жигиттерин жиберип Бокмурунду чакыртып алат. Манасты менден жогору көрүп ал келгенде ат тартасың, мени тоготпойсуң. Ашыма чыр салбасын десең Мааникерди бер — деп, опузалайт.

Бокмурун Кошойгокелип акыл салса берүү керек го, бирок Манаска бир ооз айтып коёлу деп, бир канча адам Манаска келишет. Кошойдун сөзүн угуп, ачууланган Манас бүгүн Мааникерди сурап алса, эртең Аккуланы, бүрсүгүнү Чалкуйрукту бер дебейби. Коңурбай мага тийиштик кылгысы келген экен го — деп, өз колуна аттанууга буйрук берди. Мурдатан мыкты камылга менен келип, даяр турган Манастын кошуну кытайларга ат коюп, камсыз жаткан немелерди четинен кыйратып киришти. Коңурбай камдангыча кыргын кылып кетер, ат албасам жок, Кылгараны тартуу тартып, Манасты токтоткула! — деп сабылды. Кыйды неме сактанып, Алгараны минип жалгыз колдон чыгып качып кетти. Алооке кары баш болгон кытайлар Кылкараны тартып алдынан чыгып, Манасты токтотушту. Жаңжал басылып, эл кош — кошуна тарады.

Радлов жазып алган вариантта Жолойдун кемегеден эт тартып жегени жок, Мааникерди бер деп күч көрсөтүү жана аны бербей коюу да Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат, бирок уруш жок.

Валиханов жазып алган эпизоддо Жолойдун зордуктап эт жегени жок, бирок калмак-солондор эттин бышыгын бышылуу, чийкисин чийки — талоон кылганы, аларды Манас кемеге башынан кубалап тыйганы айтылат. Ошондой эле Мааникерди алууга аракет да бар, бирок, аны Коңурбай эмес, НескараКошойгокайрылып, Мааникерди Жолойго тартууга беришин талап кылат. Кошой бермек болгондо Манастын каршы чыгышы, күч менен калмактарды токтотушу жана башка окуялар Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылат.

Саякбай Каралаевдин вариантында ашка келген коноктордун ичинен кытай-калмак улуктары кыргыздарга кыр көрсөтүп, басмырлоого аракет кылышат. Нескара Коңурбай менен Жолойго кеңешип, буруттардын эсебин алып, алптарын сынайын, арасында бизге каяша берер адамы жок болсо чыр чыгарып, талап алалы деген бүтүмгө келишет. Манжунун каны Нескара Кошойду баш кылып кыргыз баатырларын бирден сынайт да, Манастын жоктугунан пайдаланып үстүнө алтын артып, Мааникерди тартуу тарт деп Бокмурундан талап кылат. Эси чыккан Бокмурун Кошойгобарып акыл сурайт. Кошой өзү кат жазып, Мааникерди мингизип түнү менен жаш Айдарды Манаска кабарга жөнөтөт. Элдин башына кыйынчылык түшкөнүн уккан Манас калмак-кытайлар кемегени талап, кыргыздар качып калган учурдун үстүнөн чыгат. Кошой калмактардын көптүгүн айтып, Мааникерди берип кутулалы дейт. Манас Кошойгонааразы болуп, ачууланып, кырк чоросу менен манжурларга кол салып, четинен кыйратып кирет. Коңурбай, Нескаралар кечирим сурайт. Кошой, Бакай арага түшүп, чыр басылат.

Аштын шаан-шөкөттөрү — бөлүмдүн негизги окуясы, өнүгүүнүн жеткен чеги.

Көкөтөйдүн көк туусун дөбөгө тигип, элди чогултуп, аштын аземин баштамак болуп, чабылуучу аттарды чубатууга салып, байгесин угузат. Атты айдоонун алдында чабылган аттар кайсыл жерден кайра тартарын сурап Манастан жооп күтүшөт. Ал жооп бергиче Үрбү эки күндүк жерден коё бергиле! — дейт. Манастын каары келип: кызыталак кул, мындагы кишини көзүңө ил! — деп, камчы менен Үрбүнү оройго тартып жиберет. Камчынын учу артыла тийип Үрбүнүн жаагы айрылат. Манаска бул эмне кылганың? — деп Кошой ачууланса, Кошой болушканга эрдене түшкөн Үрбү «Самарканда сарт Манас, сары кулак ит Манас, мен сага дарт болормун, ажалың менден» — деп опурулат. Үрбүнүн орой сөзүн уккан Кошой Манастын ачуусунан чочулап, «Үнүңдү бас, түпкө жетесиң” — деп аны коштоп топтон чыга качат. Ачууга ууккан Манас Кошойду кыя албай, бир топ буулугуп туруп, өзүн-өзү араң тыйып, күтүп тургандарга аттарды алты күнү нары айдап, анан коё бергиле деп тапшырды. Алтымыш адам ат айдап, алты миң адам жолго туруп, чабылган аттар адашпас үчүн жол көрсөтмөк болду. Ат айдалып кеткен соң, элге аштын тамагы тартылды: кызматкер балдар колго суу куюп, дасторкон жайылып ошончо элге бир дасторкон жетти. Кошой өзү табак жасап, Манас атчан элди аралап иреттеп жүрдү. Киши башына экиден табак тартылып, кулак угуп, көз көргөн даам бүт берилди. Эки күн, эки түн Бокмурундун сыйын көрүп эл тамакка тоюнду, ислам журту куран окуп, бата кылды. Чабылган аттар келгиче эл зерикпесин үчүн аштын башка тамашалары башталды. Алты жүз узун устунду бири-бирине улап, орнотуп, башына туура жыгач аштап, ага кырк эки танап менен алтын жамбы илип ат менен чаап баратып атып алышсын деп жар чакыртты. Ошончо эл адегенде атчан, анан түбүнө туруп алып аткылап, эч ким жамбыны түшүрө албады. Элдин ок-дарысы түгөнгөндө Манас баш болгон кырк чоро алды менен согуш өнөрүнө маштыгын көрсөтүп, акырында чоролордун ар бири атып жамбынын бирден танабын кыйып, жалгыз танапка илинип калган жамбыны акырында Манас атып түшүрүп, олжосун Кошойго тартуу тартты. Балбан күрөшкө чыккан Жолой дөөгө каршы барар киши чыкпай, белгилүү баатыр, балбандар баш тартканда Манастын өтүнүчү боюнча Кошой өзү чыкмак болот. Ага кийүүгө ылайыктуу кандагай табылбай, Каныкей атайлап даярдаган шымды кийген Кошой эркек балалуу бол! — деп, бата берди. Аны менен кошо ал жердеги чогулган эл бүт чуркурап бата кылды, жер дүңгүрөп калды (Семетей ошол батадан бүткөн бала делет). Эки балбандын узакка созулган күрөшү Кошойдун жеңиши менен аяктап, ал алган байгесин элге таратты. Таз сүзүшмөйгө кытайлардын Мардыкелең деген тазы майданга келип, ага каршы таз чыкпаган соң байгени алып кайтты. Төө чечмейге каңгайлардын Ороңгусу, эркектен Мардыкелең чыгып, тийиштүү байгесин алышты. Эр сайышка Коңурбай чыгып, ага каршы барган Манас сайып аттан түшүрүп, байгесин элге бөлүштүрдү. Эр эңиште күн батыш элдеринен чыккан Чыноончүк аттуу балбан кытайлардын Шаңдөөгөр дөөсүн оодара тартып кетти.

Болжогон бир апта — жети күн бүтүп чабылган аттар келер убак болду деп жалпы журт атка минип камынды. Байгенин көбүн алдырып, өзү да жеңилип калып ыза болгон Коңурбай чыр чыгарып, буруттарды кыйрата чаап кетели, аты чыгып келсе алдын тороп жыгып салгыла — деп, элине жардык айтты. Коңурбай өзү баш болуп ат тандап минишип, чабылган аттардын алдын утурлай барып жол тосуп калышты. Келер аттарды утурлап Чабдардын белине чыгып, жол караганда Манаска Суук-Дөбөнүн оюнан чаң чыгып, күлүктөрдүн алды көрүндү. Эң алдында Жолойдун Ачбууданы , анын артынан Төштүктүн Чалкуйругу келе жатыптыр. Эми кызыган Аккула алардын артынан жетип калган экен. Коңурбай баш болгон кырк төрт кытай жабылып, аттуу эки жайсаңын жолго туурасынан коюп Аккуланы жыгууга аракет кылып калышты. Кызып чуркап алган Аккула жолду тоскон эки атчандын үстүнөн аттап өтүп кетти. Коңурбай Алгарага камчы уруп аттын омуроосу менен урдуруп кетмек болуп Аккуланы туурасынан качырды. Муну көргөн Манас Арчаторуга камчы салып чаңга аралаша Аккулага жакындап калган Коңурбайга жетип, атымда, калча, эмнең бар?!— деп камчы менен оройго салып өттү. Эси эңгирей түшкөн Коңурбай атынын жалын кучактап токтоп калганда Аккула узап кетти. Атка карасанаган андай эмес, мындай! — деп Алмамбет алдыда бара жаткан Ачбууданды качырып жетип камчы менен чокуга чаап өттү эле, ал мүргүп барып жыгылып, араң турду. Ачбуудан оңолуп кайра жолго киргиче Чалкуйрук узап, дагы үч ат өтүп кетти.

Бул эмне кылганың? — деп Жолой үтүрөңдөп Алмамбетке барды эле, Аккуланы жыгууга Коңтөрөң мурда аракет кылбадыбы — деп бастырып кетти. Алмамбетти атмак болуп жаасын белендеген Жолойду көргөн Чубак жете келип айбалта менен оройго салып өттү.

Эси эңгиреп жаасы колунан түшкөн Жолой кол салганы камданып калган кырк чорону көрүп калмактардын арасына кире качты. Байгеге кирген аттарды бирден санап, алтымыш атты өткөрүп, Манас, Кошой даекчилерди тескеп, баш байге кыргыздыкы деп көңүлдөрү жай байге таратып жүрүштү.

Чоң ашты берүү, анын тамашалары айрым өзгөчөлүктөрү менен Радлов жазып алган вариантта да негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын, көп деталдары окшош айтылат. Ошондой эле Валиханов жазып алган эпизоддо да сөз болгон окуялар негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына көп жактан окшош, айрым өзгөчөлүктөрү да бар.

Керээз, өлгөндү коюу, аш даярдыгы, аны өткөрүү өңдүү салттык жөрөлгөлөр, анын ичинде ат чабуу, эр сайыш, балбан күрөш, жамбы атуудан баштап, төө чечмейге чейин эл арасында кеңири белгилүү каада-салттар болгондуктан эпостогу бул окуяларды даяр сюжет катары кароого болот.

Саякбай Каралаевдин вариантында Манас келгенде чатак басылып, эл жарашып, аштын тамашалары башталат. Балбан күрөшкө чыккан Жолойго каршы барууга киши жок, Манастын өтүнүчү боюнча Кошой чыгат. Каныкей атайы Кошойго арнап жасаган кандагайды кийип, Кошойдон эркек балалуу бол деген бата алат. Кошой бата бергенде мусулмандарга кошулуп ырымы ушундай экен деп капырлар да бата берет. Күрөштө Жолойду жыгып, Кошой намыс алат. Экинчи жолку күрөштө кытайлардын түктүү таман Түкүбайын чыканактай эр Агыш жыгат. Манас менен Акункан бел куда болушат. Төө чечмейге Ороңгу чыгат. Жар чакырылып чабыла турган аттар айдалат. Эр сайышта Манас менен Коңурбай беттешип, Манас жеңет.

Жамбы атышта да кырк чоро бирден танабын үзүп, акыркы танапты Манас кыя атып, мерөй алат. Чабылган аттар келер учурда Бакайдын акылы боюнча калмак, кытайлардан сактануу үчүн Алмамбетти кытайча кийинтип, ат сүрөөгө жиберишет. Ал кытайча, калмакча ураан чакырып Аккуланы сүрөп, кытай, калмактардын арасынан аман алып өтөт. Аккула чыгып келет.

Калмак-кытайлардын байгеге зордук кылганы — бөлүмдөгү жыйынтык окуя.

Чыккан аттардын байгесин таратып Манас кошко кечигип келсе Коңурбай баш болгон калмак, кытайлар үчүнчү болуп барган Ачбуудандын байгесине биринчи келген Аккуланын , экинчи келген Чалкуйруктун байгесин кошуп айдап кетишиптир. Атынын байгесин алдырган Төштүк ыза болуп, алардын артынан кууй кетиптир. Алардын артынан Бокмурун да аттаныптыр. Байгеге сайылган малды кайтарган адамдардын кытайлардан аман калгандарынан иштин жайын уккан Манас баатыр каарданып, куугунга жөнөдү.

Байгени талап алып Төтөнү көздөй жөнөгөндө Жолой Чанактагы айылым тоодон түшүп, жол боюна конуп, Коңурбай баатырды тосуп алууга мыктылап даярдансын деп кабарчы жиберген экен. Жолойдун айылы Кулжанын маңдайындагы Курдум суунун боюна конуп, тойго камданып жатышты. Олжо малды айдаган кытай-калмактар Кулжага жакындаганда элге жеттик, эми малды кыйнабай жай айдап келе бергиле! — деп Жолой алдыга кетти. Жайбаракат бара жатышканда артынан куугун жетип, каптап келгендерге туруштук бере албай кытай-калмактар туш-тушка качып калышты. Коңурбай , Мурадыл, Нескара, Ороңгу төртөө кырылгандан калган колун жыйып, урушууга бел байлашты. Чылабалап ураан чакырып жекеге чыккан Коңурбайга каршы барууга Манас камданып жатканда Бокмурун Кошойдон бата алып майданга чыгып кетти. Аты күлүк неме Коңурбай камдангыча жетип барып найза салды. Анын найзасынан ээрдин артына кетип жыгылбай калган Коңурбай ээрине кайра минмекчи болуп обдулганда бурулуп келген Бокмурун калчаны ачык жери көчүккө найза менен сайып жарадар кылды. Шаштысы кеткен Коң төрө намысты коюп элин карай качып берди. Бокмурун артынан жетип оңдоп найза саларда Нескара чыгып, найзасын кагып жиберип, Коңурбайды куткарып кетти. Муну көргөн Манас кырк чоросу менен ат коюп, артынан бүт колу каптап кирди. Кытайлар туруштук бере албай качып жөнөштү, азы кутулду, көбү кыргын тапты. Качкан калмактарды кубалап айлына бармак болгон куугунчуларды койгула, балдар, аралаш жүргөн тууган элбиз деп Кошой тыйды. Көпчүлүк ага болбой Жолойдун айылын бет алышты. Манас Жолойдун айылына барып, үйүнүн сыртында тыңшап турса, кыргыздарды кыргын кылдым, бүт талкалап чаап келе жатабыз! — деп, мактанып олтуруптур. Жолойдун аялы Айганыш эстүү адам экен, түгөнгүр, түпкө жеткен экенсиң! — деп кайгырды. Аялына ачууланган Жолой урмак болуп кубалап, качкан катындын артынан сыртка чыкканда Манас баатыр айбалта менен көк желкеге чаап жыгып, аңдып турган колуна каптагыла! — деп, белги берди.

Өлтүрбөгүлө, башына зыян кылбагыла! — деп Кошой кошунду тыйып, Манастан соогат! — деп Жолойдун жанын сурап алып калды. Куугунчулар Жолойдун айылын чаап алып, аман-эсен кайра тартышты.

Байгеге зордук, ага байланыштуу согуш Радлов жазып алган вариантта да бар. Бирок, окуялар системалуу берилбеген, сюжетте карама-каршылыктар да учурайт.

Валиханов жазып алган эпизод боюнча Жолой Аккулага тиешелүү баш байгени, Бокмурундун агар алтын, ак күмүшүн талап алып, Манасты тоготпой кетип калат. Манас, Кошой, Төштүк, Көкчөдөн жана башкалар жардам сураса алар жооткотуп болбой коюшат. Манас таарынып жер ортосу Боз-Дөбөгө чыгып жатып алат. Жыйырма чоросун Каныкейге азык алып келүүгө, төкөр уста Дарканга ак болот жасап берсин деп жиберип, жаз болгондо жортом деп камданат.

Саякбай Каралаевдин вариантында Жолой баш болгон калмак-кытайлар чыгып келген Аккуланын баш байгесин талап кетишет. Көп жоого Манас жеке кол салып, калмактарды аралап барып камчы менен Жолойдун жаагын айра чабат. Манаска кошулуп баатырлар бүт кол салып, качкан жоону кубалап, байгеден алда канча көп ат олжолоп калышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4