Какыр, Өзгөн району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Какыр, Өзгөн районуОш облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Ак-Жар айыл округуна караштуу. Жазы суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 24 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 65 км. Калкы 1483 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]