Карадөө Сейтекке талаадан издеп келип кезигип, ата-тегин айтышы

Википедия дан

Карадөө Сейтекке талаадан издеп келип кезигип, ата-тегин айтышы. Сейтек бүркүт кондуруп аң уулап жүргөн жеринде «Кара кула ат минген, карагайдай айза алган, кыны жок кылыч байланган» бир сүрдүү адам кезигет. Ал Кыяста денекул болуп жүргөн Карадөө деген баатыр экен. Сейтекке ата-тегинин дайнын айтмакка атайылап издеп келиптир, Канчоро, Кыяс, Толтойдун кандай иш кылганын түшүндүрүп, Бакай, Каныкей, [[Күлчоро|Күлчоронун]] жөнүн билгизет. Кыястан өч ал деп өтүнөт. Дарыгер чакыртып келип Күлчорону айыктырыш үчүн Момунжанды (Кызылсартты) издеп кетет. Олжого кеткен Зулпукорду , сур чепкенди, ок жетпеген Тооторуну Кыястан алдап алсын деп Айчүрөккө табыштайт. Ошо кезде кечири кесилип, кырк жылкычынын башчысы Карагулда кулчулукта жүргөн Күлчоро Сейтектин аман-эсен өсүп келе жаткандыгын жылкычы Бозбаладан угат да учурашмакка Айчүрөккө келет. Күлчорону көрүп Кыяс өлтүрө турган болгондо Айчүрөк дагы атасынан кол алып келээрин айтып аны сестендирет.

Күлчоро эс алып, күчтөнүп, демденип алган соң Сейтекти өзү менен кошо жылкыга ала кетүүнү өтүнөт. «Көк жалдын кара көзүндөй, Семетейдин өзүндөй», болуп жетилип калган Сейтек Канчоронун кастыгынан Семетейдин жаздым болгонун Күлчородон угуп, эмдигиче айтпаганың кандай деп энесине тарынат. Айчүрөк да Сейтекке негизги жоо Кыяс эмес, Канчоро деп түшүндүрөт. Каныкей, Бакайдын жайын угуп, Каныкей Манас өлүп төркүнүнө качканда кайненесин аркасына, баласын алдына көтөрүп ала кетиптир, сен болсо, кара эле жаныңды качырып кетипсиң, Каныкей, Бакайды Канчорого таштабай Акундун шаарына кирип кетпепсиң деп күнөөлөп, Таласка кетээрин билдирет Айчүрөк Кыястан суранып, Сейтекти Күлчорого кошуп жылкыга жиберсе, кечигип келесиң деп Карагул Күлчорону сабаганда Сейтек ага болушуп, жылкычыларга кол салат. Бул анын көрсөткөн биринчи эрдиги. Мамбет Чокмор уулунун айтымында Айчүрөк жылкычыларга барсын деп, Сейтекти Күлчорого кошуп жибергенде жолдо келатып Күлчоро Сейтектин өз атасы Семетей экендигин түшүндүрөт.

Сейтек, Бозбала экөө Абдырай кандын кербенчилерин алып келип, Күлчорого кырмызы деген дарыдан беришет. Башка варианттарда кашкарлык Кызылсарт, Карасарт деп берилчү Семетейдин достору мында ашхабаддык Абдырай кандын кербенчилери деп берилип, түбү Манастын досунун балдары катары айтылат. Жакшылык Сарык уулунда Сейтектин өз ата-тегин билиши бир аз башкачараак сүрөттөлөт. Өрмөк соккон кемпирден (баласын ыйлатып койгондугу үчүн жемелеп) ата-тегинин дарегин угуп, энесинен чындыкты билет. Ушундан баштап Сейтек Таласка кетүүгө шашылат. Бирок биринчи милдет өзүнө таяныч табуу болгондуктан, Сейтек дарыгер издеп, Күлчорону айыктырган эпизод «Кызылсарттын келиши» деп өзүнчө айтылат. Семетейдин досу Кызылсарт Күлчорого кайнатма кара дары, кырма кызыл дары сыйпап кечирин айыктырат. Саякбай Карала уулунда Карадөө Манастын досу, дарыгер Кызылсартты ээрчитип келет. Ал Семетейден калган көк даңгыт иттин кечирин эптештирип дарылагандан кийин Күлчоро баатыр мурдагыдай каруу-күчкө толот. Кыяска барып өч алууну ойлогон Сейтек аны ар кандай сындан өткөрүп көрөт.

Айчүрөк жылкыдагы балаңа барып келейин деп, Тооторуну сураганда, Кыяс кыйылып туруп тулпарын берет. Ошондо Тооторуга тил бүтүп, Кыяска нааразыланып Айчүрөктү тоо-ташка уруп өлтүрө турган болгондо Айчүрөк сыйкырлык касиети менен аттын учкаяктыгын жоготуп, койго жеткис кой күрөңгө айландырат. Жылкыга келип Кызылсарт, Күлчоро, Сейтекке жолугуп өткөнкеткен армандар айтылып, Сейтек акыры Айчүрөктүн өз оозунан ата-тегинин дайнын толук угат. «Жеткилең бабаң зор Манас, Жердегени кең Талас, — деп Семетейдин дайынсыз жоголгонун, Күлчоро экөөнүн Кыяска олжо болгонун айтып, даярдап келген кийимкечек, ок өтпөстү, кандагайды Күлчорого тапшырат. Калыбына келген Күлчоро Кыястан өч алууга бел байлайт. Жакшылык Сарык уулунда Айчүрөк Кыясты алдап, мас кылып, Тооторуну алып чыгат. Мында да касиеттүү Тоотору ээсинен мурун душманчылыкты сезет. Ошентип, башка күч келгенде тил сүйлөп, канат байлап уча турган тулпарды Айчүрөктүн адамдан артык сыйкырдуу касиети каалагандай өзгөртө алат. Эми Кыястын баяны башталат. Айчүрөк Тооторуну минип жылкыга кеткендин эртеси Кыяс элин чогултуп, Айчүрөк, Сейтектерден шектенгендигин билдирет. Түндө көргөн түшүн айтат: Тооторусу аргын, кыргыздын колуна түшүп, алтын боолуу Акшумкары айды көздөй сызыптыр, болот калканын дат басып, үстүндөгү көк күпөсүн Сейтек кийип алыптыр, Сырнайзасы сыныптыр. Бул жаман түштү жоруй албай, эл кыйналып тунжурайт. Башка вариантта эч жолукпаган каарман Кыястын энесинин түшүнө Манастын арбагы кирип, элди бөөдө кырдырбай, Кыяс жөн гана багынып берсин деген кеңеш берет. Бирок Кыяс бекер багынып бергиси келбей кызыл кыргын жүрүп, Күлчоро менен Кыяс жекеме-жеке беттешет. Кыяс жеңилип баратканда Сейтекке кайрылып, Сейтек боору ооруп бошоттуруп жиберип, бирок кийин өзү жекеме-жекеде жеңет. Бозбаланы жедигерге кан көтөрүп, Таласка көчүшөт. Мында да Айчүрөктү Күлчорого алып берүү аракети бар (Мамбет Чокмор уулунда). Саякбай Карала уулунда Кыяс кол курап барып Күлчоро, Сейтектер менен алты күнү кармашат. Алсыраган Кыяс «Балалыгын билгизсең, Тооторуну тийгизсең» деп Сейтектен жардам сураганда, Айчүрөк жыкпай туруп, Тооторуну Манастын арбагына атап мууздап жиберет. Сейтек Кыястын башын алат. Кутубийдин баласы Карадөө жедигерге кан шайланат. Мамбет Чокмор уулунун «Сейтегинде» Тооторунун жардамы менен Кыяс жаш Сейтекти жеңе турган болгондо Бакай барып, балалык кылып атам деп аяп, алдатып койбосун деген ойдо Сейтектин оң бутунун тарамышын жара саят. Чочуп кеткен Сейтек Кыясты атынан тоголото коёт. Жакшылык Сарык уулунда Кыясты Күлчоро өлтүрөт. Кыяс менен Күлчоро найзалашып, балталашып көпкө жеңише албайт. Акыры Күлчоро күч менен жеңип, бирок Кыястын башын алууга Манастан калган Наркескен өтпөйт. Кыяс Күлчородон кыйнабай өлтүрүүсүн суранып, денесине өзүнүн гана албарсы өтөөрүн айтат. Ушул эпизоддо жалгыз гана Жакшылык Сарык уулунун вариантына таандык өзгөчөлүү жөө жомоктук мотив: Кыяс Күлчорого «Ичимди жарып, өтүмдү ал, жүрөгүмдү алып, жүрөгүңө бас, ичегимди алып, белиңе тез курчан, мындан да эр жүрөк болуп каласың» — дегени айтылат. Күлчоро Кыястын албарсы менен башын кыя чаап, ичиндеги ичегисин алып терекке орой салса, терек кыйылып түшөт.

Эпостогу Кыясты өлтүргөндөн кийинки маселе элин табуу, тууган жерге көчүп кетүү. Ошондуктан мындан кийинки окуя Айчүрөктүн көчүнө арналып, Бакай Каныкейлерге учурашуу менен уланат. Таласка көчүүдө көчтүн кооз көрүнүшү, теребелди козгогон шаан-шөкөт кеңири тартылат. Жигиттер ит агытып, куш салып чоң салтанат менен жыргап куунап келатканда алдыдан Семетейдин Тайбуурулу жолугат. ТайбуурулСеметей менен урушуп Үмөтай каза болгондо казактарга кунга кеткен тулпар. Кулагына коргошун куюлуп жазаланып, ал аз келгенсип кербенчи сартка сатылып кеткен боюнча арып-азган Тайбуурул көч үстүндө Айчүрөк. Сейтектерге кезигип, көзүнөн жашын иргилтип төгүп турганда Карасарт баштаган кырк кербенчи куугунчу келет. Сейтек ачуусу менен куугунчуларды кырып салат. Тайбуурул кайып болот. Тайбуурулдун көз алдыда кайып болушу Сейтекти катуу толгонтот. Өткөн-кеткенден өч алып, кадимки жыргал турмушту калыбына келтирүүгө биротоло белсенет. Күлчоро да кошумча болуп, эки жакта душманың көп, элге барганда мени ала кет деп акыл салат. Сейтек так секирип, «Экөөбүз катар баргыдай, кыжылдап кытай жоо барбы, Маңдай тердеп, тил жооруп, Айтыша турган доо барбы» — деп көнбөй, Таласка жалгыз жөнөй турган болгондо Айчүрөк Таласты сүрөттөп, Бакай менен Каныкейди бошотуп, атаңан калган түмөн мүлктү Аколпок, Аккелте, Зулпукор менен кошуп Канчородон сурап ала кел деп тапшырат. Курал-жаракты Манас кантип тапканын, кийин Абыке, Көбөштүн колунда сынып бүлүнүп, Каныкей, Бөлөкбай оңдогонун, акырында Семетей жоголгондо Айчүрөк алсыз болуп алдырып ийгенин тегиз баяндайт.

Сейтек Кылкүрөңдү минип Таласка келет. Таластын ажайып кооздугу анын кубанычын арттырат. Сейтектин алдынан Ойсул ата боз инген тосуп чыгат. Аны он эки жылдан бери Күлчоронун аялы Акбала (Арууке — Шапак Рысменде уулу) багып келиптир. Айчүрөк табыштагандай Сейтек ингенди курмандыкка чалат, андан ары жүрүп, Каныкейге жолугат. Каныкей колу артына байланып, торпок кайтарып жүргөн абалда. Сейтекке өткөн турмушун баяндап, өзүн тааныштырат. Айчүрөктүн курсагында кеткен перзентимди күтүп жүрөм, келээр маалы болду эле дейт. Сейтектин ата-тегин, жөн-жайын сурамжылайт. Айчүрөк уул төрөп, атын Сейтек коюптур деп уктум эле десе Каныкей кубанат. Жакшылык Сарык уулунда Сейтек жедигерден келдим дегенде аны Семетейге окшотуп боолголоп, Каныкей Күлчоро менен Айчүрөктүн кабарын сурайт. Сейтек сырын катып, Айчүрөк эркек төрөп, баласы чарчап калган деген жалган кабар айтат. Каныкейдин кайтарып жүргөн торпоктору сайгактап, аны сүйрөп жөнөгөндө Сейтек чыдай албай Ачалбарс менен бөлө чабат, Канчородон корккон Каныкей Сейтекке ачууланат. Акыры Сейтек чынын айткандан кийин Каныкей, Акбалалар аны мерт болбосун деп, Канчорого каршы жалгыз барбоосун өтүнүшөт. Сейтек тил албайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4