Коргон (Аксы району)
Көрүнүш
(«Коргон, Аксы районунун айылы» барагынан багытталды)
Айыл
Коргон
|
Коргон — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы айыл. Сары-Челек айыл аймагынын курамына кирет. Чаткал тоо кыркасынын түштүк-чыгыш этегинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 90 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1730 (2008); негизинен мал жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу жана электр тегирмендер иштейт.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы ― 1871 киши (2009-жылы)[1].
Булактарга шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 21 -июнь (кулжа) 2021. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.