Коррозияга чыдамдуу материалдар

Википедия дан

Коррозияга чыдамдуу материалдар – чөйрөнүн таасирине туруктуу материалдар. Алар кислота, щелочь жана бузгуч газ ж. б. менен иштөөчү аппараттарды, түтүктөрдү, курулуш жабдыктарын ж. б. жасоо үчүн керектелет. Коррозияга чыдамдуу материалдар Бир чөйрөдө тез бузулса, экинчи чөйрөдө коррозияга туруктуу келет. Алар табиятына жараша металл жана металл эмес болуп бөлүнөт. Металл материалдар өз алдынча конструкция же атайын жабуучу материалдар түрүндө колдонулат. Мисалы, темирдин хром менен куймасы (дат баспоочу болот), титан, цирконий, молибден куймалары газ чөйрөдө жогорку температурада да кычкылданбайт. Асыл металлдар (платина, алтын) газдарда жана көпчүлүк суюктуктарда өзгөрбөйт. Болоттун коррозияга туруктуулугун жогорулатууда ага 40%ке чейин никель же 1,5% жез кошулат. Металл эмес Коррозияга чыдамдуу материалдар каптоочу, лактап өңдөөчү жана көркөмдөөчү материал катары колдонулат. Алар органикалык жана органикалык эмес болуп бөлүнөт. Органикалык эместерге графит, алюмосиликаттар, таза кремнезём ж. б. кирет. Кварц айнеги көпчүлүк чөйрөгө туруктуу болгондуктан, химиялык идиштерди жасоодо кеңири колдонулат. Органикалык Коррозияга чыдамдуу материалдар – фторопласт, полиэтилен, полистирол ж. б. Материалдардын коррозияга туруктуулугун жогорулатууда легирлөө (башка элементтерди кошуу), цинк, алюминий, никель, хром, эмаль, органикалык заттар (боёк) менен каптоо, коррозияны жайлантуучу ингибиторлор колдонулат.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]