Талант Мамытов

Википедия дан
Мамытов, Талант Турдумаматович‎»‎ барагынан багытталды)
Талант Мамытов
Талант Турдумаматович Мамытов
Талант Мамытов
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
желек
желек
4-ноябрь 2020 — 5-октябрь 2022
Президент: Садыр Жапаров(м.а.)
Өзү
Садыр Жапаров
Андан мурунку: Канатбек Исаев
Андан кийинки: Нурланбек Шакиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын президенти
(милдетин аткаруучу)
желек
желек
14-ноябрь 2020 — 28-январ 2021
Андан мурунку: Садыр Жапаров (м.а.)
Андан кийинки: Садыр Жапаров
Желек
Желек
Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты
желек
желек
4-октябрь 2015 — 4-ноябрь 2020
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Садыр Жапаров (м.а.)
Желек
Желек
Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты
желек
желек
10-октябрь, 2010 — 4-октябрь, 2015
Президент: Роза Отунбаева
Алмазбек Атамбаев
 
Жарандыгы: СССР желеги КСРБКыргызстан желеги Кыргызстан
Дини: Ислам
Туулган жери: Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, КСРБ
Атасы: Турдумамат Мамытов
Жубайы: Чынара Мамытова
Балдары: 4 баласы бар
Партиясы: Республика-Ата-Журт (2015 — а.у.)
Ата-Журт (2010 — 2015)
Кесиби: юрист
 
Автограф: Кол тамгасы

Талант Мамытов (14-март, 1976-жыл; Майлуу-Суу, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, КСРБ) — Кыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы (2020—2022).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1976-жылдын 14-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1983-жылы Майлуу-суу шаарындагы №5-орто мектепке кирип, аны 1993-жылы аяктаган.1993-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетине тапшырган.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн эмгек жолун 2000-жылы Баткен областында прокурор сапатында мыйзамдарды жана прокуратуранын мыйзамдуу укуктуу актыларын аткаруу үчүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмдө иштөө менен баштаган.2001-жылдын октябрынан 2002-жылдын ноябрына чейин Жалал-Абад областынын прокуратурасынын мыйзамдарга соттук токтомдордун ылайык келишин көзөмөлдөө боюнча бөлүмгө прокурор болуп дайындалган.2002-жылдын сентябрынан 2004-жылдын сентябрына чейин Жалал-Абад шаардык прокуратурасында улук тергөөчү болуп иштеген.2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын августуна чейин Чаткал райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеген. 2005-жылдын августунан 2006-жылдын апрелине чейин КР башкы прокуратурасынын уюштурууну камсыз кылуу жана Эл аралык байланыштар башкармалыгы бөлүмүнүн прокурору болуп дайындалган.2006-жылдын апрелинен 2006-жылын декабрына чейин Чүй областынын Ысык-Ата районунун прокурорунун орун басары болуп дайындалган.2006-жылдын декабрынан 2007-жылдын декабрына чейин Жалал-Абад областынын Сузак районунун прокурорунун орун басары болуп иштеген. 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын январына чейин Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун прокурору болуп дайындалган. 2010-жылдын январында прокуратура органдарынан өз каалоосу боюнча бошотулган.2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болгон.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жубайы - Чынара Апсаматовна Мамытова[1] (1979-жылы 19-мартта туулган [1]). Кесиби боюнча акушер[[2]. Күйөөсү президент болуп турганда аны менен коомчулук алдына коштоп чыккан эмес[3].

Төрт баланын атасы[3][3]..

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 ЦИК Киргизии. Список избирателей, принявших участие на выборах депутатов Жогорку Кенеша(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (23 -октябрь (тогуздун айы) 2020). Текшерилген күнү 8 -октябрь (тогуздун айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 9 -июль (теке) 2021.
  2. Жена Таланта Мамытова заявила о телесных повреждениях при задержании(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы) (6 -август (баш оона) 2013).
  3. 3.0 3.1 3.2 Бегимай Бакашева Sputnik Кыргызстан. Талант Мамытовдун жубайы — акушер. КМШдагы жаңы президенттердин жубайлары (кырг.)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Кыргыз Республикасынын депутаттары