Образцы народной литературы северных тюркских племен

Википедия дан

Образцы народной литературы северных тюркских племен [(Түндүк түрк урууларынын элдик адабияттарынын үлгүлөрү) собраны В. В. Радловым часть 5, наречие дикокаменных киргизов. Санкт-Петербург, 1885, (26+600 б.)] — академик В. В. Радловдун он китептен турган эмгегинин 5-тому. Он томдук окумуштуунун 1860—70-ж. аралыгында Алтай, Сибирь, Орто Азия, Казакстан аймактарына жасаган илимий экспедицияларынын учурунда түрк элдеринин арасынан чогултулган оозеки көркөм чыгармаларынын үлгүлөрү болгондуктан ар бир элге арналган китептер бөлүк делип аталган. 5-бөлүккө (томго) кыргыздарга таандык материалдар киргизилген. Китеп транскрипцияланган орус алфавити менен кыргыз тилинде чыккан.

Китеп орус тилинде берилген В. В. Радловдун кириш сөзүнөн (Предисловие, 1—26), «Манас» (1 — 368 6.), «Жолой кан» (369— 525-б.), «Эр Төштүк» (526-529-б.), кошоктор (590-599-б.) деген төрт бөлүмдөн турат.

Көлөм жагынан да, кириш сөздө окумуштуу өзгөчө көңүл бурган мааниси жактан да китептеги башкы бөлүм — «Манас».

Кириш сөз — томдогу фактылык материалдарды түзүүчү оозеки чыгармалардын үлгүлөрүнөн бөлүү максатында өзүнчө рим цифрасы менен бет коюлуп берилген.

Кириш сөз бастырылып жаткан тексттер түрк элдеринин арасындагы бүгүнкү күнгө чейин «Кыргыз» деген наамды сактап келген элдин арасынан жазылып алынгандыгын эскертүүдөн башталып, аталган эл жашаган географиялык жайдын орду белгиленет, оң, сол деп экиге бөлүнгөн кыргыздардын урууларынын аттары саналат. Элдин болжолдуу саны үч жүз миң адамдын айланасында экендиги эскерилет.

Окумуштуу китепке кийирген материалдар 1862-ж. Текес суусунун боюнда бугу уруусунун жана 1869-ж. Ысык-Көлдүн батышында сары багыш, Токмок шаарынын чыгыш тарабы менен түштүгүндө солто урууларынын арасынан жазылып алынганын айткан. Бирок, кайсыл текст, кайсыл жерден, ким деген адамдын оозунан жазылып алынганын так көрсөтпөйт. Жалгыз гана «Манастын туулушу» деп аталган эпостун биринчи окуясын Токмок шаарынан алыс эмес жерде сары багыш уруусунун өкүлүнүн айтуусунан кагаз бетине түшүрүлгөнү эскерилет (236.), бирок мында да информатордун ысмы, ошондой эле текст жазылган так дата айтылган эмес.

Окумуштуунун 1862-жылкы саякат учурундагы иштери тууралуу 1863-ж. 20-августта Петербург академиясында жасаган билдирүүсүнө караганда “Манастын» ошол биринчи келгенде жазылган көлөмү 80 бет, бирок ал материалдын ыр саптык өлчөмү, кайсыл эпизоддор кимден жазылып алынганы так ачык берилген эмес.

Кириш сөздө окумуштуунун айткан маалыматтарына караганда китептеги «Манас» жана башкалар материалдар бир эле адамдан эмес, бир канча адамдардын айтуусу боюнча жазылып алынганы көрүнүп турат. Буга тексттер эки башка учурда, бөлөк-бөлөк жерден жазылгандыгы эле эмес, изилдөөчүнүн өзү жазган эпизоддордун айрымдарын китепте Манастын өмүр жолунун жүрүшүнө ылайык тартипте бербегендигин (XIII бет) эскертүүсү, башкача айтканда окуяларды айтуучудан уккан үлгүсүндө эмес, өзү туура деп эсептеген тартип-нукта жайгаштырганын айтуусу да күбө өтөт. Ушундан улам В. В. Радлов эпостун окуяларын бир эле айтуучудан баштан аяк ирээти менен укпаса керек деген жыйынтыкка келүүгө болот. «Манас» айтуучулардын чыгармачылык өзгөчөлүгү кириш сөздүн орчундуу бөлүгүн ээлеген, окумуштуунун маанилүү байкоолорун, илимий корутундуларын баяндаган маалыматтардан.

Кириш сөздө китепке киргизилген материалдардын ар биринин кыскача мазмуну баяндалып, айрым түшүндүрмөлөр берилет, акырында автор өзү жазып алган майда ырлардын айрымдарын бул бастырууга киргизбегенин да эскертет. Кириш сөз 1885-ж. октябрь айында Петербургда жазылган.

Манастын» үч бөлүмүнө тиешелүү материалдар китепте 7 темага бөлүнүп берилген: 1) Манастын туулганы; 2) Алмамбет мусулман болуп, Көкчөдөн чыгып, Манаска кирет; 3) Манас менен Көкчөнүн согушканы, Каныкейди алганы, Манас өлгөндөн соң тирилгени; 4)Бокмурун; 5) Көзкаман; 6) Семетейдин туулганы; 7) Семетей. Өзү жети темага бөлгөн окуяларды окумуштуу «эпизод» деген термин менен белгилеген. Чынында алардын эпизод экендиги жана ушул илимий термин ' менен белгилениши талашсыз, бирок, «Семетей» , «Сейтек» кийинки илимге белгилүү маалыматтар боюнча «Манаска» байланыштуу, анын уландылары катары айтылганы менен ошол бир чыгарманын көптөгөн эпизоддорунун биринен эмес, курулушу, темасы, окуялары боюнча ар бири өзүлөрүнчө чыгармалар. В. В. Радловдон мурдараак кыргыз жергесинде болгон Ч. Валихановдун «Илиадага» «Манасты », «Семетейди» «Одиссеяга» салыштыруусу жана эпостун бул эки бөлүгүн атайын эки башка атап, көлөмдөрүнүн зорлугу жөнүндөгү эл айткан уламышты атайылап эскерүүсү «Семетей» да, балким «Сейтек» да ошол учурда эле өзүлөрүнчө чыгарма экендигин айгинелейт.

В. В. РадловМанастын» өзү жазып алган окуяларын беш топко бөлүп беришин эпостун айтуучуларынан укканына негизделип иштелген дешке болот. Анткени, андай эпизоддор айрым өзгөрүүлөр менен илимге белгилүү кийинки варианттарда да жолугат.

В. В. Радлов жарыялаган “Манастын» материалдарынын баарына мүнөздүү болгон белгинин бири ар бир окуя — эпизоддордун көлөмүнүн кыскалыгына байланыштуу. Эпостун үч бөлүмүнүн жалпы көлөмү 9449 сап ыр. Бул фактыга карап ошол тарыхый шарт учурунда «Манас» кийинки илимге белгилүү болгон көлөмдөн эң эле аз өлчөмдө айтылган экен деген корутундуга келүүгө болбойт. Анткени, эпостун көлөмү, адатта, чыгарманы айтуучу инсандын жеке даремет-шык деңгээлине байланышкан белги. Демек, мурдатан эле жомокту кеңири планда айткан зор таланттуу адамдар, ошондой эле кыска түрдө аткаруучулар да болгону шексиз. В. В. Радлов жазган тексттер мыйзам ченемдүүлүккө негизделүүчү жоболук белги эместигине Валиханов жазып алган эпизоддогу «Көкөтөй кандын ашы» арасындагы бир нече жердеги окуяны кыскача баяндап берген кара сөз түрүндөгү тексттерди эсепке кошпогондо 3320 сап ыр, ал эми В. В. Радлов жазып алган вариантта «Бокмурун» деген ат менен берилген бул эпизод 2195 сап ыр, анын үстүнө арасында кара сөз да жок, жалаң ырдан турат. Бул факты аты аталган эки окумуштуу кыргыз жергесинде болгон шарттарда да эпостун эпизоддору ар түрдүү көлөмдө айтылганын айгинелейт.

1) Манастын тууганы (туулганы) (1—6 бет, 164 сап ыр). Окуя эпостогу кеңири белгилүү болгон салттык белги — баатырдын тегин чечмелеп саноодон башталат:

Жети-Төрдүн башында

Жеткилең тууган Бөйөн кан,

Бөйөн кандын баласы

Кайраттуу тууган Кара кан,

Кара кандын баласы

Кайраттуу тууган Жакып кан (В. В. Радлов жазып алган вариант, 5. 1.).

Манастын атасы Жакып экени бардык варианттар үчүн бирдей таандык көрүнүш. Чоң атасынан тартып көпчүлүк учурда жети атасына чейин саналуучу башка баба-жотолорунун аттары туруктуу эмес, түрдүү варианттарда түрдүүчө аталып, анын ичинде Каракан, Бөйөн, Чаян көбүрөөк эскерилет.

Жакыптын жердеп турган жери Чуңкур Уянын үстү, Алматынын оозу. Эпостун көпчүлүк варианттары үчүн мүнөздүү болгон күчтүү жоодон кыргыздардын чабылышы, туш-тушка сүрүлүшү бул текстте эскерилбейт. Жакып Айдаркандын кызы Чыйырдыны алат, 14 жыл бала көрбөйт, эпостук салтка ылайык мазар тайып, тилек тилеп жүрүп, балалуу болот.

Манасты тууган энеси Чыйырды экени белгилүү варианттардын баарына таандык белги, бирок, Чыйырдынын атасы ким экени туруктуу мүнөзгө ээ эмес, түрдүүчө айтылат, Эштектин кызы деп көбүрөөк учурайт.

Жакыптын узак убак бала көрбөй, тилек тилеп жүрүп перзенттүү болушу да кеңири белгилүү варианттардан орун алган салттык мотив. Жаңы туулган баланын «аппак эти чүчтөдөй, устукан сөөгү мистедей». Акбоз бээ сойдуруп, Жакып баласына 4 пайгамбар, кожого ат койдурат. Балага Манас деген ат берилет. 4 пайгамбар, жеркенден келген жети элчи, кытайдан келген 40 элчи, ногойдон келген он элчи жентек жеп, Манасты сынап, туулган баланын келечекте мыкты чыгарын айтып кетишет. Капыр менен мусулманга Манастын кабары катуу угулат. Күлүшө баштаганда эле бешикте жаткан Манас: «Аксакал атаке Жакып кан Бусурман жолун ачамын, Капырдын малын чачамын...» (В. В. Радлов жазып алган вариант, 5. 32) — деп сүйлөйт. Муну уккан Жакып «алабаш жорго чаар атты алып келип токутуп, жакасы алтын, жеңи жез, ак күрөөкө торгой көз, алтындын зээрин жаптырган, күмүштүн дээрин төктүргөн» (В. В. Радлов жазып алган вариант, 5. 33) бадананы кийгизип, Байдын уулу Бакай канды чакырып: Манас аттанып, жортом, «алыска сапар барам, Мединаны сыдырып, Чоң Букарды кыдырып, Ит-Кечүүдөн кечем дейт, Бээжиндеги Коңурбай барып уруш салам дейт...» (86—93-саптар), көрбөгөнүн көргөзүп, билбегенин билгизип жанына жолдош бол — деп суранат. Бакай макул болот. Манас он жашында ок атып, он төрткө чыкканда ордо чайкап кан болот. Кашкардагы кытайды Турпанга айдап чыгарат, Турпандагы кытайды Аксыга айдап түшүрөт.

Китептин кириш сөзүндө эскертилген окумуштуунун пикири боюнча Манастын туулушу жөнүндөгү бул кыска эпизод ага берилген суроого жооп кылып гана айтуучу тарабынан кокусунан дароо ойдон чыгарылган окуя (XIII б.). Окумуштуу атайын белгилегендей бул эпизоддун мазмуну өтө эле жарды экендиги ырас. Бирок, көрүнүштөрдү үстүртөн, өтө кыска, деталдаштырбай берүү окуянын мурда эпостун курамында жоктугунун далили эмес.

Балким бул эпизодду мурда кенен айтпаган адам болгондуктан, же кандайдыр башка себептер менен айтуучу эл арасында мурдатан белгилүү чыгарманын туруктуу салттык окуяларынын бирин өзүнө берилген суроого так жооп катары ушул түрдө кыска баяндоосу да ыктымал. Чынында «Манастын туулушу» деген темага ылайык келүүчү бүгүн илимге кеңири белгилүү болгон сюжеттик нук баатырдын теги, Жакып менен Чыйырдынын узак убакыт баласыз болуп жүрүшү, туулган баланын жашынан эле өзгөчө жышааналуу экендиги аталган эпизоддо негизинен толук сакталып берилген. Жеке эле бул эмес Манастын жоого аттанам дегенде Жакып даярдаган минер аты алабаш жорго чаар ат Саякбай Каралаевдин вариантында Манас туулганда дүйнөгө келген минер аты тору чаар менен үндөшүп турушу, айрыкча «аппак эти чүчтөдөй, устукан эти мистедей» же «жакасы алтын, жеңи жез, ак күрөөкө торгой көз», же «он жашында ок атты, он төртүнө келгенде ордо чайкап, кан болду» жана башкалар туруктуу ыр саптарынын өзгөрүүсүз ушул түрдө кенен орун алышы, эпостун сюжеттик нугунда мурдатан эле орун алганынан кабар берип турат.

2) Алмамбет мусулман (бусурман) болуп, Көкчөдөн чыгып, Манаска кирет (6—61-беттер, 1862 сап ыр) — жер жер болгондо, суу суу болгондо алты атанын уулу капыр, үч атанын уулу мусулман бар экен (1—4 саптар). Төрт арыштуу ойроттогу алтын айдар, чок белбоо Каракандан Алмамбет туулат. Ал топ олуянын тобосунан, бир олуянын батасынан, арчалуу мазар азиреттин алдасынан бүткөн бала. Алмамбет туулду дегенде Ала-Тоо коркконунан бас болот, агын суу коркконунан сай болот. Үч атанын уулу мусулман суунун башын көздөп качат, кара ногой Жамгырчы Иленин башына түшөт, сары ногой эр Манас өркөчү бийик өр кула, өктөм тууган Аккуланы минип суунун аягын көздөп көчөт. Аркы атасы Камбаркан, берки атасы Айдар кан эр Көкчө үч мусулман элдин ортосуна туруп калат. Көкчө элин жыйып камданып, кызыл чоктуу ойроттун элинин четине барып, тил кармап, кабар алалы — деп аттанып, куш салып, каз, соно алдырып жүрүп олтуруп Ысык-Көлдүн жээгине кирип барат. Ар жагындагы адырдан калдайган кара бөркү башында Алмамбет алдынан чыгат. Көкчөдөн мусулманчылыктын жолун угуп, динге кирип, экөө достошот. Элине барып, тил алса мусулман кылам деп Алмамбет кетет да, элин, атасын, энесин мусулман болууга чакырат. Эли, ата-энеси тилин албайт. Алмамбет Кылжээрен атын минип, качып чыгып, жолдон тоскон кыр жагындагы кытайдын кырк сан колун, ой жагындагы орустун он сан колун жарып өтүп, Көкчөгө келет. Көкчө үйүнө кабарга жигит чаптырып, досун ээрчитип үйүнө келет. Акеркеч Алмамбетти сыйлап тосот. Тебише кетип таскарды жарылган бээни союп. Көкчө той берип, Алмамбеттин башын куттуктайт. Алмамбет ойротко жортуп барып, Көкчөнүн элин байытат. Көкчөнүн кырк чоросу ичтери күйүп Алмамбет менен Акеркечтин көңүлү жакын деп ушак айтышат. Буудайбек да алардын сөзүн кубаттайт. Көкчө Алмамбетти чакыртып алып, калмак кет! — деп, жана башкалар көңүл калар катуу сөздөрдү айтат. Таарынган Алмамбет аттанып кетип баратканда Акеркеч алдынан чыгып токтотуп, Көкчөгө келип жүйөлүү сөз айтат. Көкчө Көгаланы тартып, Көккүбөнү жаап Алмамбетти токтоткула деп жигиттерин жиберсе, алар Алмамбет аракты көп ичип алып, карагайдын көлөкөсүнө жатып уктап калыптыр деп, ушактап келишет. Акеркеч ишенбей сыртка чыгып караса көпкө күткөн Алмамбет кетип калыптыр.

Ошол түнү Манас түш көрүп, эртеси катуу даярдык менен жорутат. Түшү: Актайган жетелеп, Акшумкар колуна кондуруп сапарга жүрүптүр. Тайганын агытса дүйнөдөгү төрт аяктуу бүт алдына келип кырылат, шумкарын салса Көктөгү бүт канаттуу алдына келип кырылат. Түштү Ажыбай: «батасы менен батаң тең, атасы менен атаң тең кандын баласы келип, өзүңө жолдош болот экен!” — деп, жоруйт. Манас Алмамбет келе жаткан турбайбы деп камданып, атактуу аттардан жетелетип алып, колу менен аттанып, Таласты бойлоп жүрүп, Желгектин сары талаасына келип конот да, эртең менен жер чалып келмек болуп аттанып, Ашмаранын Кум-Белинен кароол туруп Ашмаранын асты жагындагы Ак-Эрменден түрү бөлөк адамдын келе жатканын көрүп, кырк чорого айтканы кайра жөнөйт.

Кырандан элес-булас караан көргөн Алмамбет белге чаап чыгып караса адамдын изи жатат. Ченесе өз изинен бир эли артык экен, аттын изин көрүп, атынын изине теңештирсе мурдагы из бир элиге чоң экен. Бул киши ким болсо да менден эки эличе артык эр экен! — деп ойлойт.

Манас жигиттерине барып, бир адам келе жатат, алтооң барып колдун четинен жөөлөтүп ээрчитип келгиле! — деп буйрук берет. Жигиттердин өтүнүчүнө болбой Алмамбет эшик алдына чейин атчан келет. Үйгө кирген Алмамбеттен Манас жай сурайт. Ал жөнүн айтат. Манас Аккула, Сараланы баш кылып тогуз күлүк тарттырып, Аколпокту баш кылып курал-жарагын бүт тартуу тарттырат, бара турган жерине ала кетсин дейт. Манас Жакыпка кабар айттырып, камдансын ат чабам дейт. Жакып камданат. Жарышып алдыда барган Манас менен Алмамбеттин алдынан Шакан байбиче чыгат. Анын ийиген эмчегин Манас менен Алмамбет эмип, экөө тууган болушат.

«Алмамбеттин окуясы», «Алмамбеттин арманы», «Алмамбеттин жомогу» жана башкалар темалар менен аталган бул эпизод белгилүү варианттардын дээрлик бардыгында орун алган жана сюжеттик нугу негизинен бир түрдө, бири бирине жакын үлгүдө айтылган эпостогу салттык туруктуу окуялардын биринен. Бул китепте жарык көргөн текст салыштырмалуу алып караганда көлөмү чакан, сюжет кыскартылган түрдө баяндалганы менен кийинки манасчылардын арасынан Сагымбай Орозбак уулунун жана ал кирген мектепке жата турган айтуучулардын варианттарына жакын үлгүдө берилген. В. В. Радлов жазган текст менен Сагымбай Орозбаковдун вариантынын текст окуяларынын жалпы өнүгүш нугу жактан эле эмес, көптөгөн майда деталдык белгилерине, ал турмак кээ бир ыр саптарына чейин бири бирине туура келет. Бул көрүнүш эпостун туруктуу салттык окуяларынын жалпы нугу гана эмес, басымдуу көпчүлүк учурларда деталдык белгилерине чейин иштелип чыгып, айтуучулардын бир муунунан экинчи муунуна туруктуу мүнөзгө жакын өтө тургандыгын айгинелейт.

3) Манас менен Көкчөнүн согушканы, Каныкейди алганы, Манас өлгөндөн соң тирилгени (61 —140-6., 2685 сап ыр) — Манастын атакдаңкы алыска тарап, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн баарын каратып, ак падышага гана баш коюп турат.

Көкчөнү чаап, жылкысын тийип, каркыралуу кыздарын олжолоп Алмамбет чоромо соогат берем — деп аттанган Манас барып жылкы тиет. Көкчө кубалай келип, жүйөлүү сөз айтса болбойт. Экөө беттешип, Көкчө аткан октон Манас жарадар болот. Дарылайын, токто деп Аккуланы чылбырдан кармаган Көкчөнүн минген атын Манас кылыч менен бөлө чаап салып, таштап кетет. Көкчөнүн жылкыларын кырк чоро кууп айдап кеткен экен. Ак падыша менен учурашып келейин, ошонун айтканы менен болоюн деп Манас жөнөйт.

Ак падышага барып айланасындагыларды бүт каратканын айтат. Падыша сага кол кайрып каршылык кылгандар болсо кыйрата бер, менин элиме гана тийбе, экөөбүздөн улук эч ким болбосун, мен барда сага эч ким кол кайра албайт — дейт. Манас үйүнө келип дүйүм алптан коркпоймун, баягыдай жортпоймун, Кайыптын кызы Карабөрк кармап алдым талаадан, Шооруктун кызы Акылай олжолоп алдым коргондон, кыз издеп, мага жакшы катын алып бер — дейт атасы Жакыпка. Жакып уулуна ылайыктуу кыз издеп чыгып, талаадан жолуккан койчу таздын кеңеши боюнча Темиркандын кызы Каныкейди көргөнү барат. Жуучуга келдим деген Жакыптын сөзүнө Темиркан уулуң көрүнгөн менен жоолашып кармаша берет экен, кызым Каныкей жалгыз, Манас бирөөдөн мерт тапса кызым каралуу калар, балаң жортуулчусун койсун, болбосо кызымды бербейм — дейт. Жакып ага опуза сөзүн айтат. Темиркан элине кеңешет, билермандары көп мал сурайлы, тапса келер, табалбаса ошондон нары жоголор дешет. Бул акылды туура табышып, Жакыпка кудалыктын шартын айтышат. Жакып үйүнө кайтып, кудалардын жайын түшүндүрөт. Манас кырк чоросунун ар биринен жүздөн жылкы чогултуп, жоо-жарагын камдашып, жөнгө келип, кызын жөн берсе аны көрөбүз, бербесе тартып алабыз деп жөнөшөт. Силер бара бергиле, мен ак падышага барып акыл сурай кетейин — деп Манас ак падышага барып, үйлөнгөнү аттанганын айтат. Ал кубанып, жеңкетайга бергиниң деп көп алтын, күмүш, акча берет. Манас мурда кеткендердин артынан жете барып, Темиркандын шаарына келишет.

Көгала сакал Меңдибайдын бузукулугу менен Манасты жалгыз ээн талаага таштап, кырк чорону бөлүп кетип коноктошот. Күн ысыганда талаада жалгыз калган Манас суусап кыйналып, жалгыздыгына, күйөр адамынын жоктугуна арман кылат. Кырк чоронун ичиндеги Манастын досу Каратоко сыртка чыгып, Манастын жалгыз калганын көрүп, чоролорго кабар кылат. Алар шашылыш аттанып, Манаска келип кечирим сурашат. Манас кечирет. Алтымыш танап ак чатырды тигип, жатып калышат. Күндүз коркуп келе албаган балдыздар менен жеңелер кечинде келишет. Манастын тапшыруусу боюнча Ажыбай аларга ак падыша атайын берген көп пулду жеңкетайга берет. Эки жакын жеңеси Манасты ал түндө кел, Каныкейдин койнуна жаткызабыз деп, кетишет. Манас барат. Каныкей сен кимсиң? — десе, көп калың берип сени ала турган Манасмын — дейт. Төөчү, уйчу, жылкычы кулдарымдын аты бүт Манас, сени билбейм, кет десе Манас болбойт. Каныкей канжар менен саят, бычактын учу билегин чийип кетет. Манас чыр чыгарып, кырк жигитин жиберип Темиркан кан менен Жакыптын жылкысын айдатып келип, колуна кол салат. Аны көргөн Каныкей жанына кырк кыз ээрчитип, кырк үй тиктирип, жыгылыштуу болуп алдына келет. Манас аны атка учкаштырып алып, өйдө-төмөн чапкылайт. Каныкей «Көгүчкөн учса жүнүн кес, Кара бет көп сүйлөсө тилин кес» — деп жалынат. Манас кечирип чоролор даяр үйлөргө түшүшөт. Алмамбет түшкөн үйдө кейпи суук кара кыз олтуруптур. Каныкей Алтынайга барып сенин атаң Айыпкан менен менин атам Темиркан бир тууган, кубулбай өз өңүңө кел, Алмамбет Манасты бийлеген, андан кем эмес баатыр — десе, Алтынай экөөбүз тең атанын кыздарыбыз, эгер мен Алмамбетке тийсем сен мени бээ саадырып, элге кымыз сундуруп жумшап аласың — дейт. Сени кем тутсам төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун деп Каныкей касам ичет. Алтынай чыныгы кебетесине келет. Айыпкан менен Темиркан атаандашып, кыздарын көп дүнүйө берип узатышат.

Калмактардын бери жагында мусулмандардын ары жагында Көкчөгөз менен Каманкөздүн ууру үйү бар экен. Көгала сакал Меңдибай аракка бал куюп, уу кошуп чайкагыла, Манаска берели деп кабар салат. Үч-Капкактын оюнда, Үкүрчүнүн боюнда ак чатыр тигип Манастар жатышат. Серек менен Сыргак кийин калган экен. Уу экенин билбей (берген тамактардан жеп, ичип) уктап калышат. Манас башын көтөрө албай, наалыш кылып, Ажыбай, Алмамбет жана башкалар Тазбайматка чейин аттарын атап, баары өлүптүр, баарынан жаманы Сыргак менен Серек кантип тирүү калган дейт. Манастын көкүрөгүнөн жаны кетелегинде кырк чоро: жан сактар жерди айтып кет, кимге барып баш калкалайбыз? — дешет. Манас башкаларга зордугум өткөн, оруска барсаң батарың — дейт. Манас өлөт, анын сөөгүн коюп, үйгө келип, Жакыпка көңүл айтышат. Жакыптын кеңеши боюнча бийликти Бакайга, кеңешчиликти Ажыбайга, жоого каршы турууну Алмамбетке беришип, ар кимиси өз бетинче жатып калышат.

Жакыптын Манас таап берген мал, дүнүйөсү түгөнүп, сарттын орогун оруп, жакырчылык башына түшөт. Манастын энеси Бакдөөлөт машак терип, карындашы Карлыгач суу алып, от жагып жүдөшөт. Каныкей бадачыга жалданып, Жакып менен Бакдөөлөттү багып жүрөт.

Манастын аты Аккула, кушу Акшумкар, тайганы Актайган аза күтүп, зар какшашат. Алардын зарын угуп кудай жиберген периште Манасты тирилтет. Атын минип, кушун кондуруп, тайганын ээрчитет. Бирок, мурда эмне болгону эсинен чыгып, уу уулап жүрө берет.

Каныкей түш көрөт: асманда ай, күн тууптур, коломтосунан зор терек өсүп чыгып, анын көлөкөсүнө өзү, Жакып, Бакдөөлөт пааналашыптыр. Жакып: Манас тирилип келет экен, кырк чорого кабар сал дейт. Манастын аты, кушу, тайганы жоголуп кетти, бул эмне сыр? — дешип таң калышат.

Жакып кырк чоронун Ажыбай, Алмамбет баштаган бир топторуна кабар айтса, алар сөз тыңшабайт. Акыры Бакдөөлөттүн кеңеши менен Бакай, Серек, Сыргак, Манастын кыяматтык досу Каратоко төртөөнө кабар берип, аларды ээрчитип келип, Манастын мүрзөсүнө барып куран окумак болушат. Аккула, Акшумкар, Актайгандын дареги барбы, биле келчи деп, Серекти жиберишет. Ал мүрзөгө барса, Манастын бейити жок, анын ордунда үй турат. Шыкаалап караса салынган төшөктө Манас жатат, Манастын башын жөлөп бир сулуу кыз олтурат. Сүйүнгөн Серек жаткан Манаска кайрылып атаң Жакып, энең Бакдөөлөт, кырк чороң келди, тур десе, ата-эне, кырк чоро деген эмне? — деп билбейт. Качан кыяматтык досу Каратоконун атын атаганда гана эсине келип, мен өлүп тирилген турбаймынбы, элге кабар бергиле, эне-атамды алып келгиле, учурашайын дейт. Элге барып учурашып, жайланып жатып калышат. Ак падышадан акыл сураса, ар кимдер менен урушпа деп кеңеш берет.

Удаа келген, бири-бирине байланыштуу окуялар катары бир темага бириктирилип берилгени менен бул бөлүм мазмуну, окуяларынын курулушу, чыгарманын жалпы структурасындагы орду боюнча чынында үч, ар бири өзүнчө турган жана кийинки манасчылардын варианттарында өз-өзүнчө айтылуучу окуялардан турат. Эмне себептен бул үч окуя ушул тартипте бирге бириктирилип берилип калганы белгисиз, окумуштуу ага айтуучу ушул түрдө айтып бергенин, же өзү жалпы нуктун ыңгайына карап атайын бир топко чогултуп койгонун эч жерде эскербейт. Кириш сөздө окумуштуу буларды бир эпизод деп ишенимдүү айтканына (13 б.), ошондой эле Манас менен Көкчө эмне үчүн согушканына бүдөмүктөнүп, кыясы Алмамбеттин Манаска өткөнүнө байланыштуу болсо керек дегенине, же Манас белгисиз себептер менен мерт табарын айтканына (ошол эле бет) караганда изилдөөчүгө бул окуяларды бир адам чогуу айтып берген. Бул ойду үч окуянын башынан аягына чейин көп жерлеринде Манас менен Ак падышанын эң жакын мамилеси улам-улам атайын басым жасалып, ыгы болсо да, болбосо да айтылуусу да бекемдейт. Мындай ой эпостун китепке киргизилген башка бөлүмдөрүндө орун алган эмес. Үч окуя бир адам тарабынан айтылганына үч бөлүктө тең Манасты тууган энеси катары Бакдөөлөт эскерилгени (бул бөлүмдөн мурда келген Алмамбеттин окуясында Манастын тууган энеси Чыйырды — Шакан делет) да күбө.

Китепте биринчи жайгаштырылып, жалпы тизмектин башталышы катары берилген «Манас менен Көкчөнүн согушканы» — деген окуя тексттеги маалыматтарга караганда Көкчөдөн Алмамбеттин тарынчысы үчүн өч алуу максатында иштелген иш. Буга Манастын өзүнүн ак падышага «Алмамбет үчүн жүрдүм мен, Эр Көкчөнүн жылкысын алдым мен» (74-6., 456—457-саптар) деген сөздөрү айкын күбө. Бирок, бул кыска окуянын чыгармадагы жалпы нуктун так ушул жеринде келип айтылышы күмөн туудурат. Анткени Көкчөгө аттанардын алды жагында «Көр жастанып мал таптым Каныкей жыргал көрсүн деп» (64-6., 121 — 122-саптар) айтылат. Буга караганда Көкчөгө каршы аттануу Манас Каныкейди алгандан кийинки окуялардын бири. Кийинки варианттары кагаз бетине түшүрүлгөн манасчылардын басымдуу көпчүлүгүнүн айтуусунда Алмамбеттин окуясынан кийинки келүүчү окуя Манастын Каныкейди алганы.

Манас менен Көкчөнүн согушканы ушул бөлүмдө берилген планда илимге белгилүү варианттарда жок, бирок, Алмамбет менен Көкчөнү жараштыруу максатын көздөгөн, башкача айтканда ушул темага жакын мүнөздө курулган окуялар — айрым тексттерден орун алган. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манас Каныкейди алгандан кийин Алмамбет менен Көкчөнү беттештирип, тарынчысын айттырып, бугун чыгарып, жараштыруу үчүн Көкчөгө барганы айтылат. Көкчөдөн кайра келе жаткан Манастар Көзкамандардын көчүнө жолугушат.

Бөлүмдөгү экинчи окуя — Манастын Каныкейди алганы эпостогу туруктуу салттык окуялардын бири. Бул бөлүмдөгү окуялар илимге белгилүү варианттардын басымдуу көпчүлүгүндө берилүүчү салттык нукка жакын планда айтылган.

Үчүнчү окуя бөлүмдөгү экинчи окуянын терс каарманы Меңдибайдын Көкчөкөз, Көзкаманга кабар берүүсү эскертилүү аркылуу ошол окуяга уланды катары көрсөтүлгөнү менен чынында өзүнчө турган, «Көзкамандар» окуясы деген тема менен берилген салттык туруктуу окуянын-сюжетинин кыскартылган баяндамасы. Китепке 5-бөлүм катары «Көзкаман» деген ат менен киргизилген сюжет буга далил. Мазмунунда айрым өзгөчөлүктөр бар экенине карап бул бөлүмдө берилген окуяны «Көзкамандар окуясынын» өз алдынча варианты дешке болор эле.

4) Бокмурун (140-205-6., 2197 сап ыр) Көкөтөй ооруп, кан түкүрөт. Уулу Бокмурунду, эли-журтун чакырат. Эли-журту жыйылып келгенде Көкөтөй үзүлөт. Бокмурун аш берүүгө камданып, ашка эл чакырууга чабарман жиберет: «бекип калган бейиштин эшигин ачкан, байланып калган базардын жолун жазган Эр Кошойго бар, Көкөтөй кандын ашы болот, башкы аттын байгеси сан төө, сан сарала бээ, сан сары башыл кой, байгенин аягы миң ала баш кунаажын, беш жүз токсон беш атка байге бар, атын байлап, өкүнүчү болбос үчүн камданып келсин, бул ашыма келбесе көрүнбөсүн көзүмө, таарынбасын өзүмө» (48—50-саптар), «айчыгы алтын кызыл туу менен барып, Төтөгөлүү боз үйүн төшкө сүрөй салбасам, төрдө олтурган сулуусун ач билектен албасам, ат соңуна салбасам, артык олжо кылбасам» (55 — 56-саптар), — деп коркутуп чакыртат. Кошойдон өтүп Манаска, эр Агышка, Элеман байдын эр Төштүккө, эгиз кара ат байлаган Үрбүгө, Көккоёнго, Жедигердин Багышка, Карадөө уулу Жарманаска, эргежээл, итаалы элдерине чейин, Айдаркандын Көкчөгө, орустун каны чоң Жолойго , капырдын каны Нескарага, кыр мурундуу, кызыл көз кытайлардын Коңурбайга, өгүз кан элине, Оогандын каны Музбурчакка, Ороңгуга кабар бер дейт. Кабарчыны жөнөтүп коюп, чоролоруна акыл салып аштын камын көрө баштайт.

Ашка эл чогулуп, Кошойдун акылы боюнча ашты Манас бийлейт. Ат чубатылып, сынчылар чабыла турган аттарды сынашат. Ат айдалып кетип, тойдун тамашасы башталат. Жөө жарышта Төштүк жер алдынан ээрчите келген Жээрен секиртпес жеңет. Жөө балбанга Жолой чыгат. Манас ага каршы барсыңбы? — деген суроо менен Кошойдон баштап белгилүү баатырлардын баарына кайрылса, ар кимиси өз шылтоосун айтып, баш тартышат. Манас өзү чыкмак болуп аттан түшүп жөнөгөндө намыс кылып Кошой түшөт балбанга. Каныкей тиккен чалбардын мыктылыгын көрүп, күрөштөн аман келсем менден талашпа деп сурап алат. Кошой Жолойду жыгып, мөрөй алат. Сайышка чыккан Коңурбайга каршы Манас барып, ыргыта коюп, мактанып келет. Төө чечүүгө Ороңгу чыгып мөрөй алат. Аштын тамагы тартылып, чабылган аттар келет. Манас Аккуланы сүрөп, алдыда келе жаткан Ачбуудандан өткөрөт да, орус да болсо кан эле Жолойдун аты Ачбууданды да жолго салып коёлук деп аны сүйрөгөндө ат жыгылып калат. Жолойдун ат сүрөөгө келген балдары Өкүмболот менен Төрөбек атты өчтүк менен жыкты деп келип Манастын чоролорун чабат, күнү-түнү он төрт күн катуу согуш болот. Агар алтын ак күмүш, Жолой талап кылат. Жарадар Алмамбет Манастын алдынан чыгып көй кашканын көбү келет, көбү жок деп кабар айтат. Манас Коңгуроолу байдын Кошыбышын Таласка жиберип, атакемдин айлындагы Төкөр устага бар, беш айдын жүзү болду ачалбарс сынып калганын бердим эле, «кылды бекен кылычты, сокту бекен соотту», аларды бүтүрбөсө устаны өлтүрүп салгыла дейт. Көкчөдөн Көгаласын сурап кел, атын бербесе андан башка жоом жок, Жамгырчы Мердиянды, сүт болотту берсин, аларды бербесе Жамгырчыдан башка жоом жок. Андан нары барып журт карысы эле эл четиндеги Кошойдон бата ала кел — деп Ажыбайды жөнөтөт.

Кошыбыш кош ат минип жүрүп Таласка барса, уста айткандарын дайын кылып бүтүрүп коюптур. Уста аттанып, Манаска келип, буюмдарын берет.

Манас Жолойдун жылкысы кайсы отто экен чалып кел — деп Алмамбетти жумшайт. Меркенин жээгинде жаткан Жолойдун жылкысын көрүп Алмамбет кайра келет.

Манас кырк кулундуу бээ берип, Каныкейге айта бар, Аколпок деген тонум бар, ошондон бери сага жапсын, саламат барып, сак кайтсам Жолойдун кызын Уулбийкени өзүңө токол кылып алып берем, кичи кызы Кишмишти уулуңа алып берем — деп устаны узатат да жылкы тийүүгө аттанат.

Манас жылкыбызды тийип алыптыр деп жаман түш көрүп чочулаган Жолойдун зайыбы Аңгичал кызы Аксайкал Жолойго айтса, ал менин жылкымды ким алат? — деп кенебей коёт. Сайкал Манастын артынан кубалабагыла — деп балдарын жумшайт. Төрөбек менен Өкүмболот Жолойго келип Ачбууданды бер, Манастын артынан кууп баралы дешсе, атасы намыстанып өзү аттанмак болуп, мыктыларын чогултуп камданат. Таргыл таз дегени далы көрүп, жолуң туюк, жыл өткөрүп, эч курбаса ай жаңыртып аттан десе көнбөй, Жолой аттанып кетет.

Жылкыны Айгыр жалы боз дөңдү ашырып коюп, куугун качан келет? — деп, Манас күтүп жаткан экен. Жер майышкан көп кол келе жатканын көрүп, Сыргакка жаныңа он беш жолдош алып, жылкыны катуу кууп жөнө, анын чаңын көргөндө ошол тарапка жөнөөр, мен аңдып жатып кый сүбөдөн саяйын дейт. Тосуп туруп Жолой өтө берерде Манас качырып чыгып, Алмамбет экөөлөп аны аттан сайып түшүрүп, башын кесет. Атасынын өлгөнүн угуп согушка кирген Жолойдун балдарын Алмамбет өлтүрүп, Манаска кабар берет. Жолойдун элин чаап, кыздарын олжолоп, намысымды алдым — деп Манас үйүнө келип, убадасы боюнча Төкөр уста менен баласына кыздарды, алтымыш жылкы олжого берет.

Окуялардын мазмунуна, мүнөзүнө караганда бөлүм бири бирине байланыштуу өзүнчө өнүгүшкө, натыйжага ээ эки бөлүк — эпизоддон турат: Көкөтөйдүн ашы; [[Жолой|Жолойго ]] каршы жортуул.

Бөлүм «Бокмурун» деген жалпы тема менен аталган. Окуяга мындай тема ким тарабынан берилгени — текстти айткан информатор ушинтип атаганы, же окумуштуу шарттуу түрдө койгон темабы белгисиз. Бөлүмдөгү биринчи окуянын сюжети Көкөтөй канга уулу

Бокмурун берген аш жөнүндө баяндалат. Көкөтөйдүн оорусу, өлүмү менен башталган бул эпизоддун логикалык жыйынтыгы Жолойдун чабылган аттардын байгесин зордуктап талап кетиши, аштын тарашы менен аяктайт. Ушул эле окуя В. В. Радлов жазып алган варианттан азыраак мурда кагаз бетине түшүрүлгөн Валиханов жазып алган эпизоддо «Көкөтөй кандын ашы», — деп аталат. Эпостогу кеңири белгилүү, туруктуу салттык бул окуя илимде фиксацияланган тексттердин дээрлик бардыгында ушул түрдө, же ушуга жакын мүнөздө аталат. Буга караганда бөлүмдөгү биринчи окуянын «Көкөтөйдүн ашы» деген аталышы туурараак болор эле.

В. В. Радлов жазып алган вариантынын тексти анча чоң эмес айрым өзгөчөлүктөрү менен, кыскартылып айтылган мүнөздө эл арасында кеңири белгилүү болгон сюжеттик нукка негизинен туура келет. Көптөгөн деталдык белгилери боюнча айрыкча Сагымбай Орозбак уулу көрүнүктүү өкүлү болгон мектептин манасчылары айткан тексттерине жакын.

Бөлүмдөгү экинчи окуя Манастын Жолойго каршы аттанышын баяндайт. Сюжет аштын түздөн-түз уландысы катарында нукка ээ экендигине карабастан, андан кийинки болгон окуялар жөнүндө бара жатканын айгинелейт. Мисалы, Көкчөгө ат, Жамгырчыга сүт болотту суратып, Кошойго бата берсин деп киши жиберүү жана башкалар

Жарыяланган окуядай эпизод башка манасчыларда айтылары илимге белгисиз, бирок, атайын даярдык көрүп камданып алып аттануу, чалгын чалуу, жылкы тийүү, кыргындуу согуш жана башкалар белгилери боюнча сөз болуп жаткан окуя эпостогу кеңири белгилүү «Чоң казатты» эске салат.

5) Көзкаман (205 — 280-6., 2540 сап ыр) — Бай Жакып келиндери Карабөрк, Акылай, Каныкейди отко кийирип, сынайт. Каныкейди жактырат. Аны уккан Манас барып кызматын көрөлү деп кырк чоросун ээрчитип аттанып, Каныкейдикине келет. Ал урматтап тосуп, жакшылап конок кылып, кырк чорого сооттон сарпай, чүчтөдөн көйнөк-дамбал, жөкө өтүк кийгизет. Алар кубанып, Каныкейди мактап кетишет.

Ат семирип, түз болот, боз кыроо түшүп, күз болот, эрендер жатып бук болушат да жортмок болушат. Аттанган Манасты Каныкей токтотуп, быйыл 25 жаш мүчөлүң, аттанбагын деп өтүнөт. Манастын ачуусу келип, булдурсун менен чабат. Каныкей ачууңду кой деп күлүп туруп, жолуң ачылсын деп тилегин айтат. Кечээ келген Каныкей кармап жатса деп Акылай аны туурап, ал да Манасты кармайт. Манас аны да чабат. Акылай кайра келбей кал! деп каргайт. Кайрылып Акылайдын көөнүн жайлап алсын, каргышы жаман эле деп Каныкей Манастын артынан адам чаптырса, Манас намыстанып болбой коёт.

Талаада Манас уктап калат. Төрт жолдошу менен чалгынга барган Алмамбет алыстан бир караан көрүп, Манаска келип айтат. Дайнын билип келүүгө Кыргылды жиберишет. Токойлуу жерден тосуп турган Кыргыл келе жаткан баланы кармап алат. Бала мен төрөлүү журттан келе жатам, төрөңө алып бар дейт. Жолдон Алмамбет чыгып жай сурайт. Бала өз жайын айтат. Жакып алты жашта экенде калмактардын Айкан, Күнкан деген кандары келип кыргызды чапканда иниси Көзкаман калмактарга түшүп кеткен экен. Ошол Көзкаман көчүп келатыптыр. Көзкамандын Көкчөкөз, Бөрбөлжүн, Чагалдай, Агалдай аттуу беш уулу бар экен. Алмамбет Манаска келип баланын сөзүн айтат. Манас атам мурда андай тууганы жөнүндө эч качан айткан жок эле, чын-төгүнүн билип кел деп, Алмамбетти жөнөтөт. Андан кабарын уккан Жакып уулумдун алды-артында жөлөк-таянычы жок эле, ырас болгон турбайбы деп кубанат. Байбичеси калмактан келген немелер сага эл болмок беле, жалгызым Манаска кыйын болгон тура, беш бөрү бирөөнү таласа соо калабы деп кайгырат. Жакып акылың тайкы, кубанбайсыңбы деп, карс-карс күлүп тим болот.

Кайра тарткан Алмамбет Каныкейге айтсамбы, айтпасамбы деп, ыргылжың болуп келе жатканда ал кереметинен билип, алдынан чыгып жай сурайт. Алмамбеттен жаңы туугандардын кабарын угуп, корком, алар бизге эл болбосо мерт таап калбасын, сак болсун! — дейт.

Алмамбеттен Көзкаман чын эле тууганы экенин уккан Манас куу байтал минген баланы туугандарымды баштап кел — деп жөнөтөт да, жаңы тууганды өрүлүктөп туруп, анан жортмок болуп, үйүнө кайтат.

Көзкамандардын көчү келет. Манас кырк чоросу менен барып өрүлүктөп, алты үй-өргөө тиктирип берет, түлөө өткөрүп, туугандарынын колдорун алалдайт, чоң той өткөрүп, ат чабат.

Ыраазы болгон Көзкаман балдарына камданып Манасты конокко чакыргыла, ат мингизип узаткыла дейт. Алар камданып, Манас менен чоролорун чакырып келүүгө Чагалдайды жиберишет. Ал даап Манаска айта албай, кырк чородон угар деп аларга гана айтып кетет. Конокко келе жатканда Серек Манас жок кантип барабыз, Алмамбет сен барып чакырып келбейсиңби дейт. Чакырганы барган Алмамбетке Каныкей аракка мас болгондо чатак чыгар, тууган адамдардын арасына киришпейли деп кырк чоро кетип калар, көптөп жалгызымды мерт таптырып коюшпасын, Манас барбай эле койсун дейт. Анын сөзүн туура тапкан Алмамбет кырк чорого кайра барып: Манас мас экен, уктап калыптыр, өзүбүз эле барып, сыйын көрүп келели десе, Серек көнбөй кайра жөнөп, Манасты ээрчитип келет. Конокто мастыктан чыр чыгып, чок болот менен кагып жиберсе учу Манастын жазы маңдайына тиет. Манас жалгыздыгына арман кылат. Көзкаман ортого түшүп, арачалап коёт, Манас үйүнө барат.

Манас чоролорун чакырып калмактарга жортуп баралы — деп кеңешет. Аттанып чыгып Каржаабастын боюна барып жатат. Алардын кеткенин үч күндөн кийин билген Көкчөкөз күндөп-түндөп жүрүп, ат урунду кылып артынан жете барат. Билген жолуң деп Көкчөкөздү чалгынга жиберишет. Ал калмактарды аралап барса Айгандын жанында турган Жайзаң көрүп тааныйт да, Айганга айтат. Ал карматып алып, сырын сураса Көкчөкөз мен жүз киши, Манас кырк киши менен келдик. Манасты жайлайлы, элди мен бийлейин дейт. Айкан кол курап камданат. Көкчөкөз кайра келип, Манаска жооп айтпай, чатырына түшүп жатып алат. Манас Көкчөкөздөн жай сурап кел деп Алмамбетти жиберет. Алмамбет жоонун жайын сураса Көкчөкөз калмактар эч капарсыз, жай жатышыптыр дейт. Алмамбет кайра келе жатса жолдон Көзкаман чыгып: чалгын чалгыла, Манас сак болсун, түндөтөн күбүр-шыбыр көбөйдү, мени бөлүп ташташты, коркуп турам, — деп эскертет.

Алмамбет Манаска келип, кандай эл экенин ким билет, баласы бирди айтса, атасы башка сөз айтат деп уккандарын баяндайт. Манас менен Алмамбет аттанып чалгынга жөнөшөт. Жолдон жолуккан калмак чалдан Айкандын кол жыйып, камданып атканын угуп, аныгын билиш үчүн түрүн өзгөртүп алган Алмамбет, жоону аралап кирип, кандын кызы Алтынайдын үйүндө өтүп жаткан кыз оюнга барат. Алтынайды жактырат. Кайра Манаска келип, көргөнүн айтып Алтынай акылы жактан Каныкейге тең адам экен, мага олжого бер дейт. Манас Каныкейге тең экени чын болсо мен өзүм алам десе, Алмамбет «жер дебеймин Таласты, эр дебеймин Манасты », мен кетем деп таарынат. Манас ойноп айттым, Алтынайды сен ал деп убада кылып, кырк чорого барышат. Эртеси калмактарга каршы аттанышып, катуу согуш болуп, калмактарды жеңишет.

Олжодон куру калышкан Көзкамандын балдары чыр чыгарышып, олжолорду кайра бөлүшүп, аларга да беришет.

Элге кайтып келе жатышып жолдо турган бир үйгө түшүп тамактанышканда Көкчөкөз аракка уу кошуп берип, Манас кырк чоросу менен ууланып жатып калышат. Аккуланы мине калган Манасты Көкчөкөз Аккелте менен атат. Ок анын дал ортосуна тийип, капчыгай ылдый кулайт.

Кереметинде билген Каныкей кантемир деген дары алып, Манасты издеп келип таап, кайнатма кара дары, сүртмө кызыл дары менен дарылайт. Мекедеги Канкожо да келет. Манас он эки күндө айыгат. Кырк чоронун өлгөнүн көрүп, жалгыз кантип жүрөм деп Манас тилек тилеп Мекеге кетет, жер жүзүн кыдырат. Анын тилеги кабыл болуп, кырк чоро тирилет да, Манасты издеп Мекеге барышат.

Каныкей түш көрүп, анын түшүн Алтынай кырк чоро менен Манас келет экен, боюңа бүтүптүр, эркек баатыр балалуу болот экенсиң, ал балаң атасынан да ашкан баатыр болот экен деп жоруйт.

Манас келет, Көзкамандын балдарын өлтүрөт.

Бул бөлүм да эки окуяны — «Көзкамандар окуясын» жана «Айган кан» аталган эпизодду камтыйт. Биринчи окуя дээрлик бардык варианттарда кезиккен туруктуу салттык окуялардын бири. В. В. Радлов жазып алган варианттагы тексттер бул окуянын көпчүлүккө маалым нугуна жакын. Экинчи окуя «Айган кан» деген аты менен кийинки манасчылардын айрымдары айткан варианттарда кездешет (к. «Манастын сюжети»), тексттер негизинен окшош.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4