Рахмонов Дарвишбек

Википедия дан
Дарвишбек Рахмонов
Дарвишбек Раҳмонов
Төрөлгөндөгү ысымы:

Дарвишбек Ўринбоевич Раҳмонов

Туулган датасы:

1952 жыл(1952)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу, Кыргыз ССР

Жарандыгы:

 Кыргыз ССР
 Өзбекстан

Кесиби:

"Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасынын негиздөөчүсу жана көркөм жетекчиси, цирк артисти

Карьерасы:

1977 жылдан азыркы мезгилге чейин

Багыты:

Цирк артисти

Сыйлыктары:

Шухрат (Даңк) медалы

Дарвишбек Уринбоевич Рахмонов (өзб. Дарвишбек Раҳмонов; (1952), Ош шаары, Кыргыз ССР - "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасынын негиздөөчүсу жана көркөм жетекчиси, Өзбекстандын цирк артисти, цирк ишмери.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарвишбек Рахмонов 8 апрель 1952 жылы Ош шаарында, кызматчыларды үй-бүлөсундө төрөлгөн. Анын атасы Уринбой Рахмонов Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын болгон. Ал 1981 жылы Ташкент эстрада-цирк искусство студиясын артыкчылык менен аяктаган. Өзунун жашоосун искусствого кызмат кылууга арнаган. Ал Ташкент облусунун Янгиюль шаарында "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасын уюштурду жана анда көркөм жетекчи болуп иштейт. Түздөн-түз анын жетекчилиги астында "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасы Бүткүл союздук мелдештердин лауреаты, Ташкент облусу Ленин комсомолун сыйлыгынын лауреаты, республикалык кароо-сынактарда төрт жолу биринчи орунду[1], эки жолу экинчи орунду ээледи[2].

Ал көптөгөн оригиналдуу цирк көрсөтүүлөрүн түзүүчүсү, ондогон окуучуларын тарбиялады, алар дүйнөнүн көптөгөн кесиптик цирктарда иштешет. Тулкин Обидовдун 1979 жылы чыккан "Өзбек палвандары" китебинде 53 жана 37 беттеринде Дарвишбек Рахмоновдун сүрөтү жана ал жөнүндө маалымат жайгаштырылган. Тулкин Обидовдун "Өзбек палвандары" китебинде Дарвишбек Өзбекстандын эң күчтүү палвандарыдан бири деп маалымат берилген (бул сүрөттө Дарвишбек палван түркүкка темир чынжыр менен бекитилген). Бул номерди жалгыз аткаруучусу Дарвишбек палван көрүүчүлөрдүн көз алдында темир чынжырды ийиндин кыймылы менен айрып салат. Бул номерди ал эркиндиги жана колониялык эзүүдон бошотуу учун курөшкон Африка элдерине багыштады. С. Гайипова, Й. Таджибаев, Мустафонун 2002 жылы чыккан "Янгиюльдун жаңы жетишүүлөру" китебинде мукабасында, 68 жана башка беттеринде Дарвишбек Рахмоновдун жана "Калдиргоч" цирк труппасын 6 түстүү сүрөттөрү жайгаштырылган.

Мындан тышкары, Дарвишбек палван жана ал башкарган "Калдиргоч" цирк труппасы тууралу гезиттерде жана журналдарда жүздөн ашык макалалар чыккан, алардын чыгышы Өзбекстан телевидениесы аркылуу ондогон телекөрсөтүүлөрдө трансляция кылынды[3]. Искусство жана маданиятты өнүктүрүү учун Дарвишбек Рахмоновдун сиңирген чоң эмгеги бааланып Өзбекстан Республикасынын Президенти И.А. Каримовдун 2002 жылдын 26 августундагы Жарлыгы менен ал Шухрат (Даңк) медалы менен сыйланды[4].

"Ташкент акыйкаты" гезитинин биринчи бетинде сурөту чыкты, анда Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлис төрагасы Эркин Халилов Дарвишбек Рахмоновго "Шухрат" (Даңк) медалын тапшырат. Анын балдары Хуршид, Хулкарой, Умидбек, Мухсина цирк труппасында талыкпай эмгектенип жатышат. Уулу Умидбек 5 жылдык курагында дуйнөдө эң жаш эквилибрист эле, 6 жашында Республикалык телевизиондук мелдештин жеңүүчүсү болгон. Ошентип, Рахмоновтор Өзбекстандын цирктик династиясы болуп саналат. Дарвишбек Рахмонов Өзбекстандын искусствого эмгек сиңирген ишмери наамына көрсөтулгөн[5].

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атасы - Уринбой Рахмонов (1910-1980) - Кыргызстан Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрынын негиздөөчүлөрунөн бири, кыргызстандык артист, театралдык ишмер жана акын. Энеси - Турсунхон Туйчибоева (19181954). Жубайы - Мастурахон Валиева (25.01.1961 жыл) акушер, "Калдиргоч" (Чабалекей) үлгүлүү цирк труппасын кызматчысы. Балдары: Хуршид (1988), Хулкарой (1990), Умидбек (1994), Мухсина (1996).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тулкин Обидов "Өзбек палвандары" («Узбекские палваны») (Узбекские силачи), 37, 53 беттер, 1979 жыл, Ташкент.
  • С.Гайипова, Й.Таджибаев, Мустафо «Новые достижения Янгиюля», мукабасы жана 68 бет, 2002 жыл, Янгиюль.

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]