Сүннөт

Википедия дан
Сунна‎»‎ барагынан багытталды)
Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Сүннөт (арабча: سنة)– бул сөз лексикалык жактан «жакшы мүнөз, жол, эреже» сыяктуу көп маанилерди туюнтуп берсе да, ислам укуктук илими боюнча Алла Тааланын элчиси (САВ) аткарган, жасоого буюрган, же ыраазылыгын туюндурган иш-аракеттерди билдирет. Сүннөт үчкө бөлүнөт:

  • а) Муаккад сүннөт (зарыл сүннөт).
  • б) Гайру муаккад сүннөт (катардагы сүннөт).
  • в) Заваид сүннөт (кошумча сүннөт).

а) Муаккад сүннөт: Пайгамбарыбыздын (САВ) ар дайым аткарып, чанда гана бир калтырган парз же важиб болбогон иштерин көрсөтөт. Бул түргө багымдат, бешим жана шам намаздарынын сүннөттөрү ж.б.у.с. кирет. Мындай сүннөттөрдү аткарган адам сооп табат, аткарбаган адамга жаза берилбесе да, айыпталат.

б) Гайру муаккад сүннөт: Пайгамбарыбыздын (САВ) кээде жасап, кээде аткарбаган сүннөттөрүн билдирет. Мисалы, аср жана куптан намаздарынын алгачкы сүннөттөрү сыяктуу. Бул сүннөттөрдү «мустахаб» же «мандуб» катарына кошкондор да бар. Мындай сүннөттөрдү аткарса сооп табат, аткарбаса күнөө болуп эсептелбейт.

в) Заваид сүннөт: Бул - пайгамбарыбыздын (САВ) бир инсан катары жасаган күндөлүк иш-аракети жана жүрүш-турушу. Мисалы, ар бир ишти оң жактан баштоосу, отуруп-туруу, жеп-ичүү, ак түстөгү кийимдерди кийгенди жактыруусу сыяктуу жеке адаттары. Бул сүннөттү пайгамбарыбызга (САВ) болгон жан тартуу жакынчылыктан улам аткарган сооп табат. Буларды аткарбагандар кандайдыр бир кемчилдик кетирген катары эсептелбейт.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]