Таштандыларды жок кылуу
Таштандыларды жок кылуу же кайра иштетүү (англ. recycling) — айнек, кагаз, алюминий, асфальт, темир, жана пластиктен жасалган таштандыларды кайра иштетүү.
Адамзат мындан 50-60 жыл мурда жаратылыш чөйрөсүнө олуттуу өзгөртүүнү баштаган башкача айтканда завод-фабрикалардын курулушу, автомагистралдардын курулушу жана башка көптгөн кичи ишканалардын жаратылышка зыяндуу заттарды чыгаруусу жаратылыштагы тең салмактуулуктун бузулуусуна алып келди. Экологиялык жагы каралбастан жеке кызыкчылыкты гана көздөп экономиканы өнүктүрүүгө белсенгени менен учурда түрдүү экологиялык кыйроолор көбөйдү. Региондук, локалдык, глобалдык проблемалар күн санап өсүүдө.
Шаарыбыздын айлана – чөйрөсүнө акырындык менен көз чаптырып көрлүчү. Дүркүрөп өнүккөн бак-дарактар жок, бирин–экин гана көрүүгө болот. Шаарыбыздын чөйрөсүн изилдеп көргөнүбүздө – илимдин жаңы илимий областы-урбоэкология деген түшүнүк келип чыгат. Шаарыбыздын экологиясы өтө начар абалга келип кептелди.
Урбанизация – бир тараптуу караганда калктын санынын өскөндүгү салыштырмалуу жашоо чөйрөдөгү шарттын төмөндөп кеткендиги байкалат. Табигый сисемалардан жасалма системалардын пайда болушу, айлана – чөйрөнүн булгануусу (дарыя, көлөр, суулар) организмге физикалык таасир этүүлөр.
Шаардагы табигый компоненттер – атмосфера, өсмдүктө, жер астындагы суулар, суу түтүктөрүндөгү суулар жана климат өзгөрүүгө дуушар болду. Шаарды ыш (смог)-түтүн (транспорттон чыккан түтүн, завод, фабрика, комбинаттардан чыккан түтүн жана башка) каптап турат. Үстүртөн караганда боз түшкөнгө окшоп көрүнөт.
Таштандыларды утилизациялоо үчүн көрүлгөн иш чаралардын тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]200 миң жыл мурун б.з.ч. Биринчи таштандылар архологиялык казуулардан табылган. Жаныбарлардын таш бетинде калган калдыктары табылган.
400 жыл мурун б.з.ч. Африка шарында муниципалдык калдыктан негизделген
200 жыл мурун б.з.ч. Римде таштандыларды тазалоо үчүн атайын кызматкерлер түзүлгөн
1315 жыл. Парижде шаар көчөлөрүндөгү таштандыларды, калдыктарды тазалоо киргизилген
1388 жыл. Англия парламентинде Лондон шаарында мусурларды кчөгө жана ичилүүчү сууларга таштоого тыюу салынган.
1775 жыл Лондондо мусор таштоочу атайын урналар орнотулган
1800 жыл Нью-Йорк шаарында биринчи жолу
1869 жыл Биринчи жолу целлулоид иштетүү ишке кирген, пласмассанын көптөгөн түрлөрүн иштеп чыгара башташкан
1874 жыл Англяда (Ноттинген шаарында) шаарлардагы мусорлорду өрттөп жок кылуу ишке киргизилген
1897 жыл Нью-Йорк шаарында биринчи жолу мусорлорду ылгоо (сортировкалоо) киргизилген
1912 жыл Швецар химиги Яков Брандервер целлофан баштыкчаларын иштеп чыгууну негиздеген
1916 жыл Европада, Америкада күйүүчү отундан чыккан ыш 80%ти түзгөн 1940 жылы бул көрсөткүч 42%ке т 1960 жылы 3%ке төмөн түшкөн
1942 жыл Мурдагы Советтер Союзунда жана АКШда таштандыларды кайра иштетип аскердик максатка пайдаланууга өтүшкөн.
1948 жыл Нью-Йорк шаарында таштандыларды иштетүүчү Фреш – Кеилс деген компания ачылган бүгүнкү күнгө чейин жумушун жоготпостон иштеп келүүдө
1965 жыл АКШда катуу заттарды утилизациялоо боюнча АКТ кабыл алынган.
1992 жыл Рио – де-Жанейродо өткөн эл аралык конференцияда калдыктарды утилизациялоо Адам коомундагы эң негизги маселе деп аташкан
2000 жыл Европалык уюмга кирген мамлекеттер калдыктардын 50%тин кайра иштетип пайдалануу үчүн негизги маселени коюшкан.
Шаар чөйрөсүнүн учурдагы абалы кейиштүү абалга жеткен. Учурдагы шаардын экологиясы деген эмне? Жашоонун сапаттык көрсөткүчү. Шаардагы ири жана майда өндүрүштөрдөн чыккан түтүн, шаарды боз каптагандай көрсөтөт. Бул менен күрөшүү үчүн жашылдандыруунун тура жолго коюу менен гана жетишебиз. Качан гана жашаган үйүбүздөн айнекти караган учурда асман көрүнбөстөн жашыл жалбырактар жаап, жумушка кетип бара жатканда гана ачык асманды көрсөк, ошондо гана шаарыбыздын экологиялык чыныгы таза шаар деп атоого болоор эле.
Бүгүнкү күндө андай эмес күндөн күнгө шаардын «паразиттери» өсүүдө башкача айтканда атмосферага, сууга зыяндуу заттар чыгып булгоодо. Бул ачуу чындык баарыбызга белгилүү. Шаардагы зыяндуу таасирлерди азайтуу тура жолго коюлбаса, түбү жүрүп адамдар өз кылган катачылыктарыбызга өзүбүз өкүнүп калбагандай болуш керек. Ошондуктан шаардын ландшафттын тура пландаштыруу бүгүнкү күндүн талабы. Шаардын ландшафттын калыптандыруу боюнча түрдүү иш аракетерди колго алуу; санитардык – гигеналык жагын кароо, калк үчүн жагымдуу шарт түзүү, экологиялык таза чөйрө түзүү, жашоого эсеттикалык ырахат тартуулаган жагымдуу шарт түзүлүүгө тийиш.
Шаардагы калк жашаган пункттар түрдүү зоналарга бөлүнөт:
Өндүрүш же өндүрүшчүлөр занасы – өндүргүч күчтөргө ээ болгон калк жашаган территориянын жыйындысы.
Калк жашоочу көп кабаттуу үйлөр зонасы' – калк жашоочу үйлөр, балдар бакчасы, спорт аянтчасы, жашылдандырылган көчөлөр ж.б.
Комуналдык – складдык зоналар – складдар, автобаза, трамвайдык, автобустук жана троейбустук парк.
Эс алуу үчүн түзүлгөн зоналар – кыска жана узак убакытка эс алуу үчүн түзүлгөн шарты бар зона; токой парктары, спорт комплекси, пляждар, бассейндер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, ден – соолукту чыңдоо балдар лагери.
Калк жашаган пункттар санитардык – техникалык жактан камсыз болуш керек. Ага суу түтүктөрүн тазалоо, канализацияны тазалоо жана өндүрүштөрдөн чыккан таштандыларды зянсыздандыруу үчүн түзүлгөн система кирет.Таштандыларды көбөйүп жатышынын бир нече себептерин атоого болот.
- бир жолу гана пайдаланып (одноразывый) ыргыта турган товарларды калк массалык түрдө пайдалануусу,
- оролуп даярдалган (упакованный) буюмдардын көбөйүшү
- калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы, буюмдарды жаңыртуу.
Ар бир Россия жарааны жыл сайын 300 кг кату күнүмдүк калдыктарды (ККК) ыргытышат Франция, Германияда да ушул сыяктуу, жер шаарында эң көп санда таштандыларды таштаган булар Америкалыктар жыл сайын 600 кг таштандыларды таштайт. Ал эми Кыргызстанда бул көрсөткүч 100 – 190 кг ды түзөт. Бардык мамлекеттерде ТБОнун составы; кагаз, айнек, тамак аш калдыктары, жашылча –жемиш бактарынан чыккан таштандылар, пластмасса, метал идиштер. Мындан башка да ТБОго иригабариттик таштандылар; эски мебел, эски муздаткыч, эски Кир жучу машина, автомобилдин шиналары ж.б. Мындай калдыктарды кайра иштетип чыгаруу экологиялык жактан абалды жакшыртуу болоор эле М: эски кагаздарды – макылатурага тапшыруу, автомобил шиналарынан – крошкаларды даярдап спорт аянтчаларына пайдалануу, органикалык калдыктардан жер семирткичтерди (удобрение) өндүрүү жердин сапаттуулугун жогорулатуу б.с., пластиктерден желим чылапчындарды даярдоо дагы башка ушу сыяктуу кайра иштетүүнү колго алсак жакшы болмок.
КККдын жок кылуунун 3 негизги жолу бар:
1. Көмүү.
Бул эң эле антиэкологиялык вариант. Себеби көмүлгөн калдыктар сууга токсикалык заттарды бөлүп чыгарат. Абага метанды бөлүп чыгарат. Ошонун негизинде парник эффектиси пайда болот. Парник эфектиси бүгүнкү күндө глобалдуу проблема. Себеби дүйнөлүк температураны 20%ке жогорулатты. Көмүүнүн дагы бир жолу полиэтилендерге ороп көмүү сууга токсикалык заттар азыраак чыгат, бирок атмосферага метан баштагыдай эле тарай берет.
2. Өртөө.
Калдыктарды өрттөө менен аз да болсо энергия алабыз. Мисалы 1 тонна таштандыдан 400 кВт энергия бөлүнүп чыгат. Бирок бул вариант жашоо үчүн пайдалуу эффект бере бербейт. Себеби атмосферага түтүн чыгып ышка айланат да адамдын дем алуу жолуна терс таасирин тийгизет. Ошондуктан акыркы 20 жылдын ичинде Америкада өрттөө жолу 20%ке төмөндөгөн о.э. мусор өрттөөчү заводдор жабылган.
3. Сортоо жана кайра иштетүү.
Бул эң негизги экологиялык вариант. Биринчи кезекте сууга Жана атмосферага зыяндуу заттар тарабайт. Экинчиден – кайра иштетилген товарга керектөөлөр токтобойт. Экинчилик сырье кагаз, айнек, пластик, алюминий, түстүү металдар жана башкалар жашообузда керектелүүчү бумдар жасалат.
Мусорлордун үйүлүшү түрдүү жагымсыздыктарды алып келет. Кемирүүчүлөрдүн көбөйүшү, алар түрдүү инфекциялык ооруларды таратат. Айлана чөйрөнүн булганышы эпидемиологиялык – токсикалык коркунучту алып келет. Абага метан бөлүнүп чыгат, (атмосфера жабыркайт) күкүрт газы бөлүнүп чыгат. Топуракка жер астында сууларга (металдардын аралашмасы, полихлорбифенилдик – диоксид, инсектицид жана башкалар) топурак жана өсүмдүк каптоосу 1,5 км аралыктан таштандылардын таасири тийет. Шаар таштандыларына жакын жердеги топуракка жер астындагы сууларга мышьяк, кадмий, хром, коргошун, сурма, никель калдыктардын 600 коркунучтуу түрлөрүн айрамалайбыз.
- Пестицид калдыктары химиялык бузулуучу заттар
- радиоактивдүү калдыктар, атом электросанцияларынан чыккан калдыктар
- Сурма Жана анын бирикмеси химиялык өндүрүш калдыгы
- мышьяк жылуулук электр станцияларынын калдыктары
- коргошун бирикмеси нефт иштиетүүчү жана лак краскалык өндүрүш калдыгы
Ошондой эле күнүмдүк керектөөдөн чыккан калдыктар:
- батерейка
- иштетүүдөн өткөн медикаменттер
- ядохимикаттар (өсүмдүктү сактоо үчүн иштетилген калдыктар)
- карсаканын лактын калдыгы
- косметика калдыктары (тен, лак, жидкость же тырмак краскасын өчүрүүчү суюктук)
- үй эмеректерин тазалоочу заттардын калдыктары (тазалоочу парашок, айнек күзгү тазалоочу заттардын калдыгы, дак кетирүүчү лактарды калдыгы, аэрозол ж.б.)
- сурмалык термометр
Жогорудагы калдыктарды ликвидациялоо (утилизация) үчүн эрежелерди туура сактап, көмүү же өрттөө керек. Эгер бул заттар жер бетинде калып калса алардын абага тароо же бузулуу мөөнөтү М: кагаз 2-10 жылга чейин, консерва – 90 жыл, тамеки фильтри – 100 жыл.
Учурда дүйнө жүзү боюнча 600 млн автомобил эсептелинген. Алар суткасына 3,5 -4 кг угар газын бөлүп чыгарат. О.э. бензокалонка, заправкалардын көбөйүшү да шаарыбыздын, калктын- ден – соолугуна терс тасрин тийгизүүдө.
Учурдагы Жалал-абад шаарыбыздын абалы тууралуу айта турган болсок. Жалал – Абад шары XIX – кылымдын экинчи жарымында б.а. 1877 – жылдан бери шаар деген статуска ээ. Ал эми 1991 жылы област борбору болуп аталган. Жалал – Абад шаары байыркы Жибек жолунун , азыркы Ош – Бишкек автомобил жолунун боюнда жайгашкан. Шаардын бөгөнкө экологиялык абалын сүз кылуудан мурда Урбанизация маселесине токтолууга туура келет. Себеби мамлекетибизде тышкы миграция эле эмес, ички миграция да жыл сайын өсүп жатат. Ошондуктан калтын керектөөсүнөн кийинки таштандылар шаарыбыздын көркүн кетирүүда, ал эле эмес зыяндуу заттар абага, сууга, айлана – чөйрөгө тарап жатат. Калктын саны 1897 жылы 2714 баш адам болгон. Ал эми 1913 жылы 4500 калкка жеткен. Учурда шаардык статистикалык башкарманын маалыматы боюнча төмөндөгүдөй.
Жыл 1926 1939 1959 1965 1970 1973 1977 1999 2001 2010
Калк.сан 9657 14961 31234 39500 44300 48600 54000 77884 81871 90642
Жалал – Абад шаарында 51 өндүрүштүк өнөр жай бар. Негизги ири өнөр – жайлар; “Айып булак” акционердик коому, “Азретайып” дан продукталар комбинаты, “Арак завод” жабык типтеги акционердик коому, “Кыргыз пахтасы” ачык типтеги акионердик коому ж.б. Ошондой эле Жалал – абад шаарында транспорттун 4 түрү; авиа, автомагитралдар, темир жол, жана курулуш. Бүгүнкү күндө жеңил автоунаалар шаарыбызда күн санап өсүүдө.