Философиянын башталышы

Википедия дан

Философиянын башталышы - Декарттын философиясынын жана илимий көз карашынын толук жана иреттүү баяндалышын берген негизги эмгеги. Латын тилинде жазылып, 1644-ж. Амстердамда басылган. Эмгек «Философияны бүтүн жыйынтыктаган» чыгарма катары ойлонулуп, физикалык дүйнөнүн башталышын метафизикалык башталыштан келтирип чыгарган.

Төрт бөлүктөн турат.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Биринчи бөлүктүн предмети - жалпы принциптери же таанып билүүнүн башталышы. Анда Декарт өзүнүн «Метафизикалык ой-чабытында» кеңири негизделген (философиялык ой жүгүртүүнүн башталышын издөө сыяктанган универсалдуу күмөнсүнүү; аң-сезим талаасынын аныктыгын негиздөө; аң-сезимден болмушка өтүү, онтологиялык корутунду: сogito, ergo sum; өзүн-өзү жана материалдуу дүйнөнүн бар экенин эмпирикалык таануунун зарыл шарты иретинде кудайдын бар экенин далилдөө) негизги гносеологиялык жана метафизикалык идеяларын схематикалык формада иштеп чыгат.
  1. 2-бөлүк – натурфилософиялык – картезиандык физиканын философиялык негизинин сүрөттөлүшүн түшүндүрөт. Физикалык түшүнүк-төрдү («сан», «мейкиндик», «убакыт», «кыймыл») баяндоонун салттуу иретин сактабай Декарт биринчи планга кыймыл жөнүндөдө окууну алып чыгат да, биринчи инерция мыйзамын сомдоп айтат.
  1. # 3-жана 4-бөлүктөрү ирети боюнча көзгө көрүнгөн дүйнөнүн башталышы менен Жердин башталышына арналат; бул бөлүктөр Декарттын бирден- бир сакталып калган эмгеги болуп, космологиялык жана космогониялык маселелерди чечмелейт. Алар Декарттын сөзү менен айтканда механиканын принциптеринен, бүткүл дүйнөнү, бүтүндөй түзүлүштү түшүндүрүүгө аракеттенген жалпы очерк болуп «Дүйнө» (үзүндүлөрү калган) деген чыгарманын тиешелүү главаларынын кеңейтилген варианты болгон.

1647-ж. Декарттын досу окумуштуу – Аббат Пико которгон бул эмгектин французчасы чыккан. Французча текст латынчасынан кыйла айырмаланып, айрым купюлардан жана кеңири кошумча, кыпчыма киргизүүлөрдү кошуп камтыйт. Текстти салыштыруу 3-бөлүктүн аягы, 4-бөлүк бүт Декарттын өзү тарабынан которулуп, айрым жерлери жаңыдан жазылып чыкканын көрсөтөт. Басылмада кириш сөз ордуна көбүнчө автордун Аббат Пикого жазган каты кошо басылган. 1-орусча котормо 1914-жарыяланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]