Өзгөн ташкөмүр бассейни

Википедия дан

Өзгөн ташкөмүр бассейни - Кыргызстандагы көмүр кендери жайгашкан ири аймак.

Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарынын аймактарында. Чаткал, Молдотоо, Алай ж-а Торугарт тоо кырларынын аралыгында жайгашкан. Түн.-батыштан түн.-чыгышка 150 кмге созулуп, 3000 км2дей аянтты ээлейт. Кендер жерг. элге илгертен белгилүү. Бассейнде Тегене, Ташкөмүр (Нарын), Көкжаңгак, Кумбел, Зындан, Туюк, Каргаша, Карадөбө, Алдаяр, Көккыя ж. б. кендер бар. Аймакта негизинен палеозой (силур, девон, карбон, пермь), мезозой (триас, юра) ж-а кайнозой (палеоген, неоген, антропоген) тоо тектери таралган. Көмүр юра мезгилинин кумдук, алевролит, чопо катмарларынын арасында жатат. Ар кандай калыңдыкта жогорку сапаттуулугу (аз күлдүүлүгү, табы ысык ж. б.) м-н айырмаланат. Айрым кендердеги көмүр кокс алууга жарамдуу. Бассейндеги көмүрдүн запасы 17723,04 млрд т (1975). Мындан Көкжаңгак 1910-жылдан, Маркай 1914-жылдан казыла баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2