Абдраимов (айыл)
Жоюлуп кеткен айыл
Абдраимов
|
Абдраимов — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы жоюлуп кеткен айыл. 2021-жылы Базар-Коргон шаарынын курамына киргизилген[1].
Географиясы жана тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Абдраимов айылы, Кеңеш айыл өкмөтүнүн борбору Кар-Үңкүр суусунун оң жээгинде, Ош-Бишкек автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 755 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон шаарынан 3 км түндүк-батыш тарапта, Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. 1886-ж. отурукташкан. Кыштак мурда Арпачы, Мужикайыл, Никольский, Совет аталган; 1996-ж. Социалистик Эмгектин баатыры К. Абдраимовдун ысмы берилген.
2021-жылы мурдагы Базар-Коргон айыл аймагынын (Базар-Коргон, Беш-Бадам, Жети-Кошкон, Көк-Алма айылдарынан турган[2]), Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын жана Кеңеш айыл аймагынын Аук, 'Абдраимов' айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштардын негизинде Базар-Коргон шаары түзүлгөн[3][4].
Экономикасы жана инфратүзүмү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы 8400 (2002); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, сауна, кафе, ашканалар иштейт. Эки орто жана башталгыч мектеп, маданият үйү, амбулатория, учук диспансери, дарыкана, автоунаага май куюучу 2 станция, мечит жана башкалар бар.
Айылда № 11 Мамажан Алыкулов атындагы орто билим берүүчү мектеби бар, Революцияга чейин бул мектеп башталгыч мектеп болуп ачылган.
1920-жылы ал айылдык башталгыч мектеп деп аталган.
1928-жылы жети жылдык мектеп болгон.
1930-жылы мектеп № 2 орто мектеп деп аталган.
1976-жылы баштап №2 мектеп Энгельс атындагы № 11 орто мектеп болуп аталып калган.
1976-жылы үч кабаттуу имаратка көчүп килип. Бул мектеп орус, өзбек тилиндеги мектеп болгон.
1994-2006 жылдары мектептин мугалимдери «Жыл мугалими» конкурсуна жыл сайын ийгиликтүү катышышкан.
20-сентябрь 1999-жылы № 11 Энгельс атындагы мектеп № 11 Мамажан Алыкулов атындагы мектеп болуп өзгөрүлгөн.
2007-жылы мектепке толук оңдоп түзөө жүрүп, жылытуу системасы грантын негизинде 550 миң сомго бүтөрүлгөн, окуу жайда 65 мугалим эмгектенет.
Белгилүү инсандары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кудайкул Абдраимов — Социалистик Эмгектин баатыры
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ В Кыргызстане появился новый город. Президент Садыр Жапаров подписал закон. 24.kg. Текшерилген күнү 27 -февраль (бирдин айы) 2024.
- ↑ Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айыл аймактарынын жана айылдарынын калкынын саны.
- ↑ архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 -февраль (бирдин айы) 2024. Түп булактан архивделген күнү 8 -февраль (бирдин айы) 2024.
- ↑ https://serep.kg/kabarlar/koom/bazar-korgon-raionunda-bazar-korgon-shaary-tyzylot/
Борбор шаары | Базар-Коргон |
---|---|
Акман айыл аймагы | Жаңы-Акман • Жараке • Кайырма • Колот • Коргон-Жар • Кош-Коргон • Таш-Булак |
Арстанбап айыл аймагы | Арсланбоб • Ак-Терек • Бел-Терек • Гава • Гүмкана • Дашман • Жай-Терек • Жарадар |
Бешик-Жон айыл аймагы | Бешик-Жон • Баймундуз • Жон • Карача • Көк-Алма |
Кеңеш айыл аймагы | Аук • Кара-Жыгач • Коткор • Кызыл-Октябрь • Могол-Коргон • Биринчи Май • Сейитказы • Шыдыр |
Кызыл-Үңкүр айыл аймагы | Кызыл-Үңкүр • Ак-Булак • Жаз-Кечүү • Катар-Жаңгак • Көсө-Терек |
Могол айыл аймагы | Оогон-Талаа • Бувакол • Кайнар • Кара-Ой • Кызыл-Суу • Көктоңду • Чарбак • Чкалов |
Сайдыкум айыл аймагы | Сайдыкум • Аркалык • Дукур • Жаңы-Абад • Жаш-Ленин • Кызыл-Ай • Кыргыз-Каба • Тойчубек-Чек • Төш • Турпак-Коргон • Хажир-Абад • Чек • Чоң-Курулуш |
Талдуу-Булак айыл аймагы | Каба • Ак-Терек • Ак-Тыт • Катар-Жаңгак • Көк-Алма • Кыргоо • Сары-Жайык • Үч-Булак |