Мазмунга өтүү

Тоголок Молдо

Википедия дан
Байымбет Абдыракманов‎»‎ барагынан багытталды)
Тоголок Молдо

Тоголок Молдо (1823-1886)
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Байымбет

Туулган датасы

10 -июнь 1860(1860-06-10)

Туулган жери

Куртка, Нарын

Өлгөн датасы

4 -январь 1942(1942-01-04) (81 жаш)

Өлгөн жери

Нарын, Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

Акын

Тоголок Молдо (нукура ысымы — Байымбет, 1860-жылы—4-январь 1942-жылы, Кыргыз ССР, СССР) — кыргыз жазма акын жана манасчы.

Өмүр баяны

Тоголок Молдо — 1860-жылы Ак-Талаа районундагы Куртка деген айылда туулган. Атасы Абдыракмандан 14 жашында ажырап, андан кийин аталаш агасы Музооке ырчыны ээрчип, ошонун тарбиясында жүргөн. Кадимки Тыныбек жомокчунун ал жашаган айылга келип “Манас” айтышы жаш балага катуу таасир эткен. Кирпик ирмебей тикирейип карап отурган баланы кыраакы Тыныбек да байкап, өзү менен ала кеткен. Ага Тоголок Молдо деген ылакап атты берген да, дал ошол Тыныбек болгон.

Кийинчерээк бүтүндөй кыргыз жергесин түрө кыдырып, ырчы-чоорчуларга кезигип тажрыйба алышы, анын дүйнөтаанымынын кеңейишине өбөлгө түзгөн. Ошондой эле сабаттуулугунун жыйынтыгы менен ал кыргыз адабияты эле эмес, чыгыш адабияты менен да жакындан тааныш болгон.

“Он сегиз жашка келгенде,
Акын болдум атанып.
“Манасты” бүт үйрөндүм,
Тыныбектен жат алып”

– деген Тоголок Молдо санжыра-тарыхты да мыкты өздөштүрүп, Манастын тарыхый доорун тапканга да бир топ далалат кылган.

Баскан-турганын, уккан билгенин баарын кагазга түшүрүп жүргөн Тоголок Молдо анын баарын 1916-жылкы үркүндө жоготуп жиберген. Анан 1936-жылдан тартып кайра баштан киришкен. “Манастын” өз вариантын да ал өзү кагазга түшүргөн. Башка манасчылардай болуп түш көрүп айтып калуу жөнүндө Тоголок Молдо эскерген эмес.

Солдон оңго: Тоголок Молдонун жеке катчысы Ыбырайым Абдрахманов, акын Тоголок Молдо жана белгилүү «Манас» эпосун айтуучу Саякбай Каралаев. 1930-жылдар

Тоголок Молдо Ырамандын Ырчы уулунан тартып, өзү менен кошо жашаган замандаш манасчыларга чейинки Улуу жомоктун жүгүн көтөрүнүп, аны кесип кылып аркалаган манасчылардын 31ин ырга салып, санаттап кошкон. Мунун өзү да тарых үчүн зор табылга десек болот.

Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиз, Абай сыяктуу чыгыштын улуу акындарынын чыгармалары менен жакшы тааныш болгон жана кыргыздын оозеки чыгармалары менен жана мифтик түшүнүк, ишенимдерден кабардар болот. Эл оозундагы «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Мендирман» сыяктуу дастандарды кагазга түшүрүп, азыркы Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясына тапшырган. Ошондой эле эл кыдырып кыргыз тарыхын, санжыраларын жыйнап жазган.

Тоголок Молдо 1937-жылдан тартып 1941-жылга чейин Кыргыз Илимдер академиясына “Манас” үчилтигинен 98 703 сап ыр тапшырган. Анын ичинен “Семетей” 44 873 сап ырдан туруп, башка бөлүктөргө караганда толук жазылган десек болот. Ал эми “Манас” бөлүмүндөгү “Манастын ашы” сыяктуу эпизод башка манасчыларда кезикпегендиги менен айырмаланып турат (Өмүр уулу Чоюке, Тойчубек уулу Алмабек, Абдыракман уулу Ыбырайым, Кубанычбек Алмабековду эске албаганда). Калганы Сагымбайдын варианты менен үндөш. Экөөнүн тең устаты Тыныбек болгондуктан аны мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карасак болот.

Өз дооруунда сейрек кездешкен сабаттуу адамдардын бири, балдар адабияты үчүн кайталангыс чыгармаларды калтырган жазгыч акын, ошону менен эле бирге төкмө, манасчы Тоголок Молдо 1942-жылы өзү туулган Куртка айылында каза болгон.

Чыгармалары

Baldar Çomoqtoru. Ajtuucu: Toƣoloq Moldo Abdьraqmanov. 1939

”Кемчонтой”, “Куштардын аңгемеси”, “Жер жана анын балдары”, “Эшек жана булбул”, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “Үрпүкан”, “”Арман жаш”, “Эркек жана аялдын сыры”, “Кара көз”, “Ак келин”, “Армияга арнайлы”, “Биз даярбыз”, “Жетишкенбиз, жеңебиз”, “Өскөн чак жана кайраттуу күн”, “Насыят”, “Телибай тентек”, “Жети таз менен жеке таз”, “Кемпир чал”, “Бабырган”, “Каркыра менен түлкү”, “Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы”, “Кыз Кенжекенин арманы”, “Чалга берген кыздын арманы”, “”Аткантаң менен Сүйгөнбай”, “Аялдар азаттыгы”, “Тарых жана түпкү аталар”, “Кыргыз тарыхы”, “Уруунун бөлүнүштөрү”, “Жаңыл Мырза”, “Шырдакбек”, “Эр Эшим”, “ Тайлак баатыр”, “Мендирман”, “Жусуп менен Зулайка”, “Козу менен көрпөштөй”, “Фархад менен Ширин”, “Боз жигит менен Жамал”, “Музыкантчылар”, “Ийнелик менен кумурска”, “Пил менен кандек”, “Коркок коён”, “ Бөрү менен түлкүнүн достугу”, “ Кожонун аңгемеси” ж.б.

Булактар