Бириккен Улуттар Уюму
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Бириккен Улуттар Уюму | |
United Nations Organisation des Nations unies | |
БУУга мүчө мамлекеттер
| |
Мүчөлүк: |
193 мүчө өлкө |
---|---|
Штаб-квартира: | |
Ырасмый тилдери: | |
Жетекчилери | |
Баш катчы | |
БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы | |
Негизделген | |
БУУнун Уставына кол коюу | |
Уставдын күчүнө кириши | |
https://www.un.org/ru/ |
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) — эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.
БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамлекеттердин демилгелери менен ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары жана түзүлүшү 2-дүйнөлүк согуштун убагында эле (Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекетинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым (Ялта) конференциясында (1945-ж.), Сан-Франциско конференциясында (1945-ж.) талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен бешөө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү).
БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь 1945-жыл – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган жана бекитилген: мисалы,
- баардык мүчөлөрдүн суверендүү тең укуктуулугу;
- кабыл алган Уставдагы милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу;
- эл аралык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка, адилеттүүлүккө коркунуч алып келбей тургандай негизде чечүү.
Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган.
БУУнун башкы органдары:
1. Генералдык Ассамблея;
2. Коопсуздук Кеңеши;
3. Экономикалык жана социалдык Кеңеш;
4. Кам көрүү Кеңеши;
5. Эл аралык Сот;
6. Катчылык же Баш катчы,
7. Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар.
спасибо за внимание!
Түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Секретариат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Башкы секретарь (катчы)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]№ | Аты-жөнү | Өлкө | Ыйгарым укугун башталышы | Ыйгарым укуктун аякташы |
---|---|---|---|---|
— | Глэдвин Джебб
(милдетин аткаруучу) (англ. Gladwyn Jebb, 1st Baron Gladwyn) |
Улуу Британия | 24 октябрь, 1945 | 1 февраль, 1946 |
1 | Трюгве Ли
(норв. Trygve Lie) |
Норвегия(Батыш Европа) | 2 февраляь, 1946 | 10 ноябрь, 1952 |
2 | Даг Хаммаршёльд
(швед. Dag Hammarskjöld) |
Швеция(Батыш Европа) | 10 апрель, 1953 | 18 сентябрь, 1961 |
3 | У Тан | Бирма(Азия) | 30 ноябрь, 1961 | 1 январь, 1972 |
4 | Курт Вальдхайм
(нем. Kurt Waldheim) |
Австрия(Батыш Европа) | 1-январь, 1972 | 1 январь, 1982 |
5 | Хавьер Перес де Куэльяр
(исп. Javier Pérez de Cuéllar) |
Перу(Түштүк Америка) | 1 январь, 1982 | 1 январь, 1992 |
6 | Бутрос Бутрос-Гали
(ар. بطرس بطرس غالي) |
Египет(Африка) | 1 январь, 1992 | 1 январь, 1997 |
7 | Кофи Аннан
(англ. Kofi Annan) |
Гана(Африка) | 1 январь, 1997 | 1 январь, 2007 |
8 | Пан Ги Мун
(кор. 반기문) |
Түштүк Корея(Азия) | 1 январь, 2007 | 1 январь, 2017 |
9 | Антониу Гутерреш
(порт. António Guterres) |
Португалия(Батыш Европа) | 1 январь, 2017 | Азыркы учурда кызматта |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7