Жоламан Шаршенбеков
Жоламан Шаршенбеков | |
Жеке маалыматы | |
---|---|
Жынысы |
эркек |
Толук аты-жөнү |
Жоламан Назарбекович Шаршенбеков |
Жарандыгы | |
Чеберчилиги | |
Клубу |
Р. Санатбаев атындагы АБӨСМОР (Бишкек) |
Төрөлгөн датасы |
29 -сентябрь 1999 (24 жаш) |
Төрөлгөн жери | |
Машыктыруучу |
Хаким Махмудов |
Бою |
167 см |
Салмагы |
60 кг |
Спорттук чини |
Кыргыз Республикасынын Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери |
| |
Zholaman Sharshenbekov |
Жоламан Шаршенбеков — Кыргызстандык спортчу, грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери[1], Дүйнө чемпиону (2022, 2023) Азия чемпиону (2022, 2024,2024)[2][3][4], Азия оюндарынын (2022) алтын медалчысы, Олимпиада оюндарынын (2020, 2024) катышуучусу. Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы эмгек сиңирген спортчу.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Бала-Сары айылында туулган.Атасы Назарбек Рысалиев (1972) — ишкер, апасы Гүлнара Жуманалиева (1974) — мугалим, Бишкек шаарындагы № 5 гимназияда математикадан сабак берет, Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү[5]. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин аяктаган[6].
Карьерасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын төрт жолку чемпиону;
- Азия чемпиондугунун алтын медалынын ээси (Индия, 2015);
- Азия чемпиондугунун коло байгесинин ээси (Тайбэй, 2016);
- Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси (Грузия, 2017);
- Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2017);
- Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (Финляндия, 2017);
- Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси (2018)
- Дүйнө кубогунун ээси (2020)[7].
- Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (Сербия, 2022, 2023)
- Азиянын үч жолку чемпиону (2022-2023-2024-ж.ж.).
Жетишкендиктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жылы | Мелдештер | Өткөрүү жайы | Жыйынтыгы | Категориясы |
---|---|---|---|---|
2018 | Азия чемпиондугу | Бишкек, Кыргызстан | 2-орун | грек-рим 55 кг |
Дүйнө чемпиондугу | Будапешт, Венгрия | 2-орун | грек-рим 55 кг | |
2019 | Дүйнө чемпиондугу U23 | Будапешт, Венгрия | 2-орун | грек-рим 60 кг |
2020 | Азия чемпиондугу | Нью-Дели, Индия | 2-орун | грек-рим 60 кг |
2021 | Олимпиада оюндары | Токио, Жапония | 7-орун | грек-рим 60 кг |
Дүйнө чемпиондугу | Осло, Норвегия | 2-орун | грек-рим 60 кг | |
2022 | Азия чемпиондугу | Улан-Батор, Моңголстан | 1-орун[8] | грек-рим 60 кг |
Ислам шериктештиги оюндары | Конья, Түркия | 1-орун[9] | грек-рим 60 кг | |
Дүйнө чемпиондугу | Белград, Сербия | 1-орун[10] | грек-рим 60 кг | |
2023 | Дан Колов — Никола Петров турнири | София, Болгария | 1-орун [11] | грек-рим 60 кг |
Азия чемпиондугу | Астана, Казакстан | 1-орун | грек-рим 60 кг | |
Дүйнө чемпиондугу | Белград, Сербия | 1-орун | грек-рим 60 кг | |
Азия оюндары | Ханчжоу, Кытай | 1-орун[12] | грек-рим 60 кг | |
2024 | Азия чемпиондугу | Бишкек, Кыргызстан | 1-орун | грек-рим 60 кг |
Олимпиада оюндары | Париж, Франция | 3-орун | грек-рим 60 кг |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Zholaman Sharshenbekov bio, www.iat.uni-leipzig.de. Текшерилген күнү 25 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
- ↑ Kyrgyzstani Greco-Roman wrestler wins silver in Wrestling World Championships in Budapest, akipress.com (27 October 2018). Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
- ↑ Четыре медали на старте: как сборная КР хозяйничает на чемпионате Азии по борьбе (ru), 24.kg (28 February 2018). Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2018.
- ↑ 2018 Asian Wrestling Championships – Results Book. Текшерилген күнү 8 -август (баш оона) 2020.
- ↑ Беш бир тууган. Жоломан Шаршенбеков тууралуу фактылар (кырг.). Nazarnews (17 -июль (теке) 2024). Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2024.
- ↑ Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков тууралуу учкай маалымат (кырг.). Кабар (17 -июль (теке) 2024). Текшерилген күнү 6 -август (баш оона) 2024.
- ↑ 2020 Individual Wrestling World Cup Results Book. Текшерилген күнү 18 -декабрь (бештин айы) 2020.
- ↑ Three Greco-Roman gold medals for Iran at Asian Wrestling Championships, InsideTheGames.biz (20 April 2022). Текшерилген күнү 20 Апрель 2022.
- ↑ 2021 Islamic Solidarity Games Results Book. Текшерилген күнү 20 -август (баш оона) 2022. Түп булактан архивделген күнү 18 -август (баш оона) 2022.
- ↑ Brennan, Eliott. Olympic medallist Kayaalp returns to champion status at World Wrestling Championships, InsideTheGames.biz (13 September 2022). Текшерилген күнү 14 -сентябрь (аяк оона) 2022.
- ↑ 2022 Dan Kolov & Nikola Petrov Tournament Results Book. Текшерилген күнү 15 -март (жалган куран) 2022. Түп булактан архивделген күнү 13 -март (жалган куран) 2022.
- ↑ 2022 Asian Games Wrestling Results Book. Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2024. Түп булактан архивделген күнү 26 -ноябрь (жетинин айы) 2023.