Калып:Портал:Россия/Кириш сөз

Википедия дан

Россия Федерациясы (Росси́я) — 1917 жылы 7 ноябрда негизделген Европанын чыгыш жана Азиянын түндүк бөлүгүндөгү өлкө. 19221991 жж. РСФСР КСРБ республикасы болгон. 1991 жылы Россия Федерациясына аты өзгөртүлгөн. 1997 жылдын 2 апрелинен баштап, Россия Федерациясы — конфедеративдик Россия жана Белоруссия Бирлигинин мүчөсү.
Аянты боюнча дүйнөдөгү эң чоң өлкө (17 075 400 км² же 11,46 % Жер кургактыгынын аянтынын (1/9), же , экинчи орунду ээлеген Канададан) болжол менен эки эсе чоң, 12,65 % адам отурукташкан кургактыктын (1/8).

Калкы — 141 888 900 адам (2008 жылдын 1 июну, Росстаттын берген маалыматтары боюнча, Жер калкынын 2,13 %).
Россия 16 мамлекет менен чектешет, алар: Норвегия, Финляндия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Белоруссия, Украина, Абхазия, Грузия, Түштүк Осетия, Азербайжан, Казакстан, Кытай, Монголия, Түндүк Корея, деңиз боюнча: Жапония жана АКШ. Россия империясынын жана КСРБнын политикалык жана юридикалык мураскери болуп, Россия эл аралык мамилелердин маанилүү катышуучуларынын бири болуп саналат. Ал БУУ, КМШ, ЕврАзЭС, ЦАС, ОДКБ, ШОС, АТЭС сыяктуу жана башка эл аралык уюмдарга кирет.