Мазмунга өтүү

Чилиликтер

Википедия — ачык энциклопедия
Чилиликтер
Chilenos
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 19,212,362
Чили Чили — 18,175,016
Жалпы диаспора 1,037,346
Аргентина Аргентина — 439,582
Америка Кошмо Штаттары АКШ — 138,969
Испания Испания — 106,060
Швеция Швеция — 56,138
Канада Канада — 45,190
Австралия Австралия — 37,608
Франция Франция — 30,325
Бразилия Бразилия — 26,039
Венесуэла Венесуэла — 23,296
Германия Германия — 19,702
Италия Италия — 3.199
Норвегия Норвегия — 10,083
Улуу Британия Улуу Британия — 9,000
Португалия Португалия — 8,400
Мексика Мексика — 6,404
Нидерланд Нидерланд — 4,413
Жаңы Зеландия Жаңы Зеландия — 2,959
Дания Дания — 2,522
Түштүк-Африка Республикасы Түштүк-Африка Республикасы — 1,000

Тили

испан

Дини

католицизм, протестантизм

Расалык тиби

метистер

Чилиликтер (өздөрүн чиленьос деп аташат) - Чилинин негизги калкы.

Ошондой эле Аргентина, Америка, Европа, Австралия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 16,8 млн киши, а. и. Чилиде 11,4 млн (2008). Испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - негизинен католиктер, протестанттар да бар. Чилиликтер үч негизги элден турат: испан тилдүү Чилиликтер (калктын 60% ин түзөт); Европа, Азия жана Америка өлкөлөрүнүн иммигранттары жана алардын тукумдары (саны 600 миңге жетет); индейлер (калктын 4% ин түзөт). Чилиге 16-18-кылымда басктар, галисийлер, испандыктар ж. б., 19-20-кылымда Италия, Франция, Германия, Хорватия өлкөлөрүнөн жана Британ а-нан иммигранттар (негизинен испандыктар, италяндар, немецтер жана югославдар), ошондой эле араб-палестиналыктар көчүп келип отурукташкан. Мындан тышкары Чилиде еврейлер, швейцардыктар, гректер, голланддар жамааты бар. Ч. тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайларында, мал чарбачылыкта, дыйканчылыкта жана токой чарбасында иштешет.

Диаспоралары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы диаспора 1,037,346

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Estimación de personas extranjeras residentes habituales en Chile al 31 de diciembre 2019
  2. Estimaciones y proyecciones 1992–2050, país (base 2017)
  3. 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 Segundo Registro de Chilenos en el Exterior
  4. Immigration and Ethnocultural Diversity Highlight Tables
  5. Chile - Emigrantes totales

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]