"Манас" эпосунун историзми

Википедия дан

"Манас" эпосунун историзмиЭ. Абдылдаевдин монографиясы (Фр., 1987).

Төрт баптан (главадан) турат. «Манас» эпосунун географиялык таралышы жөнүндө» деген бапта «Манас» эпосу кыргыздар жашаган чет өлкөлөрдө (Кытай, Ооганстан), ошондой эле коңшулаш союздук республикаларда ([[Өзбекстан]], [[Казакстан]], [[Тажикстан]]) айтылып келгендигин тиешелүү маалыматтардын негизинде далилдейт. Эпостун фактыларын салыштыруунун натыйжасында кыргыздар тараган бардык жердеги айтылып келген «Манас» эпосу бир тарыхый негизден жаралып, ар башка чөлкөмдө, ар кандай деңгээлде, ошол жердин тарыхый-социалдык шарттарына жараша өнүгүп жана сакталып келгендигин илимий жактан ишенимдүү белгилейт. «Манас» эпосунун сюжеттик системасындагы эпикалык окуялардын историзми жөнүндө» аттуу бапта эпостун эпикалык окуяларына илимий талдоо жүргүзүлөт.

Алардын композициялык түзүлүшүнө жана ар башка мезгилдерде жаралып, эпикалык циклдештирүү принцибинде бир каармандын айланасына бириктирилгендигин белгилейт. Эпикалык окуялардан улам катмарлануу менен конкреттештирилип жана кеңейтилип баяндалгандыгын илимий негизде далилдүү көрсөтөт. «Манас» эпосундагы географиялык аттар жөнүндө» деп аталган бапта эпостогу эпикалык топонимдердин тарыхый реалдуу георафиялык аттар менен байланышы жөнүндөгү маселе каралып, топонимдердин эпикалык функциясы боюнча талдоо жүргүзүлөт.

Ошондой эле айрым топонимдердин эпосто катмарланып чагылуу этаптарын (талаш-тартыш туудургандары боюнча) илимий негизде чечмеленет. Эпостун чыгышы жөнүндөгү маселе менен байланыштуу болгон топонимдер (Бээжин), Алтай, Талас, Эне-Сай жана башкалар) боюнча иликтөө жүргүзүлөт. «Манас» эпосундагы тарыхый терминдердин поэтикалык функциясы» аттуу акыркы бапта изилдөөчү эпостун эпикалык текстине мүнөздүү бир катар терминдердин маанисине тарыхый жактан илимий талдоо жүргүзүлөт.

Бул бапта эпостун поэтикалык системасында салттык түрдө сакталып келген, ошондой эле өздөрүнүн варианттарын жаздырып калтырган жана башкалар кийинки манасчылардын (Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу) жекече чыгармачылык мамилелерине ылайык пайдаланылган тарыхый терминдерди эпостун өнүгүшүнүн этаптарына байланыштуу иликтеп көрсөтөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4