"Эл адабияты" сериясы

Википедия дан

“Эл адабияты” сериясы – КРУИАнын Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун илимдин кызматкерлери тарабынан, филология илимдеринин доктору профессор А. А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында даярдалган. Бүгүнкү күндө 30 тому жарыкка чыкты. КРУИАсынын кол жазмалар фондундагы фольклордук материалдарды жарыялоо, пропагандалоо максатын көздөгөн “Эл адабияты сериясынын 40 томдугу” жалпы коомчулукта жана фольклористика илиминде татыктуу орун таап жатат. Сериянын

1-тому Кожожаш (1996) – архаикалык эпос. Томго С. Конокбаевдин, А. Үсөнбаевдин, Т. Жээнтаевдин варианттары кирген.

2-том – “Эр Төштүк” (1996) – кыргыз элинин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен жаралыш доору жагынан эң алгачкыларынын бири. Томго С. Каралаевдин варианты жарыяланган.

3-том – “Жоодарбешим” (1997) – дастаны Эр Төштүк жөнүндөгү эпикалык баяндын уландысы. Эпосто адам баласынын табигый кара күчтөрдүн үстүнөн болгон акыл күчүнүн үстөмдүгү сүрөттөлгөн. Томго О. Урманбетов, А. Асан, К. Суранчиевдин варианттары кирген.

4-том – “Жаныш, Байыш” (1998) – кыргыз элинин өз азаттыгын, эгемендүүлүгүн коргоп, кылым карыта калмак, кытай төбөлдөрүнө каршы согушуп келген баатырдык күрөшүн, калктын тарткан азап-тозогун, ый-муңун, оор жортуулдарын көркөм баяндап, калк сезимине жеткирген, баатырдык тарыхый эпос. Томдон М. Мусулманкулов, Ж. Жанаев, К. Акиев, С. Дыйканбаевдин варианттары орун алган.

5-том – “Сейитбек”, “Курманбек” (1998). 16–17-кылымдардын аралыгында жашап, калмак төбөлдөрү менен күрөшүп өткөн реалдуу тарыхый-уламыштык, аңыз-аңгемелик окуядан эпостук деңгээлге өсүп жеткен, эл оозеки чыгармачылыгынын классикалык үлгүсү. “Сейитбек” эпосунда ата-журтту калмак баскынчыларынан коргоо идеясы чагылдырылган. Сейитбек – Курманбектин баласы. “Курманбек” боюнча М. Мусулманкуловдун, К. Акиевдин, С. Дыйканбаевдин варианттары, “Сейитбектен” О. Урманбетовдун, Н. Адиевдин варианттары кирген.

6-том – “Саринжи-Бөкөй”, “Жаңыл Мырза” (1998) – эпосторунда элибиздин өткөндөгү патриархалдык түзүлүшкө таандык уруучулук-тууганчылык мамилелердин татаалдашкан көрүнүштөрү, салттык сюжетке айланып кетиши чагылдырылган. “Саринжи-Бөкөйдөн” – А. Үсөнбаевдин, С. Конокбаевдин, “Жаңыл Мырзадан” А. Чоробаевдин, М. Мусулманкулдун варианттарына орун берилген.

7-том – “Багыш”, “Мендирман” (1998). “Багыш” эпосу Кытайдагы Кызылсуулук белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын айтуусундагы көркөмдүү эпикалык баян. “Манас Багыш кандын айланасында түзүлгөн. “Мендирман” – эпосунда калмактардын баскынчылыгына каршы күрөш жана туугандар арасындагы көрө албастык мамилелери туурасында баяндалат. Томго Ш. Рысмендиев менен Койдунун варианты жарыяланган.

8-том – “Толтой” (1999) – Кытайдагы Кызылсуулук кыргыздардын арасында айтылган эпикалык дастан. “Семетей” эпосундагы Толтой баатырдын өмүрү жана баатырдык жүрүштөрү туурасында – Ж. Мамайдын варианты.

9-том – “Кедейкан”, “Олжобай менен Кишимжан” (1997). “Кедейкан” эпосу социалдык-турмуштук эпос. Уруучулук түзүлүш мезгилиндеги кыргыз элинин башынан өткөргөн турмушунун көркөм туундусу. Токтогул менен Калыктын варианты кирген “Олжобай менен Кишимжан” – лиро-романтикалык эпос. Эки жаштын ортосундагы мамиле жалпы элдик көз карашта талкууланып, трагедиялык ситуация көркөм сүрөттөлгөн. Томдон А. Үсөнбаев, С. Сакетаевдин варианты орун алган.

10-том – “Макал-лакаптар” (2001) – эл өзү жаратып, атадан балага, укумдан тукумга таратып, жаш муундардын акыл-эсин өстүрүүдө, көркөм эстетикалык табитин калыптандырууда ролу зор.

11-том – “Муңдук, Зарлык”, “Кыз Дарыйка”, “Нарикбай” (2002) – поэмалары түрк элдеринде орток айтылган чыгармалар. Бул үч поэма тең кыргыздар арасында кеңири тараган. “Муңдук, Зарлык” – көөнө архаикалык жомоктун негизинде жаралган турмуштук поэма. “Кыз Дарыйка” – чыгыш сюжетинен түзүлгөн баатырдык поэма. “Нарикбай” тарыхый негизи бар баатырдык поэма. “Муңдук, Зарлык” Б. Алыкулов менен К. Салибаевдин варианты, “Кыз Дарыйка” К. Орозов менен К. Алимкановдун варианты, “Нарикбайдан” С. Чойбековдун варианты кирген.

12-том – “Шырдакбек”, “Эр Табылды” (2002). “Шырдакбек” поэмасы 13–14 кылымдардын аралыгында жашап, калмак төбөлдөрү менен кандуу кармашууларды башынан өткөргөн Шырдакбек аттуу тарыхый инсандын айланасында түзүлгөн көркөм чыгарма. “Эр Табылды” эпосу – кыргыз калкы басып өткөн катаал күндөрдүн жандуу тарыхы. “Шырдакбек” – К. Акиев, Т. Молдонун варианты. “Эр Табылды” – А. Тыныбеков менен Ы. Дыйканбаевдин варианттары.

13-том – “Бостон” – баатырдык-мифологиялык эпос. Өз элинин тынчтыгын, биримдигин көздөгөн элдик баатырдын иш аракети чагылдырылган. А. Токтогуловдун варианты.

14-том – “Табышмактар”. Томдукка табышмактар тематикасы боюнча классификацияланып жайгаштырылган.

15-том – “Жолойкан”, “Тайлак”, “Балбай”, “Осмон” (2002). Кыргыз, казак окуясы. Бугу, Сарбагыш урушу. Китепке кыргыз элинин көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн тарыхый инсандардын баатырдыгын, эрдигин чагылдырган элдик мурастар жана айрым тарыхый окуялар жөнүндөгү баяндар кирген. “Жолойкан” – В. В. Радлов жазып алып, жарыяланган материал боюнча берилген. “Тайлак баатыр” – А. Чоробаев менен Ы. Абдырахмановдуку, “Балбай” – К. Мифтаков, Б. Айтбаев, “Осмон баатыр” – Т. Молдо, “Кыргыз казак окуясы” – Ы. Абдрахманов, “Бугу, сарбагыш урушу” – Алдаш Жээнике уулунун айтуусу боюнча жарыяланган.

16-том – “Эр Солтоной” (2002) – кыргыздардын калмак баскынчыларына каршы күрөшүн баяндаган баатырдык дастан. С. Абдрахмановдун варианты.

17-том – “Эшимкул менен Зуура”, “Күлбаарам менен Асан”, “Нуркан”, “Жантай” (2002). Баласыздык, сүйүү, достук сыяктуу турмуштук көрүнүштөрдү баяндаган турмуштук социалдык поэмалар. “Эшимкул менен Зуура” – Ж. Ноорузбаевдин, “Күлбаарам менен Асан” – М. Мусулманкуловдун, “Нуркан” – Курман Базар уулунун, “Жантай” – Досу Ташматовдун варианттары.

18-том – “Алп Тобок”, “Шабдан казалы”, “Жети эрдин өлүмү” (2002) – тарыхый адамдар туурасындагы баяндар. “Алп Тобокту” А. Сыдыков, А. Чоробаев, Шабдан казалын – Ж. Чагатаев, “Жети эрдин өлүмүн” – А. Чоробаев айткан.

19-том – “Тарыхый ырлар”, “Кошоктор” (2002). Китепке Кол жазмалар фондунда сакталып турган тарыхый ырлар, тарыхый адамдарга арналган кошоктор, элдик кошоктор, тарыхый окуялар кирген.

20-том – “Балдар фольклору” (1998). Кыргыз эли муундан-муунга айтылып келген көөнөрбөс көркөм сөз өнөрү аркылуу балдарга таалим-тарбия берип, илим-билимин, дүйнө-таануусун өстүргөн.

21-том – “Кошоктор”. Кошок кыргыз эл чыгармачылыгында эң кеңири тараган жанр. Алардын үлгүлүү деп эсептелген варианттары жарыяланган.

22-том – “Арман ырлары”, “Ак Мөөр” (2003). Арман ырлары бай поэтикалык багытка ээ, өзгөчө жанрдык касиет-сапаты бар жанр. “Ак Мөөр” поэмасы элдик поэмалардын классикалык үлгүсү болуп калды. Поэманын жети варианты жарык көргөн.

23-том – “Байтик баатыр”, “Жаманкара баатыр” (2003). А. Смайыл уулунун айтуусундагы бул дастандар тарыхый инсандардын өмүр жолу, ишмердиги туурасында баяндаган.

24-том – “Санат, насыят жана эмгек ырлары” (2003). Жыйнакка оозеки казынабыздагы санат, насыят жана эмгек ырларынын элге кеңири белгилүү үлгүлөрү кирген.

25-том – “Гүлгаакы”, “Кыз Сайкал” (2003) дастандарында кыргыздын баатыр, каныша кыздарынын өз элинин биримдиги, эркиндиги, көз карансыздыгы үчүн болгон күрөшү баяндалат. О. Урманбетовдун варианттары.

26-том – “Болот”, “Асан менен Жамал” (2003). Бул дастандарда кыргыз эли башынан кечирген турмуш, коомдук-социалдык абал чагылдырылган. “Болот” – Т. Ошбаевдин айтуусунда “Асан менен Жамал” – А. Тыныбековдуку.

27-том – “Карач дөө”, “Эр Эшим”. Поэмаларда элди тышкы жана ички жоолордон коргогон эр жүрөк баатырлардын эрдиктери жана эл башынан кечирген тарыхый окуялары кеңири сүрөттөлгөн. “Карач дөө” – К. Акиевдин варианты. “Эр Эшим” – Т. Молдонуку.

28-том – “Көкүл”, “Кара-Көкүл баяны” (2003). “Карач-Көкүл” жана “Көкүл” мифтик-фантастикалык маанайдагы чыгармалар. Эл арасында жомок, поэма, дастан түрүндө айтылып келген. “Көкүл” – Ы. Бээрман уулунун, “Карач-Көкүл баяны” – Д. Ташматовдун айтуусундагы варианттар.

29-том – “Каада-салттар”, “Ак баталар” (2003). Кыргыз элинин маданиятын, философиянын көз караштары, улуттук өзгөчөлүктөрү, каада-салттар жана баталар камтылган.

30-том – “Сүйүү ырлары”. Сүйүү ырларынын үлгүлүү варианттары тандалып киргизилген. 40-томдукка кирген айрым материалдар мурда да ар кайсы мезгилдерде кыскартуулар менен жарык көргөн. Бул жолу ил. багытта, оригиналда кандай болсо, ошол сөздөрдүн, илимий комментарийлердин коштоосунда чыгып жатат. Варианттуулукка ээ болгон чыгармалардын бардык варианттарынан камтылып, илимий комментарийлер менен коштолуп жарык көрүшү фольклористика илимий изилдөөнүн иштеринде даяр факты материал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]