Арсенал (футбол клубу, Лондон)

Википедия дан
Аңглия Арсенал
Толук
аталышы
"Арсенал" футбол клубу (Arsenal Footbal Club)
Негизделген 1-декабрь 1886
Стадиону Эмирейтс, Лондон
Сыйымдуулугу 60,462
Ээси United States Стэн Кронке
Президенти Аңглия Сэр Чипс Кесвик
Машыктыруучусу Unai Emery
Капитаны Германия Пер Мертезакер
Рейтинги УЕФАда 11-орун
Демөөрчүсү Бириккен Араб Эмирликтери Emirates Airline
Сайты www.arsenal.com
Мелдеш Англис Премьер-Лигасы
2018/19 5
Тариз
Негизги
формасы
Тариз
Коноктук
формасы
Тариз
Резервдик
формасы

«Арсенал» футбол клубу – Англис Премьер-Лигасында ойногон Лондондун түндүгүнөн чыккан футбол клубу. 1886-жылдын 1-декабрында негизделген. Англиянын 13-жолку чемпиону, улуттук Кубокту 12 жолу уткан. Команда өз оюндарын «Эмирейтс» стадионунда (сыйымдулуугу – 60260 көрүүчү) өткөрөт.

Арсенал 1919-жылдан баштап, оюндарын англис футболунун жогорку дивизионунда өткөрүп келе жатат. 1992-жылы Премьер-лига түзүлүп, анын клуб-негиздөөчүлөрдүн бири Арсенал да болгон.[1]

1996-жылдан баштап, команданын башкы машыктыруучусу катары француз Арсен Венгер эмгектенип жатат, клубдун тарыхында башкы машыктыруунун кызматында эң узак иштеген адам болуп эсептелет. Венгердин башчылыгында Арсенал 19 мезгилдин ичинде Англиянын 3-жолку чемпиону болуп, Англия Кубогун 13 жолу уткан.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизделиши (1886-1925)

"Ройал Арсенал" заводу

«Арсенал» футбол клубун Лондондун түштүк-чыгышындагы Вулидж аттуу райондо жайгашкан «Ройал Арсенал» мылтык чыгаруучу заводунун ишмерлери 1886-жылдын 1-декабрында негиздешкен. Алар жаңы түзүлгөн командага «Дайал Скуэр» (англ. Dial Square) деген атты коюшкан. Биринчи оюнду клуб 1886-жылдын 11-декабрында Истерн Уондерерс аттуу командага каршы өткөргөн[2]. Ал матчты замбирекчилер 6-0 эсеби менен утушкан. Эки жумадан кийин оюнчулар чогулуп, команданын аталышын «Ройал Арсенал» деп өзгөртүшкөн, андан тышкары «Ноттингем Форест» футбол клубунда ойногон Фрэд Бирдсли команда формасынын түсүн кызыл түскө өтүшүн сунуш кылган. 1891-жылда клуб кесиптик статуска ээ болуп, аталышы «Вулидж Арсеналга» (англ. Woolwich Arsenal) өзгөргөн. Команда 1893-жылы Футбол лигасына кирген.

Арсенал 1888-жылы. Отургучтун оң жагында команданын капитаны Дэвид Денскин

Клуб оюндарын Экинчи дивизиондо ойноп баштап, 1904-жылы Биринчи дивизионго кирген. Алыста жайгашканы үчүн оюндарга аз адам келе баштаган, ошого байланыштуу каржы жагынан командада маселелер көбөйө баштап, Экинчи дивизионго кайра келген. 1913-жылы клуб «Хайбери» стадионуна көчүп, 1914-жылы клубдун аталышы «Арсеналга» өзгөргөн. Команда Экинчи дивизиондо 5-орунга ээ болгон. Ал жылы Биринчи дивизиондо 20 клубдун ордуна 22 клуб ойноосуна чечим чыккан. Экинчи дивизиондо 1 менен 2-орунду ээлеген командалар Биринчи дивизионго которулмак, бирок Арсеналдын кожоюну Генри Норрис Джон Маккенге (Футбол лигасынын башчысы) командасына добуш берүүсүн айткан. Тандоого 4 клуб чыккан: Арсенал (Экинчи дивизиондо 5-орун), Тоттенхэм (Биринчиде дивизиондо 20-орун), Барнсли (Экинчиде – 3-орун), Вулверхэмптон (Экинчиде – 4-орун). Джон Маккен Арсенал, Тоттенхэмге караганда, Футбол лигасынын ичинде 15 жыл көбүрөөк болгонуна байланыштуу Арсеналга добушун берген. Ушул окуядан кийин Тоттенхэм менен Арсеналдын күйөрмандары бир бирин душман катары көрүшөт.

1925-жылы клубдун башкы машыктыруучунун кызматына Герберт Чепмен дайындалган. Ал «Дубль-ве» схемасына командасын өткөрүп, көптөгөн утушка ээ болгон. 1930-жылы Арсенал Англия Кубогунун финалында «Хаддерсфилд Таун» футбол клубун 2-0 эсеби менен утуп, биринчи Кубогуна ээ болгон. Ошол эле жылда Англия Суперкубогун жеңген. 30-жылдары Арсенал англис футболунда биринчилердин катарында болгон.

Эллисон (1934-1950)

Герберт Чепмен

1934-жылы Чепмен пневмониядан ооруп, кайтыш болгон. Анын ишин бир нече адам аткарып баштады. Башкы машыктыруучунун кызматына Джордж Эллисон дайындалып, Чепмендин убагында иштеген Джо Шоу менен Том Уиттакер команданы оюндарга даярдоону моюнуна алышкан. Клубга Эллисондун зор салымы бар, анткени ал «Хайбери» стадионун Англиядагы эң заманбап аренага айланткан. Мындан тышкары, ал командага мыкты оюнчуларды чакырып киргизген. Алардын ичинде Тед Дрейк да (1934/35ж мезгилинде 42 гол киргизген – клубтук рекорд) болгон.

1947-жылы Эллисон кызматын таштап, башкы машыктыруучу болуп Том Уиттакер дайындалган. Арсеналдын көп оюнчусу согушка кетип, кайра кайтып келишкен эмес. Ошого байланыштуу команданын курамын ветерандар түзүшкөн. 32 жаштагы Джо Мерсер, 35 жаштагы Рони Рук жана 33 жаштагы Леси Комптондун эмгеги менен Арсенал 1947/48-жылы чемпиондукка ээ болгон.

1950-1970

1951/52-жылы команда кайрадан чемпиондук менен Кубокту утууга мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок оюнчулар көптөгөн жаракаттын асабынан аларга жете алышкан эмес. 1966-жылы башкы машыктыруучунун кызматына Берти Ми дайындалган. Ал чабуул позициясына жаш, таланттуу оюнчуларды коюп, коргоо позициясына жашы толгон оюнчуларды киргизген. Команда 1970-жылы Лига Кубогун, Жарманкелер Кубогун уткан.

1970-1986

1971-жылы Арсенал тарыхында биринчи жолу чемпиондук менен Кубокко ээ болгон. Бирок кийинки жылы клубдан көптөгөн ишмерлер кете баштады, 1976-жылы Берти Ми кызматын бошоткон. 1986-жылы машыктыруучунун кызматына команданын легендарлуу оюнчусу Джордж Грэм дайындалган. Ал оюндун тактикасын коргоого айланткан. Коргоо позициясында белгилүү Ли Диксон, Тони Адамс, Стив Боулд, Найджел Уинтерберн ойношкон.

1986-1995

1988/89-жылы чемпиондук гонкада Арсенал менен Ливерпуль болгон. Кайсы команда чемпиону болоору ушул эки команданын акыркы оюнунда билинмек. Бул матчты канонирлер 2-0 эсеби менен жеңген, ошентип, 18 жылдан кийин Арсенал чемпиондукка ээ болгон. 1993-жылы клуб Англия Кубогун жана Лига Кубогун, 1994-жылы Кубоктор Кубогун уткан[3]. Джордж Грэм кызматынан бошотулган.

Венгердин заманы (1996-...)

Арсен Венгер

1996-жылы башкы машыктыруучу болуп, француз Арсен Венгер дайындалган[4]. Коомдо «Арсен ким?» (Arsene who?) деген көптөгөн суроолор чыга баштады. Ага карабастан, Венгер кийинки жылы Арсеналды чемпиондук менен Кубокту утушуна алып келген.

1999-жылы Тьерри Анри, Робер Пирес, Сильвен Вильтор аттуу футболчулар сатып алынган. 2001/02-жылы алар клубду кезектеги чемпиондукка алып келишкен. Бирок команданын мыкты оюну 2003/04-жылы ачылып, ушул мезгилди Арсенал жеңилүүсүз өткөргөн. Ад курамдагы оюнчулар "Жеңилбестер" деген атка конушкан. 2005-жылы Англия Кубогу утушкан. 2006-жылы Арсенал Чемпиондор Лигасынын финалына жетип, Барселонадан жеңилген[5].

«Эмирейтс» стадионуна көчүү жана трофейсиз мезгил (2006-2014)

2006-жылы клуб жаңы салынган «Эмирейтс»стадионуна көчкөн. Мезгилдин аягында командадан Робер Пирес, Сол Кемпбелл, Эшли Коул, Деннис Бергкамп, Тьерри Анри аттуу оюнчулар кетишкен. Алардын ордуна Венгер Томаш Росицки, Тео Уолкотт, Матье Фламини, Адебайор, Сеск Фабрегасты сатып алып келген.

2010-жылы Арсенал Чемпиондор Лигасынын чөйрөкфиналында Барселонага утулуп, чемпионатта 3-орунга ээ болгон. 2011-жылы Венгер Оливье Жиру, Лукас Подольски, Санти Касорла аттуу оюнчуларды команда алып келген. Алар Арсеналдын оюнунун жакшыртып башташты. 2013-жылы рекорддуу 50 миллион еврого Реалдан Германия курамында ойногон Месүт Өзил сатып алынган.

Трофейсиз мезгилдин сону (2014-...)

2014-жылдын 17 майында Арсенал Англия Кубогунун финалында «Халл Сити» командасын 3-2 эсеби жеңген, ошентип 9 жылдан кийин трофейсиз мезгил аяктады. 2015, 2017-жылдары клуб кайрадан ушул жеңишке ээ болгон[6].

Формасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арсенал-Саутгемптон, 15-сентябрь 2012

1886-жылы клуб кесиптик наамга ээ болгонго чейин, «Ноттингем Форест» клубунан Арсеналга кошулган оюнчулар Фред Бирдсли, Чарли Бейтс жана Билл Парр мурунку командадан кызыл түстүү формасын алып келишти. Каражаттын аздыгынан Арсеналдын жетекчилери оюнчуларын алып келинген формага окшош кийим менен камсыз кылган. Бул форма узун жеңдүү, жакалуу кара-кызыл көйнөк, ак шорталар жана көк гетралардан турган.

Арсеналдын формасына окшоштуруп, башка футбол клубдары да кызыл түстүү формага өтүшкөн. 1906-жылы «Спарта Прага» футбол клубунун президенти Петрик Лондонго келип, замбирекчилердин кийимине суктанып, оюнчуларын ушундай формага кийинүүсүнө чечим чыгарган. Азыркы учурда деле прагалыктар кызыл кийимчен ойношот.

1925-жылы Герберт Чепмен башкы машыктыруучу болуп дайындалып, ал команданын формасын өзгөртүүсүн сунуштаган. Жаңы форма ак жеңдүү, сол жагында клубдун белгиси тигилген кызыл көйнөккө айланган. Бүгүнкү оюнчулар ушул үлгүдөгү кийимди кийип жүрүшөт.

Андрей Аршавин, Арсенал-Суонси, 11-сентябрь 2011

1950-жылдары өзүнүн стадионунда тоскон команданын негизги формасы менен окшош болгонунун себебинен клуб жаңы форма долбоорун бекиткен.

Оюнчулардын көйнөгүнүн үстүнө замбиректин белгилүү сүрөтү алгачкы жолу 1967-жылы тигилген. Так ушул форма менен Арсенал 1970/71-мезгилде биринчи жолу чемпиондук менен Кубокту чогуу уткан. 1970-жылдарынын соңунда көйнөктүн үстүнө форма өндүрүүчүнүн (Umbro) белгиси түшүрүлүп, 1981-жылы жарнама максатында «JVC» компаниясынын белгиси чыгарылган. Азыркы учурда форманын үстүндө «Fly Emirates» авиакомпаниясынын белгиси турат.

2005-жылы «Хайбери» стадионунан жаңы «Эмирейтске» көчүүгө байланыштуу, команда тарыхтагы эң биринчи формага окшош кара-кызыл түстүү көйнөктөрдү кийип чыккан.

Англис футболунун 2011/12-мезгилинде Арсенал өзүнүн 125 жылдыгына арнап, баш белгисин өзгөрткөн. Эмблемасына сол жагынан 15 лавр жалбырагы түшүрүлүп, бул 15 негиздөөчүлөрдүн биринчи эмблеманын дизайнерине төлөп берген 6 пенс тыйынын билдирет. Оң жагында болсо, 15 эмен жалбырагы тартылган, бул «Royal Oak» сыраканасында чогулган 15 негиздөөчүлөрдү билдирет. Белгинин астында команданын эң биринчи ураандардын бири «Forward» сөзү жана мааракелүү 1886 менен 2011-жылдары түшүрүлгөн[7].

Тариз
1886-1895
Форма
1895-1896
Тариз
1896-1933
Тариз
1933-1965
Форма
1965-1967
Форма
1967-1981
Форма
1981-1996
Форма
1996-1998
Форма
1998-2000
Форма
2000-2002
Форма
2002-2004
Форма
2004-2005
Тариз
2005-2006
Форма
2006-2008
Форма
2008-2010
Форма
2010-2011
Форма
2011-2012
Форма
2012-2014
Форма
2014-2015
Форма
2015-2016
Форма
2016-2017
Форма
2017-2018

Эмблемасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теңдешүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түндүк Лондон теңдешүүсү

Бул теңдешүү Арсенал менен Тоттенхэм командаларынын арасында өтөт. Биринчи оюну 1887-жылы 19-ноябрда өткөн, Тоттенхэм 2-1 эсеби менен утуп жаткан кезинде жарыктын жоктугунан матч аягына чейин ойнолгон эмес[8]. Биринчи толук оюн 1888-жылы февралда өткөн, текөөрлөрдө 9 футболчу гана болгондуктан 6-2 эсебине замбирекчилерге жеңилишкен. 1898-жылы кезектеги оюн Тоттэнхэмдин стадионунда өткөн. Көрүүчүлөрдүн көптүгүнөн (15000 адам) стадиондун чатыры урап түшүп, бир нече адам жарадар болгон. Натыйжада Тоттенхэм жаңы «Уайт Харт Лейн» стадионуна көчкөн. Биринчи дивизиондо клубдар арасындагы алгачкы оюну 1909-жылы 4-декабрда өткөн, Арсенал 1-0 эсеби менен уткан.

Дербинин башталышы

Накта теңдешүү 1913-жылы Арсенал «Уайт Харт Лейнден» 6 чарчы метр алыстыкта жайгашкан Хайбери районуна көчкөндөн башталган. Эки команда алгачкы жолу «Түндүк Лондон атаандаштары» аты менен согуш фондуна жардам көрсөтүү үчүн 1914-жылы 22-августта оюнга чыгышкан. Ал матчты Арсенал 5-1 эсеби менен жеңген[9]. Теңдешүү 1919-жылы күчөгөн.

Статистика жана рекорддор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга чыккандар

  • Тарыхта эң көп ойногон: Дэвид О’Лири — 722 оюн, 1975—1993-жж.
  • Европа мелдештеринде эң көп ойногон: Тьерри Анри — 86 оюн.
  • Эң жаш оюнчу: Сеск Фабрегас — 16 жаш, 177 күн (2003-ж 28-октябрда Лига кубогунун Ротерем Юнайтед менен оюнунда).
  • Эң улгайган оюнчу: Жон Резерфорд — 41 жаш 159 күн (1926-ж 20-мартта Биринчи дивизиондун Манчестер Сити менен оюнунда).
Эң көп ойногон футболчулар
Аты-жөнү Жарандыгы Ойногон жылдары Оюндардын саны
1 Дэвид О’Лири  Ирландия 1975–1993 722
2 Тони Адамс  Англия 1983–2002 669
3 Жорж Армстронг  Англия 1961-1977 621
4 Ли Диксон  Англия 1988-2002 619
5 Найджел Уинтерберн  Англия 1987-2000 584
6 Дэвид Симэн  Англия 1990-2003 564
7 Пэт Райс  Англия 1964-1980 528
8 Питер Стори  Англия 1965-1977 501
9 Жон Редфорд  Англия 1964-1976 481
10 Питер Симпсон  Англия 1964-1978 477

Гол киргизгендер

  • Бир мезгилде эң көп гол киргизген: Тед Дрейк — 44 гол (1934/1935 мезгили)
  • Бир оюнда эң көп гол киргизген: Тед Дрейк — 7 гол (1935-ж 14-декабрда Биринчи дивизиондун Астон Вилла менен оюнунда).
  • Эң жаш оюнчу: Сеск Фабрегас — 16 жаш, 212 күн (2003-ж 2-декабрда Лига кубогунун Вулверхэмптон Уондерерс менен оюнунда).
  • Хет-трик кылган эң жаш оюнчу: Жон Редфорд — 17 жаш, 315 күн (1965-ж 2-январда Биринчи дивизиондун Вулверхэмптон Уондерерс менен оюнунда).
  • Эң улгайган оюнчу: Жон Резерфорд — 39 жаш, 352 күн (1924 20-сентябрда Биринчи дивизиондун Шеффилд Юнайтед менен оюнунда)[10].
    Тьерри Анри
Эң көп гол киргизген футболчулар
Аты-жөнү Жарандыгы Ойногон жылдары Голдордун саны
1 Тьерри Анри  Франция 1999-2007, 2012 228
2 Иан Райт  Англия 1991-1998 185
3 Клифф Бастин  Англия 1929-1947 178
4 Жон Редфорд  Англия 1964-1976 149
5 Жимми Брейн  Англия 1923-1931 139
Тед Дрейк  Англия 1934-1945
7 Дуг Лишман  Англия 1948-1956 137
8 Робин ван Перси  Нидерланддар 2004-2012 132
9 Жо Халм  Англия 1926-1938 125
10 Дэвид Жек  Англия 1928-1934 124

Эл аралык рекорддор

  • Улуттук кураманын клубда ойногон эң биринчи оюнчусу: Сизар Женкинс – 1896-ж 21-мартта Шотландияга каршы Уэльс курамасынын катарында ойногон.
  • Англия курамасынын клубда ойногон эң биринчи оюнчусу: Жимми Эшкрофт – 1906-ж 17-февралда Ирландияга каршы ойногон.
  • Дүйнө биринчилигинин финалында ойногон эң биринчи оюнчулар: Жек Келси жана Дэйв Боуэн – 1958-ж 8-июнда Венгрияга каршы Уэльс курамасынын катарында ойношкон.

Трансферлер

Оюнчулардын баасы "London Evening Standard" гезитинин маалыматы боюнча берилген.

Эң кымбат сатып алынган футболчулар
Баасы Саткан клубу Аты-жөнү Жарандыгы Позициясы Келген датасы Шилтеме
1 £46.5m Олимпик Лион Александр Ляказетт  Франция Чабуулчу 5-июль 2017 [11]
2 £38,2млн Реал Мадрид Месут Өзил  Германия Жарымкоргоочу 2-сентябрь 2013 [12]
3 £35млн Валенсия Шкодран Мустафи  Германия Коргоочу 30-август 2016 [13]
4 £33,8млн Боруссия Мөнхенгладбах Гранит Жака  Швейцария Жарымкоргоочу 25-май 2016 [14]
5 £31,7млн Барселона Алексис Санчес  Чили Чабуулчу 10-июль 2014 [15]
Эң кымбат сатылган футболчулар
Баасы Алган клубу Аты-жөнү Жарандыгы Позициясы Кеткен датасы Шилтеме
1 £29,8млн Барселона Сеск Фабрегас  Испания Жарымкоргоочу 15-август 2011 [16]
2 £25млн Барселона Марк Овермарс  Нидерланддар Жарымкоргоочу 28-июль 2000
£25млн Манчестер Сити  Эммануэл Адебайор  Того Чабуулчу 19-июль 2009 [17]
4 £24млн Манчестер Сити Самир Насри  Франция Жарымкоргоочу 24-август 2011 [18]
5 £23,5млн Реал Мадрид Николя Анелка  Франция Чабуулчу 2-август 1999

Башкы машыктыруучулардын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аты-жөнү Жарандыгы Дайындалган күнү Бошотулган күнү Жетишкендиктери
Томас Митчелл  Шотландия 30-март 1897 10-март 1898
Белгисиз 11-март 1898 10-апрель 1898
Уильям Элкоат  Англия 11-апрель 1898 16-февраль 1899
Артур Кеннеди  Англия 21-февраль 1899 29-апрель 1899
Гарри Бредшоу  Англия 30-июнь 1899 30-апрель 1904
Фил Келсо  Шотландия 1-май 1904 9-февраль 1908
Жорж Моррелл  Шотландия 10-февраль 1908 13-апрель 1915
Жеймс МакИвен  Англия 19-апрель 1915 24-май 1919
Лесли Найтон  Англия 25-май 1919 16-май 1925
Герберт Чепмен  Англия 11-июнь 1925 6-январь 1934 1-дивизиондун чемпиону: 1931, 1933

Англия кубогунун жеңичүүсү: 1930

Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1930,1931,1933

Джо Шоу  Англия 6-январь 1934 28-май 1934 1-дивизиондун чемпиону: 1934
Жорж Эллисон  Англия 28-май 1934 31-май 1947 1-дивизиондун чемпиону: 1935, 1938

Англия кубогунун жеңичүүсү: 1936

Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1934,1938

Том Уиттакер  Англия 2-июнь 1947 24-октябрь 1956 1-дивизиондун чемпиону: 1948,1953

Англия кубогунун жеңичүүсү: 1950

Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1948,1953

Жек Крейстон  Англия 24-октябрь 1956 19-май 1958
Жорж Свиндин  Англия 21-июнь 1958 1-май 1962
Билли Райт  Англия 1-май 1962 13-июнь 1966
Берти Ми  Англия 20-июнь 1966 4-май 1976 1-дивизиондун чемпиону: 1971

Англия кубогунун жеңичүүсү: 1971

Жарманкелер кубогунун жеңичүүсү: 1970

Терри Неилл  Түндүк Ирландия 9-июль 1976 16-декабрь 1983 Англия кубогунун жеңичүүсү: 1978/79
Дон Хоу  Англия 16-декабрь 1983 22-март 1986
Стив Бартеншоу  Англия 23-март 1986 14-май 1986
Жорж Грэм  Шотландия 14-май 1986 21-февраль 1995 1-дивизиондун чемпиону: 1989, 1991

Англия кубогунун жеңичүүсү: 1993

Лига кубогунун жеңичүүсү: 1987,1993

Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1991

УЕФА кубоктор жеңичүүлөр кубогунун жеңичүүсү:

1994

Стюарт Хьюстон  Шотландия 21-февраль 1995 15-июнь 1995
Брюс Риох  Шотландия 15-июнь 1995 12-август 1996
Стюарт Хьюстон  Шотландия 12-август 1996 13-сентябрь 1996
Пэт Райс  Түндүк Ирландия 13-сентябрь 1996 30-сентябрь 1996
Арсен Венгер  Франция 1-октябрь 1996 13-май 2018 Премьер-Лиганын чемпиону: 1998, 2002, 2004

Англия кубогунун жеңичүүсү: 1998, 2002, 2003,

2005, 2014, 2015, 2017

Англия суперкубогунун жеңичүүсү: 1998, 1999, 2002,

2004, 2014, 2015, 2017

Унаи Эмери  Испания 23-май 2018 азыркы убакыт

Стадиондору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017/18-мезгилиндеги курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарандыгы Аты-жөнү Туулган жылы
Дарбазачылар
13  Колумбия Давид Оспина 1988
33  Чехия Петр Чех 1982
Коргоочулар
2  Испания МЭЭкторББеллери 198599
4  Германия Пер Мертезакер 1984
6  Франция Лоран Коселни 1985
16  Англия Роб Холдинг 1995
18 Испания Испания Начо Монреал 1986
20  Германия Шкодран Мустафи 1992
24 Испания Испания Эктор Беллерин 1995
31  Босния жана Герцеговина Сеад Колашинац 1993
Жарымкоргоочулар
8  Уэльс Аарон Рэмзи 1988
10  Англия Жек Уилшир 1992
11  Германия Месүт Өзил 1988
19 Испания Испания Санти Касорла 1984
29  Швейцария Гранит Жака 1992
35  Египет Мохаммед эл-Ненни 1992
34  Франция Франсис Коклен 1991
Чабуулчулар
7  Чили Алексис Санчес 1988
9  Франция Александр Ляказетт 1991
12  Франция Оливье Жиру 1986
14  Англия Тео Уолкотт 1989
17  Нигерия Алекс Ивоби 1996
23  Англия Дэнни Уэлбек 1990
28 Испания Испания Лукас Перес 1988

Жетишкендиктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук Эл аралык
Биринчи дивизион/Премьер-Лига (13):
  • Чемпион: 1931, 1933, 1934,1935, 1938,1948, 1953,1971, 1989,1991,1998, 2002, 2004
  • Вице-чемпион: 1926, 1932, 1973, 1999, 2000, 2001, 2003, 2005, 2016

Экинчи дивизион:

  • Вице-чемпион: 1904

Англия Кубогу (12):

  • Жеңичүүсү: 1930, 1936, 1950, 1971, 1979, 1993, 1998, 2002, 2003, 2005, 2014, 2015
  • Финалист: 1927, 1932, 1952, 1972, 1978, 1980, 2001

Англия Суперкубогу (14):

  • Жеңичүүсү: 1930, 1931, 1933, 1934, 1938, 1948, 1953, 1991, 1998, 1999, 2002, 2004, 2014, 2015
  • Финалист: 1935, 1936, 1979, 1989, 1993, 2003, 2005
УЕФА Чемпиондор лигасы:
  • Финалист: 2006

УЕФА Кубоктор жеңичүүлөр Кубогу:

  • Жеңичүүсү: 1994
  • Финалист: 1980, 1995

УЕФА Кубогу:

  • Финалист: 2000

УЕФА Суперкубогу:

  • Финалист: 1994

Жарманкелер Кубогу:

  • Жеңичүүсү: 1970

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Англис Премьер-Лигасынын 1992/1993 мезгили (англ.). Soccerbase. Текшерилген күнү 12 -октябрь (тогуздун айы) 2010.
  2. Арсеналдын негизделишине жалпы көз караш (англ.). The Official Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2008.
  3. Грэмдин даңктуу жылдары (англ.). The Official Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 16 -декабрь (бештин айы) 2008.
  4. Венгер Арсеналдын башчысы катары дайындалды (англ.). The Official Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
  5. Чемпиондор Лигасынын финалдары (англ.) (PDF). UEFA Official Website. Текшерилген күнү 12 -июль (теке) 2015.
  6. 2017 Англия Кубогунун финалы (англ.). The Official Website of Webley Stadium. Текшерилген күнү 27 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 8 -июнь (кулжа) 2017.
  7. Клуб белгисинин тарыхы (орус.). Arsenal Russian Speaking Supporters Club. Текшерилген күнү 15 -октябрь (тогуздун айы) 2011.
  8. Тоттенхэм-Арсенал: оюндардын статистикасы (орус.). Russian Tottenham Supporters. Текшерилген күнү 28 Апрель 2017.
  9. 1914/15-мезгили (англ.). Jim Duggan's Topspurs. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2007. Түп булактан архивделген күнү 1 -январь (үчтүн айы) 2007.
  10. Арсеналдын рекорддору (англ.). Arseweb. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2007. Түп булактан архивделген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2010.
  11. Ляказетт Арсеналга кошулууга макул болду (англ.). The Offial Website of Arsenal Football Club. Текшерилген күнү 5 -июль (теке) 2017.
  12. Арсенал М. Өзилди сатып алуунун акыркы кадамын жасалуусунда (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 3 -сентябрь (аяк оона) 2013.
  13. Немис коргоочусу Ш. Мустафи Арсенал менен контрагына кол койду (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 31 -август (баш оона) 2016.
  14. Арсенал швейцариялык жарымкоргоочу Гранит Жака боюнча келишимин бүтүрүүдө (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2016.
  15. Расмий маалымат: Алексис Санчес Арсеналга өттү (орус.). Еврофутбол. Текшерилген күнү 10 -июль (теке) 2014.
  16. C. Фабрегас Барселона кетти (англ.). London Evening Standard. Текшерилген күнү 28 -март (жалган куран) 2013.
  17. Манчестер Сити Адебайорду сатып алды (англ.). Sky Sports. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2009.
  18. Самир Насри Манчестер Ситиге кошулуусун бүтүрүүдө (англ.). BBC. Текшерилген күнү 24 -август (баш оона) 2011.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Расмий сайт

Фейсбуктагы расмий тобу

Инстаграмдагы расмий баракчасы

Арсенал Англис Премьер-Лигасынын расмий сайтында