Асаналы Толубаев

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Асаналы Толубаев
Асаналы Толубаев
Желек
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы
18-июнь 1938-жылы — 22-март 1943-жылы
Андан мурунку: Иманалы Айдарбеков (21-октябрь 1924-жыл - 12-март 1927-жыл)
Андан кийинки: Молдогазы Токобаев
 
Жарандыгы: Flag of Russian Empire for private use (1914–1917) 3.svgОрусия империясы

СССР желегиСССР

Туулган жери: Чала-Казак айылы, Пишпек уезди, Жети-Суу облусу (азыркы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Аскер айылы)
Каза болгон жылы:
Каза болгон жери: Фрунзе шаары
Мүрзөсүнүн орду: Жаңы автобекеттин жанындагы дунгандар мүрзөсү
Жубайы: Айнагүл Солтобаева
Балдары: уулдары: Жеңиш Толубаев, Каганович Толубаев

кызы: Салийча Толубаева

Партиясы: ВКП(б)
Билими: орто билим
 
Сыйлыктары:

Ленин ордени, «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамоталары

Асаналы Толубаев (1896-ж., Орусия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Чала-Казак айылы — 31-август 1962-ж., Фрунзе шаары) – мамлекеттик жана коомдук-саясий ишмер, ВКП(б)нын XVIII съездинин делегаты (1939), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (18-июнь 1938-ж. – 22-март 1943-ж.), Кыргыз ССРнин республикалык маанидеги персоналдык пенсионери (1952).

Асаналы Толубаев Кыргыз ССРинин саясий экономикалык, социалдык жана маданий турмушунун бардык тармактар боюнча өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал эл чарбасын көтөрүүдө, Кант-Балыкчы темир жолунун, Чоң Чүй каналынын курулушуна, Улуу Ата Мекендик согуш жалдарында СССРдин европалык бөлүгүнөн эвакуацияланган өнөр жай ишканаларын жана калкты жайгаштырууда өзгөчө эмгек сиңирген. 1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасын өткөрүүдө, 1940-ж. кыргыз жазуусун латын тамгасынан орус графикасынын негизинде түзүлгөн кыргыз алфавитине которууда чоң салым кошкон. 1939-ж. СССРде жүргүзүлгөн жалпы эл каттоонун Кыргыз ССРинде ийгиликтүү ишке ашышына жетекчилик кылган. А. Толубаев Кыргызстандык жумушчу, дыйкандардын, интеллегенциянын эмгегинин мамлекет тарабынан татыктуу бааланышына өзгөчө көңүл бурган. Анын камкордугунун натыйжасында жүздөгөн эмгек алдыңкылары, адабият жана искусствонун чеберлери мамлекеттик сыймыктарды, ардак наамдарды алышкан.[1]

Жигердүү эмгеги үчүн Асаналы Толубаев Ленин ордени менен сыйланган. Ысымы Бишкектеги №49-мектепке ыйгарылган.

Өмүр таржымалы

Асаналы Толубаев 1896-жылы Орусия империясындагы, Жети-Суу облусунун Пишпек уездине караштуу Чала-Казак айылында (азыркы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кызыл-Аскер айылы.), дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жаш кезинен ата-энесинен ажырап, 1928-жылга чейин ар кимге жалданып иштөөгө мажбур болгон. Эмгек жолун темир жолунда жумушчу болуп баштаган. 1928-ж. коммунисттик партиянын катарына өтүп, 1928–29-ж. темир жолдо жумушчу болуп иштеген. 1930-ж. Ворошилов районунун Кызыл-Аскер колхозуна мүчө болуп кабыл алынып, ошол эле айылда 1933-ж. компартиянын баштапкы уюмунун катчылыгына шайланган. 1935–37-ж. айылдык советтин председатели, 1937–38-ж. Кызыл-Аскер колхозунун башкармасы.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы

ВКП(б)нын XVIII съезддеги делегаттары. Москва, март, 1939-ж.
Сол жагында А. Толубаев, ортосунда И. В. Сталин

1938-1943-жылдары Кыргызстанда мамлекет катары өнүгүүнүн, парламенттик башкаруунун негизи калыптанган. 1938-жылдын 24-июнунда биринчи жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине шайлоолор болуп өтүп, бул шайлоолордо Асаналы Толубаев депутат болгон. Анда бардыгы болуп 284 депутат шайланып, ал 41 жумушчу, 93 колхозчу, 150 элдик интеллигенциянын өкүлдөрүнөн турган. 1938-ж. 18-июлда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өтүп, ал Жогорку Советтин Президиумун шайлап, Республиканын өкмөтүн (Эл комиссарлар совети) дайындаган. Кыргыз ССРнин Жогорку Советтин Президиумун төрагалыгына Асанаалы Толубаев, ЭКСтин төрагалыгына Кулатов Төрөбай шайланган. Ошол эле жылы Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Указдары (1938-1939-жж.)

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын указдары менен төмөнкү наамдар берилген:

Биринчи эл каттоо ишине жетекчилик (1939-ж.)

1939-ж. Кыргыз ССРинде биринчи жолу элди каттоо өткөн. Жашаган элдин жалпы саны 1 458 213 адамды түзүп, анын ичинен 754 323 кыргыз, 302 916 орус, 151 551 өзбек, 137 299 украин, 20 017 татар, 23 925 казак, 10 670 тажик, 11 741 немис, 9 412 уйгур жана 5 921 дунган улутундагы элдер жашаган.

Кыргыз ССРинин облустарындагы калктын улуттук курамы боюнча статикалык маалыматтар.[2]. 1939-ж. бүткүл союуздук элди каттоо статикалык маалыматтарынан алынган.

Облустар Кырг. Орус. Өзб. Укр. Каз. Тат. Нем. Таж. Уйг. Башкалар Бардыгы
1 Жалал-Абад 156 628 21 398 49 287 14 128 2 074 3 748 620 1 627 999 3 985 254 494
2 Ысык-Көл 91 201 55 181 2 467 13 698 3 389 1 927 216 39 1 266 4 786 174 170
3 Ош 242 575 36 468 90 884 10 502 1 790 7 904 255 8 881 5 339 11 541 416 139
4 Талас 57 678 10 211 1 789 10 726 2 527 526 4 416 38 73 709 88 693
5 Тянь-Шань 117 758 5 204 1 004 960 539 609 97 12 254 580 127 017
6 Фрунзе 88 483 174 454 6 120 87 285 13 606 5 303 6 137 73 1 481 14 758 397 700
- Бардыгы 754 323 302 916 151 551 137 299 23 925 20 017 11 741 10 670 9 412 36 359 1 458 213

Кыргыз ССРинин облустарындагы калктын улуттук курамы боюнча пайыз менен берилген статикалык маалыматтар. [3]

Облустар Кырг. Орус. Өзб. Укр. Каз. Тат. Нем. Таж. Уйг. Башкалар
1 Жалал-Абад 61,5 8,4 19,4 5,6 0,8 1,5 0,2 0,6 0,4 1,6
2 Ысык-Көл 52,4 31,7 1,4 7,9 1,9 1,1 0,1 - 0,7 2,8
3 Ош 58,3 8,8 21,8 2,5 0,4 1,9 - 2,1 1,3 2,9
4 Талас 65,2 11,5 2,0 12,0 2,8 0,6 5,0 - - 0,9
5 Тянь-Шань 92,7 4,1 0,8 0,8 0,4 0,5 - - 0,2 3,7
6 Фрунзе 22,4 43,9 1,5 21,9 3,4 1,3 1,5 - 0,4 3,7
- Бардыгы 1,7 20,8 10,4 9,4 1,6 1,4 0,8 0,7 0,6 2,5

Статистикалык Башкармалыктын Начальниги - А. М. Ходоровский.

Москвадагы Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун он күндүгү (1939-ж.)

1939-ж. 26-майдан 30-июнга чейин Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун Декадасы Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө чоң окуя болгон. Ага улуттук искусствонун 550 чеберлери катышкан. Алар койгон 14 спектаклди жана концерттерди 30 миңден ашуун көрүүчүлөр баалашкан. Кыргыз мамлекеттик музыка театры Ленин ордени, Кыргыз мамлекеттик филармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Кыргыз искусствосунун 71 ишмери СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланышкан. Ошентип, 20-30-жж. Кыргызстандын советтик маданияты жаңыдан калыптана баштагандыгына карабастан бир катар ийгиликтерге жетишкен.[1]

Латын алфавитинен кирилик алфавитине өтүү (1940-ж.)

Латын алфавитинен орус графигинин негизиндеги алфавитке өтүү боюнча мыйзам. (1-бет)

1930-жылдардын экинчи жарымында ССРСте бардык жазууларды кириликке өткөрүү иши башталган. Кыргыз ССРинде бул маселе биринчи жолу 1939-жылы көтөрүлүп чыккан. Кыргыз тилинин Илимий-изилдөө Институту кирилик алфавитине өтүү долбоорун түзүп, кенен талкууга койгон. 1940-ж. декабрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жаңы алфавиттин жана жаңы орфографиянын долбоорун кабыл алган. Жаңы алфавит акыркы жолу, 1941-ж. 12-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун указы менен бекитилген. [4]

Кыргыз тилинин Илимий-изилдөө Институту тарабынан түзүлгөн жадыбал.[4][5]

Кирилик алфавити
(жаңы алфавит)
Латын алфавити
(эски алфавит)
Тамгалардын
аталышы
1 A a A a а
2 Б б B в бе
3 В в V v ве
4 Г г G g ге
5 Ғ ғ Ƣ ƣ га
6 Д д D d дэ
7 Е е Е е е (je)
8 Ё ё JO jo ё (jo)
9 Ж ж Ƶ ƶ же
10 Җ җ Ç ç җа
11 З з Z z зэ
12 И и I i и
13 Й й J j й
14 К к К к ка
15 Қ қ Q q қы
16 Л л L l эль
17 М м M m эм
18 Н н N n эн
19 Ң ң Ꞑ ꞑ ың
20 O o O o о
21 Ɵ ɵ Ɵ ɵ ө
22 П п P p пе
23 Р р R r эр
24 С с S s эс
25 Т т T t тэ
26 У у U u у
27 Ү ү Y y ү
28 Ф ф F f эф
29 Х х X x ха
30 Ц ц Ts ts це
31 Ч ч C c че
32 Ш ш Ş ş ша
33 Щ щ Şc şc ща
34 Ъ ъ - ер
35 Ы ы Ь ь еры
36 Ь ь - ерь
37 Э э E e э
38 Ю ю Ju ju ю (ju)
39 Я я Ja ja я (ja)

Мисал

Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясынын 1-беренеси[6]:

Кирилик алфавити менен Латын алфавити менен
Бардык адамдар өз беделинде жана укуктарында эркин жана тең укуктуу болуп жаралат. Алардын аң-сезими менен абийири бар жана бири-бирине бир туугандык мамиле кылууга тийиш. Bardьq adamdar ɵz bedelinde çana uquqtarьnda erkin çana teᶇ uquqtuu bolup çaralat. Alardьn aᶇ-sezimi menen abijiri bar çana biri-birine bir tuuƣandьq mamile qьluuƣa tijiş.

Чоң Чүй каналынын куруу иши (1940-1942-жж.)

1940-ж. 10-майда Чоң Чүй (БЧК) каналы казыла баштаган. Согушка байланыштуу токтоп калган казуу иштери, 1942-ж. майда кайра башталып, анда эмгектенген карапайым эл согуш жылдары каналдын 80 км аралыгын бүтүрүшүп, 450 миң кубометр топуракты казып чыгарышкан.[1]

Чоң Чүй каналы 1951-1954-жылдары бүткөн.

Кант-Балыкчы темир жолунун куруу иши (1940-1943-жж.)

Кант-Токмок темир жолунунун курулушу. А. Толубаевдин Ворошилов районунун колхозчулары менен жолугушуусу [7]

Кыргызстан аймагында биринчи темир жолу 1940-ж. Кант-Рыбачье (азыркы Балыкчы) багытында салынып баштаган. Согуш жылдарында согуштук-чарбалык жүктөрдү ташууда транспорт маанилүү иштерди аткарган. 1943-ж. октябрдан баштап Кант-Рыбачье темир жолу курула баштаган.[1]


Паспорт алуу, никеге туруу, фамилияны өзгөртүү мыйзамдары (1941-ж.)

Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1941-жылдын 1-январынан баштап "Кыргыз ССРинин жергиликтүү кыргыз жарандарына узак мөөнөттөгү фамилия, ат жана атасынын атын коюу" (орус. Закон об установления постоянных /родовых/ фамилий гражданам Киргизской ССР из коренного населения /киргиз/ и присвоения имен и отчества.) мыйзамын ишке киргизген. Ал мыйзам боюнча, ар бир кыргыз жаранга фамилия, ат жана атасынын аты (орус. отчество) коюлуп, төмөнкү ыңгайсыздыктарды жок кылат:

  • окуу жайларга тапшырууда документтерди каттоодо;
  • Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясына чакырууда;
  • шайлоочулардын тизмесин түзүүдө ж.б. учурлар.

Мыйзам долбоору 13 пунктунан туруп, төмөнкү негизги пункттарды камтыган:

  • 18 жашка чыккан жарандар фамилияларын каалагандай өзгөртө алат;
  • Кыргыз ССРинин жарандары үчүн аягы "ов", "ев" жана "ин" (кыз. "ова", "ева", "ина") фамилияларды тандоону сунуштоо;
  • Атасынын атын коюуда, эркек балдардыкы- "ович" жана "евич", аял кыздардыкы - "овна" жана "евна" менен аякташы керек;
  • Кыргыз ССРинин жарандарына, адамды кемсинте турган "бай", "бек", "ходжи", "мирза", "хан" ж.б. сөздөрү кошулган фамилия, ат же атасынын атын тандабоону сунуштоо;
  • Бул мыйзам 1941-ж. 1-январынан тартып ишке кирүүсү;

Асаналы Толубаев ден-соолугуна байланыштуу 1943-жылы кайрадан «Кызыл Аскер» колхозунун төрагалыгына келген. 1962-жылдын 31-августунда Фрунзе шаарында каза болгон.

Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция

2016-жылдын 26-декабрында, кыргыз парламентинин демилгеси менен Асаналы Толубаевдин 120 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, Асаналы Толубаевдин жакындары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. [8]

Сыйлыктары

  • Ленин ордени (№ 7371): СССР Жогорку Советинин Президиумунун 31. 1. 1941-ж. указы
  • 1941–45-ж. «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы (7. 2. 1946)
  • Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамоталары

Колдонулган адабияттар

Тиркемелер

  1. 1.0 1.1 1.2 1.3 Ө. Ж. Осмонов. Кыргызстан тарыхы. (Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин). Экспресс-справочник. 16-басылышы. — Басмакана: "Мезгил" — Бишкек,2016. — ISBN 9967-400-70-16;
  2. ЦГА КР. Фонд 105. Опись 26. Д. 37. Л. 44. Заверенная копия
  3. ЦГА КР. Фонд 105. Опись 26. Д. 37. Л. 52. Заверенная копия
  4. 4.0 4.1 С. Кудайбергенов Совершенствование и унификация алфавита киргизского языка (рус.) // Вопросы совершенствования алфавитов тюркских языков СССР. — М.: Наука, 1972. — С. 93-98.
  5. Совесткая Киргизия. 1940 г., №298 (4105)
  6. Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясынын 1-беренеси (кырг.). UN Office of the High Comissioner for Human Rights. Текшерилген күнү 28 Январь (Үчтүн айы) 2015.
  7. "Советская Киргизия" гезитинин №2084 (4091) чыккан санында. 1940-ж., 8-декабрь.
  8. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков: «Асаналы Толубаевдин өрнөктүү өмүр жолу келечек муун үчүн үлгү болуп кала берет» (кырг.). Кыргыз Республикасынын ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ. Текшерилген күнү 26 Декабрь (Бештин айы) 2016.