Төрөбай Кулатов
| Төрөбай Кулатов | ||
| Төрөбай Кулатов, 1946-жыл | ||
| ||
|---|---|---|
| 1945 — 1978 | ||
| ||
| 1938 — 1945 | ||
| Туулган жылы: | 1908 жыл | |
| Туулган жери: | Кызыл-Булак, Ноокат району | |
| Каза болгон жылы: | 1984 жыл | |
| Каза болгон жери: | Фрунзе шаары | |
| Партиясы: | КПСС (1932-жылдан) | |
| Билими: | КПСС БКнын Жогорку партиялык мектеби | |
| Кесиби: | мамлекеттик ишмер | |
| Сыйлыктары: |
Кыргыз Республикасынын Баатыры | |
Кулатов Төрөбай Кулатович (1908, азыркы Ноокат району, Кызыл-Булак кыштагы — 1984, Фрунзе шаары) — советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Төрөбай Кулатов 1908-жылы Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. 9 жашынан 16 жашына чейин байларга жалданып иштеген.
Эмгек жолу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1926—1933-жылдары: Темир жолдо жумушчу, андан соң Кызыл-Кыя шаарындагы «Жал» шахтасында забойщик болуп иштеген.
- 1934—1936-жылдары: Көмүр казуучулар союзунун шахта комитетинин төрагасы.
- 1938-жылы: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, «Кыргыз көмүр» трестинин башчысынын орун басары.
- 1938—1945-жылдары: Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасы.
- 1945—1978-жылдары: Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы.
- 1946—1978-жылдары: СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1936-жылы: Ош областык партиялык мектепти бүтүргөн.
- 1961-жылы: КПСС Борбордук Комитетине караштуу Жогорку партиялык мектепти аяктаган.
Коомдук ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Төрөбай Кулатов 40 жылдан ашык убакыт бою жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп, республиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал 9 жолу СССР Жогорку Советине жана 9 жолу Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. 1938-жылдан баштап Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жана анын бюросунун мүчөсү болгон.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз мамлекетинин алдындагы сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүдөй жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон:
- Кыргыз Республикасынын Баатыры (ак ниет эмгеги жана Ата Мекен алдындагы өзгөчө кызматы үчүн);
- 5 жолу Ленин ордени[2];
- 4 жолу Эмгек Кызыл Туу ордени[3];
- Октябрь Революциясы ордени;
- Көптөгөн СССР медалдары.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Борбугулов М. "Ош областы энциклопедиясы". Фрунзе, 1989-ж.
| ||||||||||||||||||||