Достук үчүн футбол

Википедия дан

Достук үчүн футбол (англ. FOOTBALL FOR FRIENDSHIP) — алкагында «Газпром» ААК уюштурган жылдык эл аралык балдардын коомдук программасы. Программанын максаты — футбол аркылуу жаш муунду актуалдуу баалуулуктарга жана дени сак жашоого көндүрүү[1]. Программанын алкагында дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүнөн 12 жашаар футболисттер[2] эл аралык балдардын форумуна, көчө футболу боюнча эл аралык турнирине, футболдун жана достуктун эл аралык күнүнө катышышат[3]

2016-жылы «Достук үчүн футбол» программасы (IABC) Gold Quill Awards Бизнес- коммуникаторлорунун эл аралык ассоциациясынынын сыйлыгынын «Корпоративдик коомдук жоопкерчилик» аталмасы менен жеңүүчүсү болду[4]. Программанын глобалдуу оператору АГТ коммуникациялык тобу (Россия)[5].

Тарыхы [түзөтүү | булагын түзөтүү]

Достук үчүн футбол 2013[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Достук үчүн футбол» эл аралык балдардын форуму 2013-жылдын 25-майында Лондондо уюштурулду. Ага 8 өлкөдөн 670 бала катышты: Биртаниядан, Улуу Британиядан, Венгриядан, Германиядан, Грециядан, Россиядан, Сербиядан жана Словениядан[6].  Форум учурунда балдар чет өлкөлүк теңтуштары жана белгилүү футболисттер менен сүйлөшүп, ошондой эле «Уэмбли» стадионундагы УЕФА 2012/2013 чемпиондор лигасынынын финалына барышты[7].

Форумдун жыйынтыгы балдардын программанын сегиз баалуулугун түзгөн ачык кат болду: достук, теңчилик, адилеттүүлүк, ден-соолук, тынчтык, берилгендик, жеңиш жана салттар[8]. Кийинчерээк кат УЕФА, ФИФА жана МОК[8] жетекчилерине жөнөтүлгөн. 

Достук үчүн футбол 2014[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Достук үчүн футбол» экинчи эл аралык балдардын форуму 2014-жылдын 23-25-майларында Лиссабондо өткөрүлдү. Ага 16 өлкөдөн 450 бала катышты: Белоруссиядан, Болгариядан, Улуу Британиядан, Венгриядан, Германиядан, Италиядан, Нидерландыдан, Польшадан, Португалиядан, Россиядан, Сербиядан, Словениядан, Түркиядан, Украинадан, Франциядан жана Хорватиядан. Форум учурунда балдар көчө футболу боюнча турнирге катышып, УЕФА 2013/2014 чемпиондор лигасынын финалына[9] барышты.

Достук үчүн футбол 2015[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Достук үчүн футбол» үчүнчү эл аралык балдардын форуму 2015-жылдын 4-7 июндарында Берлинде[10] өткөрүлдү. Ага 24 өлкөдөн 24 футболдук клубдардын жаштар командалары катышты[11].

Форум учурунда балдарда чет өлкөлүк теңтуштары менен жана дүйнөлүк футболдун жылдыздары, анын ичинде программанын глобалдык элчиси Франц Беккенбауэр менен сүйлөшүүгө, жана ошондой эле 24 өлкөдөн жаштар командаларынын арасында Эл аралык турнирге катышууга мүмкүндүк болду[12].

Форумдун кульминациясы программанын тогуз баалуулугун ишке ашыруучу коомдук долбоорлорду иш жүзүнө ашыргандыгы үчүн УЕФА чемпиондор лигасынын профессионалдык клубдарына «Достук үчүн футболдун» жаш катышуучулары берген «Тогуз баалуулуктун» кубогу менен сыйлоо церемониясы болду: достук, теңчилик, адилеттүүлүк, ден-соолук, тынчтык, берилгендик, жеңиш, салттар жана намыс[13]. Жеңүүчүнү Форумдун алдында бардык 24 катышуучу-өлкөлөрдө өткөрүлгөн глобалдык добуш берүүгө катышкан балдар аныктады[13]. Тогуз баалуулуктун кубогунун ээси Барселона футболдук клубу (Испания) болду.

Достук үчүн футбол 2016[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Достук үчүн футбол» эл аралык балдардын коомдук программасынын төртүнчү сезонунун старты[14] онлайн Hangouts пресс-конференциясынын[15] алкагында берилип, 2016-жылдын 24-мартында Мюнхенде программанын глобалдык амбассадору Франц Беккенбауэрдин катышуусу менен өткөрүлгөн[16].

«Достук үчүн футбол» төртүнчү эл аралык балдардын форуму 2016-жылдын 27-28 майларында Миланда өткөрүлдү[17]. Бул жылы программага АзербайжанданАлжирденАрменияданАргентинаданБразилияданВьетнамдан, Кыргызстандан, Сириядан 8 жаштар командалары кошулду[18].

«Тогуз баалуулук» кубогун[19] «Бавария» футболдук клубу (Мюнхен) алды. «Достук үчүн футболдун» катышуучулары мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо боюнча клубдун ишмердүүлүгүн, жана ошондой эле ар кайсыл өлкөлөрдөгү балдарды даарылоо чөйрөсүндөгү демилгени жана муктаж болгондорго жардамды белгилешти[19].

«Достук үчүн футбол» программасынын Форуму көчө футболу боюнча балдардын эл аралык турниринин финалдык оюну менен аякталды. Словениядан «Марибор» командасы жеңүүчү болду[20]

Достук үчүн футбол 2017[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Достук үчүн футбол» эл аралык балдардын коомдук долбоорунун[21] бешинчи сезонунун өткөрүлчү жери Санкт-Петербург (Россия) 26-июндан 3-июлга чейин[22] тандалды. 

2017-жылы катышуучу-өлкөлөрдүн саны 32ден 64кө чейин көбөйдү[23]. Биринчи жолу «Достук үчүн футболго» Мексикадан жана АКШдан[24] балдар катышышат. Ушундайча, бул долбоор төрт континенттин[25] – Африканын, Евразиянын, Түндүк Американын жана Түштүк Американын жаш футболисттерин бириктирди.

Бешинчи сезондук программасында жаңы концепция ырасталды: 2017-жылы өз өлкөсүн көрсөткөн 1 жаш футболист тандалат. Балдар сегиз эл аралык курамага[26] —балдар жана кыздардан турган Достук курамасына биригишет, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген, 12 жаштагы[27] балдар да болот. 

Ачык чүчүкулактын жүрүшүндө курамалардын мамлекеттик курамы жана мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү үчүн оюн позициялары аныкталды. Чүчүкулак интернет-конференция[28] режиминде өттү. Достуктун сегиз командасынын башына жаш машыктыруучулар турушту: Рене Ламперт (Словения), Стефан Максимович (Сербия), Брендон Шабани (Великобритания), Чарли Суй (Кытай), Анатолий Чентулоев (Россия),Богдан Кролевецкий (Россия), Антон Иванов (Россия), Эмме Хеншен (Нидерланды). Чүчүкулакта ошондой эле «Достук үчүн футбол» эл аралык пресс-борборунун өкүлү Лилия Мацумото (Япония) катышты[28].

Эл аралык «Достук үчүн футбол» 2017 балдардын Форумуна Виктор Зубков («Газпром» ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы), Фатма Самура (FIFAнын генералдык катчысы ), Филипп Ле Флок (FIFAнын генералдык коммерциялык директору), Джулио Баптиста (белгилүү бразилия футболчусу), Иван Заморано (чили форварды), Александр Кержаков (россиялык футболчу) жана башка коноктор келишти, алар жаш муундардын арасында негизги адамзаттын баалуулуктарын жайылтууга чакырышты[29]

2017-жылы долбоор 600 миңден көп адамдарды бириктирди, Санкт-Петербургдагы финалдык иш-чараларда 1000 ашык балдар жана дүйнөнүн[18] 64 мамлекетинен чоңдор катышты[29].

Достук үчүн футбол 2018[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2018–жылы “Достук үчүн футбол ” программасынын алтынчы сезону 15-февралдан 15-июнга чейин болуп өткөн. Акыркы иш-чарасы ФИФА 2018 алдында Москва шаарында болуп өттү. Программанын катышуучулары жаш футболчулар, журналисттер жана 211  дүйнө өлкөлөрүнүн өкүлдөрү болду. 2018-жылы «Достук үчүн футбол»  программасынын расмий ачылышындагы чүчүкулак таштоонун жыйынтыгы боюнча 32 футболдук команда - Достук эл аралык командалары  түзүлгөн[30]

2018 – жылы экологиялык миссиянын алкагында Достук эл аралык командалары сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан жаныбарлардын урматына алардын атынан аталган.

Ошондой эле 2018-жылдын 30-майында экологиялык миссиянын алкагында Happy Buzz Day аттуу  сейрек кездешүүчү жаныбарлардын түрлөрүн сактап калуучу  уюмдарды колдоо боюнча эл аралык коомчулукту чакыруучу эл аралык акция түзүлгөн. Бул акцияга АКШ, Непал, Улуу Британия жана Орусиянын улуттук парктары менен коруктары кошулган[31].

Ага кошумча “Достук үчүн футбол” программасынын жабылыш иш-чарасында Москва шаарында катышуучулар жаратылыш газындагы май менен жүрүүчү экологиялык автобустар менен жүрүшкөн[32].

2018 – жылы “Достук үчүн футбол” боюнча дүйнө биринчилигинде 32 Эл аралык Достук командалары катышкан. Биринчи жолу долбоордун тарыхында акыркы оюнга комментатор болгон Сириялык Жаш комментатор  Язн Таха, жана оюнга калыстык кылган рефери Россиялык  Богдан Баталин болду[33].

2018-жылы “Достук үчүн футбол” дүйнө биринчилигинде Доминика, Сент-Китс, Невис, Малави, Колумбия, Бенин жана Конго Демократиялык Республикасынын жаш футболчулары кирген «Шимпанзе» командасы жеңүүчү аталды. Команданы машыктырган жаш катышуучу Саранск шаарынан Владислав Поляков[34].

13-июнда океанография жана деңиз биологиясынын борбору “Москвариумда” алтынчы сезондун акыркы иш-чарасы болуп “Достук үчүн футбол”  Эл аралык балдар форуму өттү. Ага Виктор Зубков (КАБ «Газпром» Башчынын кеңешинин төрагасы), Ольга Голодец (Россия өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары), Икер Касильяс (испаниялык футболчу, улуттук команданын мурунку капитаны), Александр Кержаков (орусиялык футболчу, Орусиянын футбол боюнча өспүрүмдөр командасынын машыктыруучусу), жана 54 өлкөнүн элчиликтеринин өкүлдөрү жана башка коноктор катышты[35].

Форумда алтынчы сезондун мыкты жаш футболчулары сыйланышты: Конго Демократиялык Республикасынан Део Каленга Мвензе (мыкты чабуулчу), Бенин өлкөсүнөн Ямир Оуру (мыкты жарым коргоочу), Уэльстен Иван Волынкин (мыкты дарбазачы) жана Бразилиядан  Густаво Синтра Роча (баалуу оюнчу)[87].

2018-жылы “Достук үчүн футбол” программасы боюнча жаш мыкты журналист  болуп Аруба мамлекетинен Шейкали Асенсьон аталды. Ал кыз жаштарды Океаниянын экологиялык таануусун үндөө максатында атайын блог алып барат )[36].

Форумда мурунку сезондун катышуучусу Индиялык  Ананья Камбодждун китебинин презентациясы жана кол тамга берүүсү болду[37]. 2017-жылы “Достук үчүн футбол” программасынын бешинчи сезону бүткөндөн кийин Ананья “My journey from Mohali to St. Petersburg” аттуу өзүнүн жаш журналист катары катышкан тажрыйбасы жөнүндө китеп жазган. Ал китепте ааламды жакшы жагына өзгөртүүсүнө жардам берүүчү программанын Тогуз баалуулуктары жөнүндө жазып чыккан.

14-июнда “Достук үчүн футбол” аттуу Эл аралык балдар форуму бүткөндөн кийин,  жаш футболчулар жана журналисттер Орусияда өткөн FIFA 2018 дүйнө биринчилигинин ачылыш аземине  катышышты. «Лужники» стадионунда быйылкы катышкан балдар программада, 211 мамлекеттин желегин салтанаттуу түрдө көтөрүп турушкан. Бул бүткөндөн кийин “Достук үчүн футбол” жаш катышуучулары Россия менен Сауд Аравия оюнчуларынын  ачылыш оюнун көрүштү. Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин өзүнүн жанына ачылыш оюнун чогуу көрүүгө “Достук үчүн футбол” жаш элчиси Орусиялык Альберт  Зиннатовду чакырды. Ал жерде жаш футболчу дүйнө чемпиону бразилиялык Роберто Карлос менен, жана испаниялык футболчу Икер Касильяс менен жакындан таанышып сүйлөштү[38].

Москвадагы акыркы иш-чаранын катышуучулары ар кайсы дүйнөнун 211 өлкөсүнөн 1500 ден ашык балдар жана өспүрүмдөр түздү. Бардык алтынчы сезондун негизинде дүйнөнүн бардык аймактарында 180ден ашык иш-чаралар уюштурулган, жана ага 240миңден ашуун балдар катышкан[39].

2018-жылы долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алынган.  РФ Өкмөт башчысынын орун басары Ольга Голодец Эл аралык балдар форумунун катышуучуларына жана конокторуна Орусиянын президенти Владимир Путиндин кайрылуу куттуктоосун окуп берди.

Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев алтынчы Эл аралык балдар форумунун «Достук үчүн футбол» катышуучуларына жана конокторуна куттуктоо кайрылуусун жөнөттү[40].

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова 23-май күнү өткөн жыйында бүгүнкү күндө «Достук үчүн футбол» программасын коомчулук Орусиянын Эл аралык коомдук саясатын маанилүү гуманитардык компоненти катары кабыл алат[41].

FIFA да «Достук үчүн футбол» программасын салтанаттуу түрдө колдошту. Уюштуруучулар тарабынан айтылгандай, Москвада өткөн акыркы иш-чарага келген жалпы катышуучулардын жана коноктордун саны 5000 адамга жеткен[42].

Достук үчүн футбол 2019[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Достук үчүн футбол» эл аралык балдардын социалдык программасынын жетинчи сезонунун башталышы 2019-жылдын 18-мартында болуп өттү, программанын жыйынтыктоочу иш-чаралары 28-майдан 2-июнга чейин Мадрид шаарында уюштурулду.[43]

25-апрелде Футболдун жана Достуктун эл аралык күнү Европанын, Азиянын, Африканын, Түндүк жана Түштүк Американын 50дөн ашык өлкөлөрүндө белгиленди. Россия Футбол Бирлиги дагы четте калбай бул майрамга кошулду.(РФБ)[44]

30-майда Мадрид шаарында  «Достук үчүн футбол» 2019 аттуу “Газпром” ААКнын балдардын  социалдык программасынын эл аралык форуму болуп өттү. Форум дүйнөнүн төрт бурчунан келген эксперттердин башын бириктирди - футбол машыктыруучулары, балдар командаларынын дарыгерлери, жылдыздар,  ММКнын  эл аралык алдыңкы журналисттери, эл аралык футбол академияларынын жана федерацияларынын өкүлдөрү келишти.[45]

31-майда Мадридде дүйнөдөгү эң көп улуттуу футболдук машыктыруу болуп өттү. Машыктыруунун жыйынтыктары боюнча «Достук үчүн футбол» GUINNESS WORLD RECORDS® сертификатына ээ болду.[46]

Жетинчи сезондун алкагында Европадан, Африкадан, Азиядан, Түндүк жана Түштүк Америкадан келишкен 32 жаш журналист "Футбол үчүн достук" программасынын  балдардын эл аралык пресс-борборунун курамын түзүштү, мында программанын жыйынтыктоочу иш-чаралары чагылдырылып, эл аралык жана улуттук ММК менен биргеликте  материалдарды даярдоого катышты.[47]

Жетинчи сезондун катышуучулары "Ливерпуль" футболдук клубуна социалдык жактан жооптуу команда катарында "Тогуз баалуулук" кубогун  тапшырышты.(«Достук үчүн футбол»   балдардын эл аралык социалдык программасынын сыйлыгы)[48]

1-июнда Мадридде UEFA Pitch аталышындагы футбол аянтчасында жетинчи сезондун туу чокусу - «Достук үчүн футбол» Дүйнө чемпионунун финалдык матчы болуп өттү. Анын жыйынтыгына ылайык «Антигуанский Полоз» курама командасы "Тасманский Дьявол»  менен негизги убакытта 1:1 эсебинде ойноп, андан соң пенальти сериясынын жыйынтыктары боюнча жеңишке ээ болуп, баш байгени утуп алды.[49]

Достук үчүн футбол 2020[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2020-жылы «Достук үчүн футбол» сегизинчи сезонунун финалдык иш-чаралары 2020-жылдын 27-ноябрынан 9-декабрына чейин санариптик платформада онлайн форматында болуп өттү. Негизги иш-чараларга дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнөн 10000ден ашуун катышуучулар катышышты.[50]

Программанын сегизинчи сезону үчүн Football for Friendship World деген көп колдонуучулар колдонгон онлайн футбол симулятору иштелип чыгып, анын негизинде «Достук үчүн футбол» 2020 боюнча дүйнөлүк онлайн чемпионаты өткөрүлдү. Оюнду дүйнө жүзү боюнча 2020-жылдын 10-декабрынан тартып - Бүткүл дүйнөлүк футбол күнүнө карата жүктөп алууга болот. Колдонуучулар эл аралык командаларга биригип, "Достук үчүн футбол" эрежелери боюнча матчтарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Көп колдонуучусу бар оюн достук, тынчтык жана теңчилик сыяктуу программанын негизги баалуулуктарына негизделген.[51]

27-ноябрда "Достук үчүн футбол" 2020 боюнча дйнөлүк онлайн-чемпионатынын ачык чүчүкулак (жеребьевка) тартылды.[52]

28-ноябрдан 6-декабрга чейин балдарга арналган гуманитардык жана спорттук билим берүү программалары менен бирге достуктун эл аралык онлайн-лагери болуп өттү[53]

30-ноябрдан 4-декабрга чейин «Достук үчүн футбол» эл аралык онлайн форумунун сессиялары болуп, анда балдар спортун өнүктүрүүдөгү долбоорлор сунушталды. Эксперттик жюри «Достук үчүн футбол» эл аралык сыйлыгына талапкер долбоорлордун презентацияларын жогору баалады.[54]

7-8-декабрь күндөрү «Достук үчүн футбол» дүйнөлүк онлайн чемпионаты болуп өттү. Быйылкы чемпионат онлайн форматында санариптик платформада өткөрүлүп, бул үчүн Football for Friendship деген көп колдонуучусу бар футбол симулятору атайын иштелип чыккан.[55]

9-декабрда "Достук үчүн футбол" гранд финалы болуп өттү[56]

Программанын сегизинчи сезонунун өткөрүү мезгилинде БУУнун 75 жылдыгын колдоо максатында ар кайсы өлкөлөрдүн балдары үчүн веб-семинарлар болуп өттү.

Программанын сегизинчи сезонунда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан болгон фристайлчылар менен биргеликте  "Стадион мен турган жерде" деген жума сайынкы шоу башталган. Ар бир чыгарылышында фристайлчылар жаш элчилерди трюктарды аткарууга үйрөтүп, ар бир эпизоддун аягында мыкты трюкка сынак жарыяланган. Шоунун аягы глобалдык онлайн мастер-класс менен соңуна чыккан, аны менен «Достук үчүн футбол» программасы катышкан катышуучулардын саны боюнча экинчи жолу Гиннесстин дүйнөлүк рекордсменине татыган (2020-жыл 6-декабрь).

Жакшы жаңылыктардын редакциясы -  «Достук үчүн футбол» жаш журналисттер тарабынан уюштурулган жума сайынкы шоу, анда балдар дүйнөдөгү болуп жаткан позитивдүү жаңылыктарды көрүүчүлөр менен бөлүшүшкөн.

Көчө футболу боюнча эл аралык турнир [түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көчө футболу боюнча эл аралык турнир «Достук үчүн футбол» Форумунун алкагында 2014-жылдан тарта өткөрүлүүдө. Биринчи турнирдин жеңүүчүсү "Бенфика" жаштар командасы (Португалия) болду, экинчи орунду "Црвена Звезда" (Сербия), үчүнчүнү —2018 футбол боюнча дүйнөнүн чемпионатын кабыл алуучу[57] Россиянын шаарларынын курама командасы ээледи.

Эл аралык балдардын пресс-борбору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эл аралык балдардын пресс-борбору «Достук үчүн футбол» программасынын алкагында 2014-жылы уюштурулду. Анын ичине 16 өлкөнүн ичинен 12-14 жашаар 16 журналист — "Мен — репортёрмун!" аттуу улуттук чыгармачыл конкурстун жеңүүчүлөрү кирди. Конкурска 300дөн ашуун иш жана 1000ден ашуун сүрөт түштү[58]. Журналисттер «Достук үчүн футболдун» экинчи форумун Лиссабондо баяндап беришти. Мыкты репортёр болуп Нидерландыдан[59] Филомена Ханен таанылды.

«Достук үчүн футбол» Тогуз баалуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылдын 23-майында өткөн, биринчи Эл аралык балдар форуму учурунда Улуу Британия, Германия, Словения, Венгрия, Сербия, Болгария, Греция жана Россиядан келген жаш элчилер программанын биринчи сегиз баалуулугун түзүшкөн — достук, теңдик, адилеттүүлүк, ден-соолук, тынчтык, берилгендик, жеңиш жана каада-салттар — жана аларды Ачык катта көрсөтүшкөн. Кат эл аралык спорттук уюмдардын башчыларына жөнөтүлгөн: Эл аралык футбол федерациясына (FIFA), Европа футбол бирикмелер союзуна(UEFA) жана Эл аралык олимпиадалык комитетке. 2013-жылдын сентябрында Йозеф Блаттер Владимир Путин жана Виталий Мутко менен жолугушуусунда катты алгандыгы тууралу айтып, «Футбол Достук үчүндү» колдоорун жарыялаган[11].

2015-жылы «Достук үчүн футбол» программасына Кытай, Япония жана Казахстандан катышуучулар кошулган, жана алар тогузунчу баалуулукту киргизүүнү сунушташкан, ал – ар-намыс[60].

Футбол жана достуктун эл аралык күнү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Футбол жана достуктун эл аралык күнү «Достук үчүн футбол» программасынын алкагында 25-апрелде майрамдалат[61]. Биринчи жолу 2014-жылы 16 өлкөдө белгиленген[62]. Ушул күнү достук матчтары, флешмобдор, радиомарафондор, мастер-класстар, телешоу, ачык машыктыруулар жана ж.б. өттү. Майрамдоого 50 000ден ашык адам катышты[63].

2015-жылы Футбол жана достуктун күнү 24 өлкөдө белгиленген[64]. Майрамдын алкагында жолдоштук футбол матчтары жана башка иш-чаралар өткөрүлдү[65]

Достук билериги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Достук жана футболдун күнүндө бардык иш-чаралар сабырдуулуктун, теңчиликтин жана дени сак жашоонун символу болгон Достук билериктери менен алмашуу менен башталат. Билерик жашыл жана көк түстөгү эки жиптен турат, жана аны программанын баалуулуктарын коштогон каалаган адам тагына алат[66]

Пост-активдүүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Достук үчүн футбол» программасынын футболисттери расмий сезондон тышкары ар кандай иш-чараларга катышышат. 2013-жылдын майында "Марибор" футболдук клубунун (Словения) жаштар курамынын оюнчулары камбоджиялык балдар менен кайрымдуулук жолдоштук матч өткөрүштү[67]. 2014-жылынын 14-сентябрында Сочиде программанын россиялык катышуучулары ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер менен  РФ Президентинин жолугушуусунун алкагында Владимир Путин[68] менен сүйлөшүшкөн. 2014-жылдын июнунда Франциянын президенти Франсуа Олланд «Достук үчүн футбол» программасынын катышуучусу «Таверни» командасын Елисей сарайына "Франция — Нигерия" 2014 футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатынын матчын чогуу көрүүгө чакырды[69]

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 15 -сентябрь (аяк оона) 2016.
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 24 Апрель 2016.
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 24 -май (бугу) 2015.
  4. https://beta.finance.yahoo.com/news/gazprom-international-football-friendship-programme-003000251.html
  5. http://www.prnewswire.com/news-releases/young-football-players-from-24-countries-of-europe-and-asia-meet-at-third-international-childrens-football-for-friendship-forum-506472841.html
  6. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 22 -май (бугу) 2015.
  7. http://fcbusiness.co.uk/news/article/newsitem=2379/title=franz+beckenbauer+kicks+off+gazprom%92s+%91football+for+friendship%92+campaign(жеткиликсиз шилтеме)
  8. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 27 -январь (үчтүн айы) 2018.
  9. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2017.
  10. http://sputniknews.com/sport/20150610/1023169435.html
  11. 11.0 11.1 http://www.noodls.com/viewNoodl/28582380/oao-gazprom/young-football-players-from-24-countries-of-europe-and-asia-
  12. http://sputniknews.com/sport/20150610/1023169435.html
  13. 13.0 13.1 https://sputniknews.com/sport/201506101023169435/
  14. http://www.euronews.com/2016/03/25/football-for-friendship-ready-for-fourth-edition
  15. http://www.mirror.co.uk/sport/football/news/franz-beckenbauer-reveals-hes-barcelona-7695610
  16. http://www.mirror.co.uk/sport/football/news/franz-beckenbauer-reveals-hes-barcelona-7695610
  17. http://beyondsport.org/articles/fourth-season-of-gazproms-football-for-friendship-international-childrens-project-announced/
  18. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 21 -февраль (бирдин айы) 2017.
  19. 19.0 19.1 https://rbth.com/sport/2016/03/31/gazprom-soccer-project-unites-worlds-children-for-4th-year_580729
  20. http://www.beyondsport.org/articles/fourth-international-football-for-friendship-forum-brings-together-young-footballers-from-three-continents/
  21. http://www.newswire.ca/news-releases/fifth-season-of-gazproms-football-for-friendship-international-childrens-project-launched-616385764.html
  22. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 26 Апрель 2017.
  23. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 26 Апрель 2017.
  24. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 19 -май (бугу) 2017.
  25. http://finance.dailyherald.com/dailyherald/news/read/33918303/Fifth_Season_of_Gazprom's_Football_for_Friendship_International_Children's_Project_Launched
  26. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 19 -май (бугу) 2017.
  27. https://www.merrilledge.com/research/story?stryKey=600-201703161740PR_NEWS_USPRX____enUK201703165338-1
  28. 28.0 28.1 архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 24 -июль (теке) 2017. Түп булактан архивделген күнү 27 -март (жалган куран) 2019.
  29. 29.0 29.1 http://www.euronews.com/2017/07/06/football-brings-kids-together 
  30. rbth.com/sport/2015/05/15/children_from_24_countries_celebrate_day_of_football_and_friendship_46087.html
  31. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2019. Түп булактан архивделген күнү 11 Апрель 2019.
  32. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 28 Апрель 2019. Түп булактан архивделген күнү 11 Апрель 2019.
  33. https://www.sovsport.ru/others/lifestyle/articles/1058343-ih-podruzhil-futbol
  34. https://www.sport-express.ru/football/gazprom/news/yunyy-trener-iz-rossii-stal-chempionom-mira-po-futbolu-dlya-druzhby-1420530/
  35. https://www.sport-express.ru/football/gazprom/reviews/more-schastya-druzhby-i-futbola-1428124/
  36. https://www.sovsport.ru/others/lifestyle/articles/1059219-shikarnyj-futbol-krepkaja-druzhba
  37. https://www.sport-express.ru/football/gazprom/reviews/more-schastya-druzhby-i-futbola-1428124/
  38. https://www.sport-express.ru/football/gazprom/news/yunyy-posol-futbola-dlya-druzhby-vstretilsya-s-prezidentom-rossii-na-chm-v-moskve-1424143/
  39. https://www.sport-express.ru/football/gazprom/news/uchastniki-futbola-dlya-druzhby-iz-211-stran-i-regionov-pribyli-v-moskvu-1419265/
  40. government.ru/gov/persons/183/telegrams/32841/
  41. www.mid.ru/ru/press_service/spokesman/briefings/-/asset_publisher/D2wHaWMCU6Od/content/id/3231268
  42. https://www.fifa.com/worldcup/news/211-countries-and-regions-took-part-in-the-sixth-international-football-for-frie
  43. http://business.dailytimesleader.com/dailytimesleader/news/read/37931695/Football_for_Friendship_Launches_Its_Seventh_Season
  44. https://www.prnewswire.com/news-releases/international-day-of-football-and-friendship-celebrated-in-schools-around-the-world-300837486.html#:~:text=Gazprom%20Football%20for%20Friendship&text=MOSCOW%2C%20April%2025%2C%202019%20%2F,Africa%2C%20North%20and%20South%20America.
  45. https://sputniknews.com/agency_news/201905301075473427-forum-children-experts/
  46. https://www.guinnessworldrecords.com/world-records/547224-most-nationalities-in-a-football-soccer-training-session
  47. https://tass.com/press-releases/1061492
  48. https://sputniknews.com/society/201906041075611076-football-friendship-madrid/
  49. https://www.euronews.com/2019/06/06/football-for-friendship-international-programme-for-kids-breaks-records-and-teaches-sports
  50. https://footballforfriendship.com/
  51. https://sputniknews.com/sport/202011051081023614-new-football-simulator-football-for-friendship-to-be-released-on-world-football-day/
  52. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 19 -декабрь (бештин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 18 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
  53. https://footballforfriendship.com/friendship-camp/
  54. https://footballforfriendship.com/experts-forum/live-broadcast/
  55. https://footballforfriendship.com/world-championship/
  56. https://footballforfriendship.com/live-broadcast-grand-final/
  57. http://www.chelseafc.com/news/latest-news/2014/05/chelsea-foundation-youngsters-head-to-lisbon.html
  58. http://www.habermonitor.com/en/haber/detay/for-friendlies-football-scope-young-reporter/333164/
  59. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 8 -июль (теке) 2014.
  60. www.joblenobl.ru/news/287-v-ramkakh-programmy-futbol-dlya-druzhby-uchrezhden-kubok-devyati-tsennostej
  61. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 22 -май (бугу) 2015.
  62. http://rbth.com/sport/2015/05/15/children_from_24_countries_celebrate_day_of_football_and_friendship_46087.html
  63. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 22 -май (бугу) 2015.
  64. http://rbth.com/sport/2015/05/15/children_from_24_countries_celebrate_day_of_football_and_friendship_46087.html
  65. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 15 -май (бугу) 2017. Түп булактан архивделген күнү 22 -май (бугу) 2015.
  66. http://sputniknews.com/art_living/20150512/1022037520.html
  67. http://sport.rbc.ru/article/172216/
  68. http://en.kremlin.ru/events/president/news/19222
  69. http://www.leparisien.fr/politique/mondial-2014-hollande-invite-deux-clubs-amateurs-a-l-elysee-pour-france-nigeria-28-06-2014-3960541.php