Мазмунга өтүү

Каниметов, Абдырай Каниметович

Википедия дан

Каниметов Абдырай Каниметович – мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз ССР эт-сүт өнөр-жай министри (1984–86), Кыргыз ССР мамлекеттик агроөнөр-жай комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, министр (1986–87). Каниметов Абдылданын бир тууган иниси.

Кыскача өмүр баяны

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каниметов Абдырай 24-август 1932-ж. Ысык-Көл өрөөнү, Жети-Өгүз районундагы Шалбаа (азыркы Тилекмат) айылында туулган. Айыл-чарба илимдеринин кандидаты. Айылдык мектептин 7-классын аяктагандан кийин, окуусун Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы А. С. Пушкин атындагы орто мектепте (азыркы №5 Улуттук компьютердик гимназия) уланткан. 1949–54-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтунун ветеринария факультетинин студенти. Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусундагы Он-Арча (Коммунизм колхозу) айылында участкалык ветврач (1954), Загорск (азыркы Сергиев Посад) шаарындагы Бүткүл союздук канаттуулардын илимий-изилдөө жана технологиялык интитутунун (Всероссийский научно-исследовательский и технологический институт птицеводства – ВНИТИП) аспиранты, Кыргыз Улуттук ИАсында кенже илимий кызматкер (1958). 1958–60-жылдары Сокулук районундагы Ат-Башы асыл тукум бакма канаттуулар заводунда башкы зоотехник, 1960–67-ж. Кыргыз ССР мал-чарба жана ветеринария илим-изилдөө институтунда бөлүм башчы, илимий тажырыйба тармагынын (опытное хозяйство) директору. 1967–73-ж. Айыл-чарба министрлигинде илимий-пропагандалоо башкармалыгынын башчысы, 1975–78-ж. Кыргыз ССР канаттуулар илимий-өндүрүү бирикмесинин (Сокулук району, М. Фрунзе атындагы айыл) генералдык директору. Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасынын (Кошоев Темирбек Кудайбергенович) биринчи орун басары (1978–82), Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (1982–84). Беш автордук күбөлүктүн ээси, бир монография, 80ге жакын илимий макаланын автору. 31-июль 1987-ж. күтүлбөгөн жерден кайтыш болгон.

Түпкү ата-теги Тагай бийден тарайт. Тагай бийден Сарыбагыш (Кылжыр), андан Дөөлөсбакты, андан Манап бий, Манаптан Сүтөй, Сүтөйдөн Сарысейит бий, андан Үчүкө баатыр, андан Маматкул бий, андан Болот бий, андан Эсенкул баатыр, андан Назар, андан Ботаалы баатыр, андан Дадабай, андан Канимет. Тилекматтын уулу Чыныбай уезд башчысынын жардамчысы болуп турганда, Нарынга бара жатып, Ботаалы баатырдын айылына атайын кайрылып, саяк Алыбек баатырдын колго түшкөнү тууралуу анын өз оозунан уккан жана бугу-сарыбагыш урууларын ынтымакка чакыруу максатында Ботаалынын уулу Дадабайга кызы Сейилканды берүүгө макул болгон. 1916-жылдагы Үркүндөн кийин Дадабай шартка ылайык Ысык-Көлгө келип туруп калган.

Аялы; Каниметова Кира Исаковна – 1937-ж. туулган. Кызы; Эркин – 1958-ж. туулган. Уулдары; Темирбек (1959), Тургунбек (1960), Айбек (1972).

Сыйлыктары. Наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

" Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалы (22. 03. 1966).

" Ардак белгиси" ордени (25. 12. 1976).

Колдонулган адабияттар:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым шилтемелер:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манап бийдин тарыхы Archived 2011-10-11 at the Wayback Machine
Б. Солтоноев Эсенкул бийдин туулганы жөнүндө(жеткиликсиз шилтеме)
Кыргыздар Archived 2011-10-11 at the Wayback Machine