Кыргызстан жез рудалары

Википедия дан

Жез рудалары республиканын аймагында кеңири таралган, анын 1000ден ашык кени жана кенчелери белгилүү.

Алардын 80% накта жез, калган 20% комплекстүү руда болуп эсептелет. Жез рудалары негизинен контакт-метасоматоз (скарн), гидротерм жана стратиформ жолдору менен пайда болгон. Контакт-метасоматоз жез рудалары Соңкөл (Кумбел), Чаткал (Боземчек), Чандалаш ( Курутегерек) кырка тоолорунан табылган. Бул рудалардын заттык курамы өтө татаал. Анткени минерал пайда болуу процессинде темир, жез, молибден, алтын, висмут, платина ж. б. минералдашуулар үстү-үстүнө кошумчаланып турган. Жездин гидротерм жолу менен пайда болгон кенчелери интрузия, эффузия жана чөкмө тоотектеринде кварц, кальцит жана халькопириттен турган майда тарамчалар түрүндө кезигет. Стратиформ жолу менен пайда болгон жездин кенчелери Талас Алатоосундагы венд (Кызылбел, Элчи) жана карбон ( Шамшы, Кегети, Экичат), бор (Чоң Алай) мезгилдеринин түрдүү түстөгү формацияларында бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]