Токой зоналары

Википедия дан

Токой зоналары - табигый ландшафттарда токой басымдуулук кылган географиялык зоналар.

Алар экватор, тропик, субтропик жана мелүүн алкактарда болот. Экватор Токой зоналары экватордун эки жагы боюнча түштүк Америка, түштүк-Чыгыш Азия жана Океания аралдарында таралган. Мында табигый процесстер сезонго бөлүнбөйт. Туруктуу жогорку температурасы, жаан-чачындын молдугу, латерит топурагы жана дайыма жашыл, нымдуу экватордук токою менен мүнөздөлөт.

Тропик алкактарынын Токой зоналары Флориданын түштүгүндө (АКШ), Вест-Индия, Борбордук жана түштүк Америка, Африка менен Австралиянын чыгышында жана Океаниянын айрым аралдарында кездешет. Латерит топурагы, нымдуу тропиктик климаты, токой өсүмдүгү мүнөздүү. Нымдын таралышына карата 2 зоначага (нымдуулугу туруктуу тропик токою, нымдуулугу сезондуу тропик токою) бөлүнөт. Субтропик алкактарынын Токой зоналарында кышы жумшак, өсүмдүктүн вегетациясы токтолбойт.

Үч зоначага (гемигилей, муссондук аралаш токой, жайы кургак жер ортолук деңиздик токой жана бадал) бөлүнөт. Гемигилей ашыкча нымдуу аймакта (АКШнын түштүк-чыгышы, Бразилия бөксө тоосунун түштүгү, Африканын түштүк-чыгышы, Жаңы Зеландия аралынын түндүгү) таралган. Жылдык жаан-чачыны 1000 ммден ашык, дайыма жашыл жана жайында жашыл токой, Кызыл күрөң, сары, кызыл топурак мүнөздүү.

Муссондук аралаш токой негизинен Азия, түндүк жана түштүк Америка, Австралия материктеринин чыгыш чет жакаларында жайгашкан. Климаты жылуу. Токой өсүмдүгүнүн ар түрдүүлүгү (Чыгыш Кытайда 20 миң) менен айырмаланат. Жер ортолук деңиздик жайы кургак токой жана бадалдар негизинен Жер Ортолук деңиздин аймагында кездешет.

Жайы ысык (18-28°С), кышы салкын (4-12°С), жылдык жаан-чачыны 500-1000 мм, тоолордо 2000 мм. Ксерофилдүү дайыма жашыл токой, кызыл жана сары топурак мүнөздүү. Мелүүн алкактардын Токой зоналары Евразиянын, түндүк жана түштүк Американын, Тасманиянын жана Жаңы Зеландиянын жаан-чачындан буулануу көп болгон аймактарында жайгашкан.

Эң суук айларда абанын орт. температурасы -40°Сден 5°Сго чейин, эң жылуу айларыныкы 10°-20°С. Жылдык жаан-чачыны түздүктө 300-1000 мм. тоолордо 2500-3500 мм. Мында башка зоналарга салыштырганда токой дарагынын түрү (5-8) аз.

түндүк жарым шардагы кышы аяздуу материктин чыгыш жана ички бөлүгүндө ийне жалбырактуу токой (карагай, кызыл карагай, мырза карагай, көк карагай), аларга аралаш кайың, көк терек ж. б. осот. Материктин океанга жакын бөлүктөрүндө жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, липа ж. б.) кездешет. тоолордо токой жыгачтарынын түрү бийиктик алкактуулук боюнча өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.