Мазмунга өтүү

Энелердин өлүмү

Википедия дан

Энелердин өлүмүкош бойлуу жана төрөгөн аялдардын арасындагы өлүмдөрдүн санын чагылдырган көрсөткүч. Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү - тике жана кыйыр себептерден улам каза болгон энелердин тирүү көз жарган энелердин санына болгон катышы (100 000 энеге). Пекин иш-аракеттер платформасынын (ПИП)[1] 89-111-пункттарында аялдардын саламаттыкты сактоо тармагындагы, ошондой эле энелер менен балдарды коргоо жаатындагы көйгөйлөргө атайын көңүл бурулат. Так ушул нерселерге көз салууда энелердин өлүмү негизги көрсөткүчтөрдүн бири.

Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн статистикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасында акыркы он жылдыкта энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү туруктуу мүнөздө жогору болуп, төмөндөбөй жатат. Учурда Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң жогору. Акыркы он жылдыкта мамлекеттеги энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн коэффициенти 100 миң аман-эсен көз жарган энеге 47 төмөн түшкөн жок, мындай көрүнүш 2015-жылы белгиленген улуттук көрсөткүчтөн бир кыйла ашып түшөт (100 миңге 15,7)[2]. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, Ысык-Көл дубанында энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү эң жогору т.а. 100 миң аман-эсен көз жарган аялга 55,8 өлүм учурлары туура келет; ал эми Баткен дубанында - 56 жана Нарын дубанында - 43,4. 1990-2010-жж. аралыгында энелердин өлүмүнүн коэффициентинин орточо бир жылдагы төмөндөө темпи 0,2% түздү[3]. 2008-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдик саламаттыгын коргоо улуттук стратегиясы жүзөгө ашырылгандыгына карабастан мындай көрсөткүчтөр али да болсо кездешүүдө[4].

Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн себептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын медициналык-маалыматтык борборунун берген маалыматы боюнча, энелердин өлүмүнүн негизги себептери - төрөттөн кийин кансыроо (34,5%), гипертензиялык бузулуулар (15,5%), сепсис (8,6%) жана экстрагениталдык оорулар (22,4%)[5]. Мындай көрсөткүчтөр аялга кош бойлуу учурунда, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин талапка ылайык кам көрүлүшүнө жана көзөмөлдөнүшүнө түздөн-түз байланыштуу. Алсак, төрөттөн кийин кансыроо аз кандуулук менен шартталат. Демек, аялдын кош бойлуу учурунда тамактануусу начар болуп, ден-соолукка пайдалуу азыктар жетишсиз болгон. Кыргызстандагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрүнүн жогору болгондугунун дагы бир себеби - энелердин саламаттыгын сактоо боюнча иш-чаралардын жетиштүү деңгээлде каржыланбагандыгы. Натыйжада, төрөт учурунда аялга жардам берүү боюнча материалдык-техникалык базага, ысык жана муздак суу, электр жана жылуулук жана канализациялык тутум менен камсыз кылууга байланыштуу көйгөйлөр алигиче чечилбей келет[6]. Заманбап медициналык жабдуулар, лабораториялык анализдер үчүн медициналык материалдар менен камсыздалбагандык, ошондой эле облустук жана райондук деңгээлдерде квалификацияланган акушер-гинекологдордун, неонатологдордун, анестезиолог-реаниматологдордун жетишсиздиги жана башка жерлерге көчүп кетүүлөрү кырдаалды ого бетер начарлатат[7].

Энелердин өлүмүн экономикалык, социалдык жана маданий факторлор сыяктуу бир катар себептер шарттайт. Алардын арасында ички жана тышкы миграциянын өсүшү. Так ушундай шарттарда кош бойлуу аялдар медицина кызматкерлеринин көз жаздымында калып калышат. Ушуну менен катар, кош бойлуу аялдар жана энелердин үй-бүлөнү жана кош бойлуулукту пландаштыруу жөнүндө билиминин жана кабардарлыгынын төмөндүгүн, ошондой эле начар тамактанууларын да белгилей кетүү керек. Кыргыз Республикасындагы жашы жете элек кыздардын арасында эне болгондор күндөн күнгө көбөйүүдө. Бул көрүнүштү да өзүнчө көйгөй катары кароо керек.

Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсү да каралып жаткан көйгөйгө таасирин тийгизбей койгон жок. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасында дүйнөлүк климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр байкала баштады, алардын катарында суунун жетишсиздиги жана какырап ээн калган жерлердин көбөйүшү, экстремалдуу метеорологиялык кубулуштардын көбөйүшү, жергиликтүү экотутумдардын бузулушу, электр кубатынын туруксуз өндүрүлүшү жана туруксуз жеткирилиши. Ушунун баары энелердин саламаттыгына кедергисин тийгизбей койбойт[8].

Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнө каршы күрөшүү чаралары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасында энелердин өлүмүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Алсак, 2006-жылдан бери 2006-2015-жж. Кыргыз Республикасынын калкынын репродуктивдик саламаттыгын сактоо боюнча улуттук стратегия жүзөгө ашырылып келүүдө. Анда энелердин коопсуздугу, өспүрүмдөрдүн репродуктивдик саламаттыгы, репродуктивдик органдырынын рагы, ВИЧ/СПИД каршы күрөшүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана күрөшүү артыкчылыктуу багыттар катары белгиленген[9]. 2008-жылы 2008-2017-жж. Перинаталдык жардамды жакшыртуу программасы кабыл алынып, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча эң негизги стратегия чөлкөмдөштүрүү принциптери аркылуу майнаптуу перинаталдык кам көрүүнү жайылтуу, далилдүү медицина принциптеринин негизинде акушердик жана неонатология жаатындагы протоколдор менен жетектемелерди өздөштүрүү болуп саналат[10]. Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү ушул программада төрөтканалардын 63% катышат.

2012-жылдын июль айында КРнын Өкмөтү жана БУУнун Өлкөлүк командасы - UNCT Миңжылдык өнүгүү максаттарын (МӨМ) өнүктүрүү боюнча БУУнун атайын жумушчу тобу тарабынан сунушталган "МӨМ тездетүү түзүмү" деп аталган куралды колдонуу чечимин кабыл алышкан. МӨМ тездетүү түзүмү МӨМнын максаттуу көрсөткүчтөрүн орундатууда көйгөйлүү чөйрөлөрдү аныктап, категорияларга бөлүштүрүп, чечим кабыл алуу процессин "тездетүүдө" колдоо көрсөтөт. Кыргыз Республикасында МӨМ тездетүү тутуму таасир эте турган негизги объект - МӨМ 5 "Энелерди коргоону жакшыртуу" максаты болуп калды. Бул багытта абал кыйыныраак, себеби бул максатты орундатуу оңой эмес. MAF социалдык жана медициналык коргоо кызматтарын толук кандуу пайдалана албаган аялдардын аярлуу топторунун кызыкчылыктарын коргоп, ушул социалдык топтун сапаттуу кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейткенге аракет кылат. Адатта, ушул багыттагы иш-чараларды мамлекеттик органдар, жарандык тармак, жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке менчик тармагынын өкүлдөрү аткарышат. Бул демилгенин аркасы менен Кыргыз Республикасы энелерди коргоо жаатындагы учурдагы кырдаалды терең талдап, энелердин өлүмүнө байланыштуу көйгөйлөрдү улуттук деңгээлге көтөрүп чыгып, Кыргыз Республикасында Миңжылдык өнүгүү максаттарын 5 орундатууну тездетүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу менен, аны 2012-2016-жж. Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо боюнча "Ден соолук" улуттук программасын жүзөгө ашыруу планына кошо алды[11].

  1. Пекин иш-аракеттер платформасы 1995-жылдын 4-15-сентябрында болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясында кабыл алынган.
  2. ЦАПЗ (2012). Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү тенденцияларга көз чаптыруу, 2012-жыл. [Электрондук ресурс]: URL: www.hpac.kg
  3. Ошол эле жерде.
  4. 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо улуттук стратегиясы. 2006-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №387 Жарлыгы менен бекитилген.
  5. ЦАПЗ (2012). Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү тенденцияларга көз чаптыруу, 2012-жыл. [Электрондук ресурс]: URL: www.hpac.kg
  6. КРнын ЖКнин депутаты Д.А.Ниязалиеванын доклады «Материнское здоровье» / Азиядагы парламентарийлердин өлкөнүн калкы боюнча биринчи форуму, 2012-жылдын 30-октябры. [Электрондук ресурс]: URL: http://www.kenesh.kg/Articles/13440-(жеткиликсиз шилтеме)... po _narodonaseleniyu.aspx
  7. Ошол эле жерде.
  8. Кыргыз Республикасы: Миңжылдык өнүгүү максаттарын орундатуудагы жетишкендиктер тууралуу үчүнчү отчет. – Бишкек, 2013.
  9. 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо улуттук стратегиясы. 2006-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №387 Жарлыгы менен бекитилген.
  10. 2008-2017-жж. Кыргыз Республикасында перинаталдык жардамды жакшыртуу программасы 2008-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин №315 Жарлыгы менен бекитилген.
  11. 2012-2016-жж. Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо боюнча "Ден соолук" улуттук программасы. 2012-жылдын 24-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №309 токтому менен бекитилген.
  • 1. Trends in Maternal Mortality: 1990 to 2008. Estimates developed by WHO, UNICEF, UNFPA and The World Bank. World Health Organization 2010; http://www.countdown2015mnch.org/reports-and-articles/2012-report Archived 2014-06-11 at the Wayback Machine
  • 2. Trends in Maternal Mortality: 1990 to 2010. Estimates developed by WHO, UNICEF, UNFPA and The World Bank. World Health Organization 2012.
  • 3. Базарбаев К (2014). Пекин декларациясын жана Иш-аракеттер платформасын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын үчүнчү улуттук серептөөсү [Электрондук ресурс]. – http://www.unwomen.org/~/media/.../kyrgyzstan_review_beijing20_en.ashx(жеткиликсиз шилтеме)
  • 4. КРнын ЖКнин депутаты Д.А.Ниязалиеванын «Энелердин ден-соолугу» доклады. Азиядагы парламентарийлердин өлкөнүн калкы боюнча биринчи форуму, 2012-жылдын 30-октябры. URL: http://www.kenesh.kg/Articles/13440-...po(жеткиликсиз шилтеме) _narodonaseleniyu.aspx
  • 6. Кыргыз Республикасы: Миңжылдык өнүгүү максаттарын орундатуудагы жетишкендиктер тууралуу үчүнчү отчет. – Бишкек, 2013.
  • 7. 2012-2016-жж. Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо боюнча "Ден соолук" улуттук программасы. 2012-жылдын 24-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №309 токтому менен бекитилген.
  • 8. 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо улуттук стратегиясы. 2006-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин №387 Жарлыгы менен бекитилген.
  • 9. Пекин иш-аракеттер платформасы. 1995-жылдын 4-15-сентябрында болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясында кабыл алынган. [Электрондук ресурс]. URL: http://www.un.org/womenwatch/daw/beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf
  • 10. 2008-2017-жж. Кыргыз Республикасында перинаталдык жардамды жакшыртуу программасы 2008-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин №315 Жарлыгы менен бекитилген.
  • 11. 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы калктын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо улуттук стратегиясы ("Ден-соолук-2020). 2014-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №306 токтому менен бекитилген.
  • 12. ЦАПЗ (2012). Кыргыз Республикасындагы энелердин өлүмүнүн көрсөткүчтөрү тенденцияларга көз чаптыруу, 2012-жыл [Электрондук ресурс]: URL: www.hpac.kg