Климат: нускалардын айырмасы
40-сап: | 40-сап: | ||
[[Кыргызстан|Кыргызстандын]] аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан [[континенттик климат]] үстөмдүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан ага климаттык бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү. |
[[Кыргызстан|Кыргызстандын]] аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан [[континенттик климат]] үстөмдүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан ага климаттык бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү. |
||
=== Кёппен боюнча === |
=== Кёппен боюнча === |
||
[[Файл:Koppen-Geiger Map World present.svg|thumb|Кёппен |
[[Файл:Koppen-Geiger Map World present.svg|thumb|Кёппен боюнча климаттын классификациясы]] |
||
[[Файл:BlueMarble monthlies animation.gif|thumb|Мезгилдик өзгөрүүлөр. НАСАнын 2004-жылкы глобалдык сүрөттөрүнүн анимациясы]]Дүйнөдө Кёппен Владимир Петровичтин (1846—1940) классификациясы кеңири жайылган. Анын негизи катары температура менен нымдылууктун деңгээли алынган. Классификация көп жолу өркүндөтүлгөн. Г. Т. Треварттын редакциясында боюнча климат беш классына бөлүнөт. Ар бир климаттын температурасынын, кышкы жана жайкы жаан-чачын көлөмүнүн көрсөткүчтөрү так көрсөтүлгөн. Бул белгилүү бир аймактын климатын белгилүү бир климаттын типине бөлүштүрүүнү жеңилдетет, ошондуктан Кёппендин классификациясы кеңири жайылган. |
[[Файл:BlueMarble monthlies animation.gif|thumb|Мезгилдик өзгөрүүлөр. НАСАнын 2004-жылкы глобалдык сүрөттөрүнүн анимациясы]]Дүйнөдө Кёппен Владимир Петровичтин (1846—1940) классификациясы кеңири жайылган. Анын негизи катары температура менен нымдылууктун деңгээли алынган. Классификация көп жолу өркүндөтүлгөн. Г. Т. Треварттын редакциясында боюнча климат беш классына бөлүнөт. Ар бир климаттын температурасынын, кышкы жана жайкы жаан-чачын көлөмүнүн көрсөткүчтөрү так көрсөтүлгөн. Бул белгилүү бир аймактын климатын белгилүү бир климаттын типине бөлүштүрүүнү жеңилдетет, ошондуктан Кёппендин классификациясы кеңири жайылган. |
||
{| class="wikitable" |
{| class="wikitable" |
20 май 2021, саат 16:10 учурдагы нуска
Климат — белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими. Климат метеорологиялык параметрлердин кеңири диапазону менен мүнөздөлөт. Климатты климатология илими изилдейт.
Окумуштуулар климаттын бир нече ондогон жылдар аралыгындагы абалын белгилөө үчүн «климаттык ченем» деген түшүнүктү киргизишкен. Эл аралык метеорологиялык уюмдун аныктамасы боюнча 30 жыл — бул климатты аныктоо үчүн тийиштүү пайдаланылган убакыт.
Климат жаратуучу факторлор:
- жер бетине күндүн нур агымынын тийүүсү;
- негизги катмарынын орографикалык өзгөчөлүктөрү (аймактын рельефи);
- атмосферанын жалпы айлануусу[1].
Этимология
«Климат» деген түшүнүк байыркы грек тилиндеги «клима» — жантайюу деген маанинидеги сөзүнөн жаралган. Байыркы гректер бөлөк аймактардын аба ырайынын өзгөчүлүгүн күн нурунун жер бетине кыйгач тийиши менен байланыштырышкан. Мисалы, ысык алкактарда Күн нуру жер бетине тик, мелүүн алкактарда бир кыйла кыйгыч түшөт, ал эми Түндүк жана Түштүк уюлдарда Күн бир нече ай бою көрүнбөй да калат.
Климат жаратуучу факторлор
Климат системасынын компоненттери жана климаттын жаралышына, анын өзгөрүшүнө таасир эткен ар кандай процесстер, тышкыларга жана ичкилерге бөлүнөт.
Тышкы факторлор:
- Күндүн радиациясы;
- атмосфера курамынын өзгөрүүлөрү;
- океандардын формасынын өзгөрүшү;
- ж.б.
Ички факторлор:
- атмосферанын океан, жер жана муз менен өз ара аракеттенүүсү;
- муз менен океандын өз ара аракеттенүүсү;
- атмосферанын газ жана аэрозоль курамынын өзгөрүшү;
- булуттуулук, кар жана өсүмдүктөрдүн катмары, рельеф жана континенттердин контурлары[2].
Климаттын классификациясы
Алисов боюнча
Советтик климатолог Алисов Борис Петровичтин (1891-1972) классификациясы боюнча катардардагы климаттык алкактары бар: уюлдук, субуюлдук, мелүүн, субэкватордук, экватордук, субтропикалык, тропикалык. Ээлеген аймагы бооюнча макроклимат, мезоклимат, микроклимат, аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук жана башка климаттарга ажыратылат. Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.
Кыргызстандын аймагы мелүүн климаттык алкактын чөл зонасынан орун алган; жалпысынан континенттик климат үстөмдүк кылат; Кыргызстан тоолуу болгондуктан ага климаттык бийиктик боюнча өзгөрүүсү да мүнөздүү.
Кёппен боюнча
Дүйнөдө Кёппен Владимир Петровичтин (1846—1940) классификациясы кеңири жайылган. Анын негизи катары температура менен нымдылууктун деңгээли алынган. Классификация көп жолу өркүндөтүлгөн. Г. Т. Треварттын редакциясында боюнча климат беш классына бөлүнөт. Ар бир климаттын температурасынын, кышкы жана жайкы жаан-чачын көлөмүнүн көрсөткүчтөрү так көрсөтүлгөн. Бул белгилүү бир аймактын климатын белгилүү бир климаттын типине бөлүштүрүүнү жеңилдетет, ошондуктан Кёппендин классификациясы кеңири жайылган.
Биринчи тамга | Экинчи тамга | Үчүнчү тамга |
---|---|---|
A (тропикалык) | f (нымдуу) | |
m (муссондук) | ||
s (саванна, кургак жай менен) | ||
w (саванна, кургак кыш менен) | ||
B (кургак) | W (чөл) | |
S (талаа) | ||
h (ысык) | ||
k (суук) | ||
C (мелүүн) | w (кургак кыш менен) | |
s (кургак жай менен) | ||
f (кургак мезгили жок) | ||
a (ысык жай) | ||
b (жылуу жай) | ||
c (суук жай) | ||
D (кентиненттик) | w (кургак кыш менен) | |
s (кургак жай менен) | ||
f (кургак мезгили жок) | ||
a (ысык жай) | ||
b (жылуу жай) | ||
c (суук жай) | ||
d (аябай суук кыш) | ||
E (уюлдук) | T (тундра) | |
F (көп жылдык тоң) |
Климаттын өзгөрүшү
Булактарга шилтемелер
- ↑ https://www.landuse-ca.org/wp-content/uploads/2019/06/2018-05-29_Klimatphenol_CAMP_KG.pdf
- ↑ http://nvsu.ru/ru/Intellekt/1134/Grebenyuk%20G.N.,%20Hodzhaeva%20G.K.%20Meteorologiya%20i%20klimatologiya%20-%20Uch-prakt%20posobie%20-%202012.pdf