Климат: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
7-сап: 7-сап:


== Этимология ==
== Этимология ==
[[Файл:BlueMarble monthlies animation.gif|thumb|Мезгилдик өзгөрүүлөр. НАСАнын 2004-жылкы глобалдык сүрөттөрүнүн анимациясы|222x222px]]«Климат» деген түшүнүк байыркы грек тилиндеги «клима» — Күн нурунун жер бетине жантайюу деген сөзмө-сөз маанидеги сөзүнөн жаралган. Башкача айтканда «клима» ― Күн нурунун жер бетине тийишинин бурчу. Байыркы гректер бөлөк [[Кеңдик|кеңдиктердеги]] аймактардын климаттык өзгөчүлүгүн «клима» менен жана күндүн узактыгы менен ченешкен<ref>http://nvsu.ru/ru/Intellekt/1134/Grebenyuk%20G.N.,%20Hodzhaeva%20G.K.%20Meteorologiya%20i%20klimatologiya%20-%20Uch-prakt%20posobie%20-%202012.pdf</ref>.
«Климат» деген түшүнүк байыркы грек тилиндеги «клима» — Күн нурунун жер бетине жантайюу деген сөзмө-сөз маанидеги сөзүнөн жаралган. Башкача айтканда «клима» ― Күн нурунун жер бетине тийишинин бурчу. Байыркы гректер бөлөк [[Кеңдик|кеңдиктердеги]] аймактардын климаттык өзгөчүлүгүн «клима» менен жана күндүн узактыгы менен ченешкен<ref>http://nvsu.ru/ru/Intellekt/1134/Grebenyuk%20G.N.,%20Hodzhaeva%20G.K.%20Meteorologiya%20i%20klimatologiya%20-%20Uch-prakt%20posobie%20-%202012.pdf</ref>.


Кыргыз тилине «климат» сөзү орус тилинен өзгөрбөй келген. Ал сөз орус тилине француз тилиндеги «climat» сөзүнөн келген.
Кыргыз тилине «климат» сөзү орус тилинен өзгөрбөй келген. Ал сөз орус тилине француз тилиндеги «climat» сөзүнөн келген.


== Климат жаратуучу факторлор ==
== Климат жаратуучу факторлор ==
[[Файл:Күндүн нурлары.svg|thumb|Экваторго башка кеңдиктерге караганда Күндүн нуру тик тийгендиктен, Күндүк энергиясы көбүрөөк жыштыгы менен экваторго жайылат. Экватордон алыстагындан соң Күн нуру жер бетине кыйгачыраак тийгип баштайт. Ошондуктан ошондой эле Күндүн энергиясынын бөлүгү экватордон тышкары чоңурак аймакка жайылат. Андан тышкары атмосферага нурдун кыйгач кириши анын атмосферадан өткөн жолун узартат. Андан Күн агымынын бир аз бөлүгү атмосферадан таралып жерге жетпей калат]]Глобалдык климатты астрономиялык жана географиялык факторлор аныкташат.
[[Файл:Күндүн нурлары.svg|thumb]]Глобалдык климат астрономиялык жана географиялык факторлор аныкташат.


Астрономиялык факторлор:
Астрономиялык факторлор:

21 май 2021, саат 21:26 учурдагы нуска

Жер. 1972-жылы

Климат — белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими. Климат метеорологиялык параметрлердин кеңири диапазону менен мүнөздөлөт. Климатты климатология илими изилдейт.

Окумуштуулар климаттын бир нече ондогон жылдар аралыгындагы абалын белгилөө үчүн «климаттык ченем» деген түшүнүктү киргизишкен. Эл аралык метеорологиялык уюмдун аныктамасы боюнча 30 жыл — бул климатты аныктоо үчүн тийиштүү пайдаланылган убакыт.

Ээлеген аймагы бооюнча макроклимат, мезоклимат, микроклимат, аба ырайынын мүнөзүнө карай ысык, мелүүн, суук, континенттик, деңиздик, тоо, уюлдук жана башка климаттарга ажыратылат. Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.

Этимология

«Климат» деген түшүнүк байыркы грек тилиндеги «клима» — Күн нурунун жер бетине жантайюу деген сөзмө-сөз маанидеги сөзүнөн жаралган. Башкача айтканда «клима» ― Күн нурунун жер бетине тийишинин бурчу. Байыркы гректер бөлөк кеңдиктердеги аймактардын климаттык өзгөчүлүгүн «клима» менен жана күндүн узактыгы менен ченешкен[1].

Кыргыз тилине «климат» сөзү орус тилинен өзгөрбөй келген. Ал сөз орус тилине француз тилиндеги «climat» сөзүнөн келген.

Климат жаратуучу факторлор

Экваторго башка кеңдиктерге караганда Күндүн нуру тик тийгендиктен, Күндүк энергиясы көбүрөөк жыштыгы менен экваторго жайылат. Экватордон алыстагындан соң Күн нуру жер бетине кыйгачыраак тийгип баштайт. Ошондуктан ошондой эле Күндүн энергиясынын бөлүгү экватордон тышкары чоңурак аймакка жайылат. Андан тышкары атмосферага нурдун кыйгач кириши анын атмосферадан өткөн жолун узартат. Андан Күн агымынын бир аз бөлүгү атмосферадан таралып жерге жетпей калат

Глобалдык климатты астрономиялык жана географиялык факторлор аныкташат.

Астрономиялык факторлор:

  • Күндүн жаркыроосу;
  • Күн системасындагы Жердин жайгашы жана кыймылы;
  • Жердин айлануу огунун орбита тегиздигине жантайышы;
  • Жердин өз огунун айланасында айлануу ылдамдыгы;
  • заттын космос мейкиндиктеги тыгыздыгы.

Географиялык факторлор:

  • Жердин чоңдугу жана салмагы;
  • тартылуу күчүнүн көрсөткүчү;
  • атмосферанын салмагы жана курамы;
  • материктердин жана океандардын жайгашуусу;
  • жердин жана океан түбүнүн рельефи;
  • океандын салмагы жана суусунун курамы.
  • жер үстүнкү катмардын мүнөздөмөсү (топурак, өсүмдүк, муз, кар катмарлары)[2].

Климаттын классификациясы

Алисов боюнча

Алисов боюнча климаттын классификациясы

Советтик климатолог Алисов Борис Петровичтин (1891-1972) классификациясы боюнча катардардагы климаттык алкактары бар: уюлдук, субуюлдук, мелүүн, субэкватордук, экватордук, субтропикалык, тропикалык.

Кёппен боюнча

Кёппен боюнча климаттын классификациясы

Дүйнөдө Кёппен Владимир Петровичтин (1846—1940) классификациясы кеңири жайылган. Анын негизи катары температура менен нымдылууктун деңгээли алынган. Классификация көп жолу өркүндөтүлгөн. Г. Т. Треварттын редакциясында боюнча климат беш классына бөлүнөт. Ар бир климаттын температурасынын, кышкы жана жайкы жаан-чачын көлөмүнүн көрсөткүчтөрү так көрсөтүлгөн. Бул белгилүү бир аймактын климатын белгилүү бир климаттын типине бөлүштүрүүнү жеңилдетет, ошондуктан Кёппендин классификациясы кеңири жайылган.

Климаттардын кодторунун кыскача мүнөздөмөсү
Биринчи тамга Экинчи тамга Үчүнчү тамга
A (тропикалык) f (нымдуу)
m (муссондук)
s (саванна, кургак жай менен)
w (саванна, кургак кыш менен)
B (кургак) W (чөл)
S (талаа)
h (ысык)
k (суук)
C (мелүүн) w (кургак кыш менен)
s (кургак жай менен)
f (кургак мезгили жок)
a (ысык жай)
b (жылуу жай)
c (суук жай)
D (кентиненттик) w (кургак кыш менен)
s (кургак жай менен)
f (кургак мезгили жок)
a (ысык жай)
b (жылуу жай)
c (суук жай)
d (аябай суук кыш)
E (уюлдук) T (тундра)
F (көп жылдык тоң)

Климаттын өзгөрүшү

 Бул бөлүмдү жакшыртуу керек. Википедия көмөгүңүзгө муктаж.

Булактарга шилтемелер

  1. http://nvsu.ru/ru/Intellekt/1134/Grebenyuk%20G.N.,%20Hodzhaeva%20G.K.%20Meteorologiya%20i%20klimatologiya%20-%20Uch-prakt%20posobie%20-%202012.pdf
  2. http://szf.aviamettelecom.ru/wp-content/uploads/2014/02/%D0%9C%D0%B5%D1%82%D0%B5%D0%BE%D1%80%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B8%D1%8F-%D0%B8-%D0%BA%D0%BB%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B8%D1%8F.pdf

Адабият