Мазмунга өтүү

Кыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарында

Википедия дан
Туусу, оюндарда колдонулат
ЭОК коду: KGZ
УОК:Кыргызстан улуттук олимпиада комитети
Париждеги Олимпиада оюндары
Спортчулар 16  спортчу 5 спорттун түрү боюнча
Туучу (ачылышында)
Эрлан Шеров
Елизавета Печерских[1][2]
(жабылышында)
Акжол Махмудов
Айсулуу Тыныбекова
Медалдар Алтын Күмүш Коло Баардыгы

Оруну: 68


0


2


4


6
Жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу
1996  • 2000  • 2004  • 2008 • 2012  • 2016  • 2020  • 2024  • 2028  • 2032
Кышкы Олимпиада оюндарынын катышуучусу
1994  • 1998  • 2002  • 2006 • 2010  • 2014  • 2018  • 2022  • 2026  • 2030
О. эле

Кыргызстан 2024 жайкы Олимпиада оюндарына спорттун 5 түрү боюнча 16 спортчусу менен катышат, олимпиада комитети бул мелдешке спорттун 11 түрү боюнча 30 спортчуга жолдомо алууну пландалган[3]. Кыргызстан эгемен тарыхында сегизинчи жолу олимпиада оюндарына катышуусу.

Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлдан 11-августка чейин Франциянын Париж шаарында өткөн[4]. Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн туусун дзюдо боюнча спортчу Эрлан Шеров менен суучул Елизавета Печерских көтөрүп өткөн[5][6]. Эл аралык олимпиада комитети гендердик теңчиликти сактоо үчүн тууну эркек менен аял бирге көтөрүп чыксын деген чечимди кабыл алган[1]

Катышуучу курамдар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спорттун түрү 
Эркектер  Аялдар Баардыгы
Бокс 1 0 1
Жеңил атлетика 0 1 1
Дзюдо 2 0 2
Күрөш 7 3 10
Сууда сүзүү 1 1 2
Баардыгы 11 5 16
Медаль Спортчулар Спорттун түрү Спорттун багыты Датасы
Күмүш
1 Мээрим Жуманазарова Күрөш 2-орун (эркин, 68 кг) 6-август
2 Мунарбек Сейитбек уулу Бокс 2-орун (57 кг) 10-август
Коло
1 Жоламан Шаршенбеков Күрөш 3-орун (грек-рим, 60кг) 6-август
2 Акжол Махмудов Күрөш 3-орун (грек-рим, 77кг) 7-август
3 Үзүр Жусупбеков Күрөш 3-орун (грек-рим, 97 кг) 7-август
4 Айсулуу Тыныбекова Күрөш 3-орун (эркин, 62 кг) 10-август

Кыргызстан олимпиадалык турнирге бир мушкерди киргизди. Мунарбек Сейитбек уулу (эркектер арасында эң жеңил салмакта) 2024-жылы Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Олимпиаданын квалификациялык турнирде квота боюнча мелдеште жолдомо ала алган.

Спортчу Категориясы 1/16 финал 1/8 финал Чейрек финал Жарымфинал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Мунарбек Сейитбек уулу — 57 кг м/э

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Родригес
(CUB)
Ж 3—2

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Харви
(USA)
Ж 5—0

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Ибаньес
(BUL)
Ж 4—1

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Халоков
(UZB)
У 0—5

2-орун

Жеңил атлетика

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Note — Жеңил атлетика боюнча мелдештерде берилген наамдар спортчунун жарышына гана тиешелүү.
  • Q = Кийинки турга жолдомо алгандар.
  • q = Квалификациялык максатка жетпестен талаа позициясы боюнча мелдеште эң тез утулгандар.
  • NR = Улуттук рекорд.
  • N/a же ж/э = Раунд мелдештерде колдонулбайт, жеткликтүү эмес
  • Bye же м/э = Спортчу раундга катышууга милдеттүү эмес.

"World Athletics" Париж оюндарында марафонго катышкандардын акыркы тизмесин 11-майда жарыялаган. Олимпиадалык стандарт эркектер үчүн 2 саат 8 мүнөт 10 секунд, аялдар үчүн 2 саат 26 мүнөт 50 секунд.

Кыргызстандын курама командасынын жөө күлүктөрү бул стандартты аткара албай, "Universality Places" системасы боюнча квота алышкан. Эгерде өлкөнүн бирдиктүү стандарт ээси жок болсо, анда ал катышуучуну үч аралыктын бирине — 100 метр, 800 метрге же марафонго киргизе алат.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынан спортчу Сардана Трофимова олимпиадалык квота алган[7]. Трофимова 2022-жылы Кыргызстандын атынан катышууга укук алган. Бул анын дебюттук Олимпиадасы.


Спортчу Аралыгы Финал
Убактысы Оруну
Сардана Трофимова Марафон 2:26:47 (NR) 14

2024-жылы 28-майда Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Парижде таймашка чыга турган спортчулардын тизмесин жарыялаган. Анда Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмакта дүйнөлүк рейтингде 33-орунду ээлеген. Тизмеде 17 биринчи орунду ээлеген спортчулар түз лицензия ала алышкан. Ал эми 5 спортчу континенталдык квота алса, анын бири Айбек уулуна тийген. Кыргызстандык спортчу үчүн бул Олимпиада анын карьерасындагы дебюту болот.

90 килограммга чейинки салмак ченинде Эрлан Шеров БАЭде өткөн дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынып, жаңыланган рейтинг боюнча 4-орунду ээлеп, түз жолдомо алган.[8].

Спортчулар Категориясы 1/16 финал 1/8 финал Чейрек финал Жарымфинал Финал Оруну
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Кубанычбек Айбек уулу — 66 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Ядов
(UKR)
У 0—11

алдыга жылган эмес 17
Эрлан Шеров — 90 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Сильва
(CUB)
Ж 10—00

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Мосахлишвили
(ESP)
У 00—10

алдыга жылган эмес 9

Айпери Медет кызы[9] жана Айсулуу Тыныбекова [10]. 2023-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда беш эң мыкты көрсөткүчкө ээ болуп, олимпиада оюндарга жолдомо алышкан[11][12]. Эрназар Акматалиев менен Бекзат Алмаз уулу 2024-жылы, 19-апрелде Бишкекте өткөн Азиянын күрөш боюнча жолдомолук турнирде Олимпиадага катышуу укугуна ээ болушкан[13].

Аныктама

  • VT (рейтинг упайлары: 5–0 же 0–5) – Таза жеңиш (туше).
  • VB (рейтинг упайлары: 5–0 же 0–5) – Жараат боюнча жеңиш (VF жеңилүү үчүн, VA чыгуу же дисквалификация үчүн)
  • PP (рейтинг упайлары: 3–1 же 1–3) – Упайлар боюнча чечим – техникалык упайлары менен утулган.
  • PO (рейтинг упайлары: 3–0 же 0–3) – Чечим упайлар боюнча – техникалык упайлары жок жеңилген.
  • ST (рейтинг упайлары: 4–0 же 0–4) – Чоң артыкчылык – техникалык упайлары жок жеңилген жана 8 (грек-рим) же 10 (эркин) упайдан кем эмес жеңиш маржасы.
  • SP (рейтинг упайлары: 4–1 же 1–4) – Техникалык артыкчылык – техникалык упай жана 8 (грек-рим) же 10 (эркин) упайдан кем эмес жеңиш маржасы менен утулган адам.
Эркин күрөш
Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Бекзат Алмаз уулу — 57 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Картбай
(KAZ)
Ж 4—1

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Ли
(USA)
У 2—12

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Цзоу
(CHN)
Ж 7F—4

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Абдуллаев
(UZB)
У 1—5

5
Эрназар Акматалиев — 65 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Мусукаев
(HUN)
У11—0

алдыга жылган эмес 12
Айаал Лазарев — 125 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Заре
(IRI)
У 0—5

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Дхеси
(CAN)
Ж 5F—0

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Акгүл
(TUR)
У 0—7

5
Айсулуу Тыныбекова — 62 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Колаволе
(NGR)
Ж 5—1

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Миракл
(USA)
Ж 6—6

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Коляденко
(UKR)
У 9—2

м/э

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Пуревдорж
(MGL)
Ж 6—6

3-орун
Мээрим Жуманазарова — 68 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Дельгермаа
(MGL)
Ж 8—3 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Одзаки
(JPN)
Ж 8—6 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Оборудуду
(NGR)
Ж 3—1 PP

м/э

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Элор
(USA)
У 0—3

2-орун
Айпери Медет кызы — 76 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Ван
(CHN)
Ж 4—1

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Ритика
(CAN)
Ж 1—1

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Блейдс
(USA)
У 6—8

м/э

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Марин
(CUB)
У 0—6

5
Грек-рим күрөшү
Спортчулар Категориясы 1/8 финал Чейрек финал Жарым финал Жубатуучу раунд Финал Оруну
Адаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Атаандашы
Жыйынтыгы
Жоламан Шаршенбеков — 60 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Султангали
(KAZ)
Ж 6—3 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Арнаут
(ROU)
Ж 9—0 ST

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Фумита
(JPN)
У 3—4 PP

м/э

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Мохсеннежад
(IRI)
Ж 3—1

3-орун
Амантур Исмаилов — 67 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Зоидзе
(GEO)
Ж 12—1 ST

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Насибов
(UKR)
У 6—7 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Немеш
(SRB)
Ж 8—0 ST

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Жафаров
(AZE)
У 0—8

5
Акжол Махмудов — 77 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Бей
(USA)
Ж 4—1 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Жадраев
(KAZ)
У 1—3 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Куэро
(COL)
Ж 9—0 ST

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Сулейманов
(AZE)
Ж 6—5

3-орун
Үзүр Жусупбеков — 97 кг

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Венцкайтис
(LTU)
Ж 5—1 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Сарави
(IRI)
У 0—8 ST

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Рау
(USA)
Ж 9—4 PP

Желек, Оюндарда колдонуучу өлкөлөр Габр
(EGY)
Ж 2—1

3-орун

2023-жылы Петрашов Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында катышкан. 22-июлда 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө, жарым финалга чейин жетип, Кыргызстандын жаңы рекорду 59,91 секунд көрсөткөн. 23-июлда жарым финалда ал өзүнүн жыйынтыгын жакшыртып, бирок финалга чыга алган эмес – 59,78 секунд. Бул аралыкта лицензия алуунун стандарты 59,79 секундду түзөт.

2023-жылы 20-сентябрда Эл аралык сууда сүзүү федерациясы Петрашов Олимпиадага жолдомо алганын расмий тастыктаган[14][15]. 2024-жылы 4-июлда, квота боюнча жолдомо суучул Елизавета Печерскихке берилген[16].

Спортчулар Аралыгы Квалификациялык этап Жарым финал Финал
Убактысы Оруну Убактысы Оруну Убактысы Оруну
Денис Петрашов 100 м брасс 1:00.42 23 алдыга жылган эмес
200 м брасс 2:10.99 16 2:10.19 14 алдыга жылган эмес
Елизавета Печерских 50 м эркин сүзүү 26.26 30 алдыга жылган эмес

Денис Петрашов 27-июлда 100 метр аралыкта брасс ыкмасы боюнча мелдешке чыгып, квалификациялык этапта 23-орунду ээлеген. 30-июлда 200 метр аралыкты сүзүп, алдын ала жарыштардын жыйынтыгында 16-орунга ээ болуп, жарым финалга чыккан. Спортчу Кыргызстандын тарыхында Олимпиада оюндарында жарым финалга чыккан биринчи сууда сүзүүчү болду. Жарым финалда сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу жыйынтыгын жакшыртып, 14-орунду ээлеген.

Кошумча маалыматтар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын кийимин ата мекендик дизайнерлердин командасы: Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Владимир Арановский жана Нурсултан Муратов «SONUN» бренди алдында иштеп чыгышкан. Форма кызыл түстө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин түсүн чагылдырат. Парадтык жана спорттук форманы Кытайлык «361° Degrees» компаниясы тарабынан жасалып чыгарылган[17].

Кыргызстандык олимпиадачылардын байге фонду төмөнкү сандарды түзөт, Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, сыйлыктардын өлчөмү 2020 жайкы Олимпиада оюндарында жеңүүчүлөргө төлөнүүчү сыйлыктардан төмөн болбойт[18].

Медалдар Жеке Командалык
Сом Курс Доллар Сом Курс Доллар
1-орун Алтын с10 миллион 1$ — 85,3с $117,2 миң 0 0 0
2-орун Күмүш с7 миллион 1$ — 85,3с $82 миң 0 0 0
3-орун Коло с5 миллион 1$ — 85,3с $58,6 миң 0 0 0
  1. 1.0 1.1 Эрлан Шеров, Леброн Джеймс, Ма Лон и другие знаменосцы сборных на Олимпиаде в Париже (орусча). «Sport.kg» (27 -июль (теке) 2024).
  2. Paris 2024: Opening ceremony flagbearers information. International Olympic Committee. Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2024.
  3. Кыргызстан 2024-жылкы Олимпиадага канча жолдомо алууну пландап жатат?. Sputnik.kg. Текшерилген күнү 25 Апрель 2023.
  4. Париж объявлен столицей летних Олимпийских игр 2024 года (13 -сентябрь (аяк оона) 2017). Архивировано из первоисточника 21 -январь (үчтүн айы) 2021. Текшерилген күнү 11 -декабрь (бештин айы) 2019.
  5. Flagbearer for Kyrgyzstan national team at Paris Olympic Games named. AKIpress news. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2024.
  6. Париж Олимпиадасы: Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрүп өтөт. Баракелде. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2024.
  7. Road to Paris 2024: Women's marathon. World Athletics.
  8. Эрлан Шеров поднялся на 4 место в олимпийском рейтинге. Sport AKIpress. Текшерилген күнү 28 -май (бугу) 2024.
  9. Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды (ky), azattyk.kg (19 September 2023).
  10. Олимпиада-2024. Кыргызстанка Айсулуу Тыныбекова завоевала путевку на Игры (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  11. Aisuluu Tynybekova earns Paris Olympics berth (англ.). AKIpress (21 September 2023).
  12. Айпери Медет кызы завоевала путевку на Олимпийские игры в Париже (орусча). Sport AKIpress. Текшерилген күнү 19 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  13. Борцы Эрназар Акматалиев и Бекзат Алмаз уулу завоевали лицензии на Олимпиаду в Париже! (орусча). Sport.kg. Текшерилген күнү 19 Апрель 2024.
  14. Сууда сүзүүчү Денис Петрашов Париж Олимпиадасына жолдомо алды (кырг.). Super.kg. Текшерилген күнү 20 -сентябрь (аяк оона) 2023.
  15. Swimmer Denis Petrashov earns Paris Olympics berth (en), AKIpress (21 September 2023).
  16. Суучул Елизавета Печерских Олимпиадага жолдомо алды (кырг.). Reporter.kg. Текшерилген күнү 4 -июль (теке) 2024.
  17. Парадная форма Кыргызстана и других стран на Олимпиаде (орусча). Kaktus.media. Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2024.
  18. Призовые на Олимпиадах: сколько заплатят за медали на Играх (орусча). 24.kg. Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2024.